Редакцияот 10.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ

ТОКТОМ

2015-жылдын 10-июну № 31/1

“Банк-резидент эмес тарабынан өз филиалына капитал бөлүү тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Банк-резидент эмес тарабынан өз филиалына капитал бөлүү тартиби жөнүндө” жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 27-апрелиндеги № 12/8 “Банк-резидент эмес тарабынан өз филиалына капитал бөлүү тартибин” бекитүү жөнүндө” токтом күчүн жоготкон катары таанылсын. 

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы бул токтом менен республиканын коммерциялык банктарын тааныштырсын. 

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.  Орозбаевага ыйгарылсын. 

 

Төраганын милдетин аткаруучу

Н. Жениш