Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-июлу № 38/4
Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүргүзүү саясатынын бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 3, 7 жана 43-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө", "Кыргыз Республикасында лицензиялоо-уруксат берүү иши жөнүндө" мыйзамдарына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүргүзүү саясаты (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 23-мартындагы № 7/8 "Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк саясатын бекитүү жөнүндө" токтому, ушул токтом күчүнө кирген учурдан тартып күчүн жоготкон катары таанылсын.
4. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин бул токтомдун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
5. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн, төлөм системасынын операторлорун жана төлөм уюмдарын, республиканын коммерциялык банктарын тааныштырсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж.Жеенбаевага ыйгарылсын.
Төрага | Т. Абдыгулов
|