Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-июну № 35/5
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 43-беренесине, "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамдын 11 жана 39-1-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 11-мартындагы № 12/6 "Банктардын капиталынын (өздүк каражаттарынын) минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-1, 1-2, 1-3 жана 2-пункттары күчүн жоготкон катары таанылсын.
2. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/1 "Коммерциялык банктардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
төмөнкү мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1. Жаңыдан түзүлүп жана иштеп жаткан коммерциялык банттар үчүн капиталдын (өздүк каражаттардын) минималдуу өлчөмү боюнча экономикалык ченем (банк-резидент эместердин филиалдарынын өздүк каражаттарына карата талаптарды кошо алганда) 2016-жылдын 1-июлунан тартып иштеп жаткан коммерциялык банктар үчүн белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнөн аз болбогон көлөмдө белгиленсин.".
3. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 14-июнундагы № 19/3 "Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 11-мартындагы № 12/6 "Банктардын капиталынын (өздүк каражаттарынын) минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтомунун 1-2-пункттарын чечмелөө (түшүндүрмө берүү) жөнүндө" токтому күчүн жоготкон катары таанылсын.
4. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 11-мартындагы № 12/6 "Банктардын капиталынын (өздүк каражаттарынын) минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтому 2016-жылдын 1-июлунан тартып күчүн жоготкон катары таанылсын.
5. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- токтомдун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн аны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж.Орозбаевага ыйгарылсын.
Төрага | Т. Абдыгулов |