Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-февралындагы № 93 токтомуна) |
Сапаты жана коопсуздугу боюнча белгиленген талаптарга шайкеш келбеген кооптуу тамак-аш продукциясын утилдештирүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө жобо
Көңүл буруңуздар! Главалардын нумерациясы түп нускага ылайык берилди.
Бул Жобо сапаты жана коопсуздугу боюнча белгиленген талаптарга шайкеш келбеген тамак-аш продукциясын (анын ичинде азык-түлүк (тамак-аш) сырьесун) (мындан ары - кооптуу тамак-аш продукциясы) калктын өмүрүн жана саламаттыгын, айлана-чөйрөнү коргоо жана Кыргыз Республикасынын аймагында аларды колдонбоо максатында утилдештирүү жана жок кылуу тартибин аныктайт.
Бул Жобонун колдонуу максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
тамак-аш продукциясынын коопсуздугу - адамга жана келечек муундарга жол берилгис зыяндуу таасири менен байланышкан коркунучтардын жок экендигинен кабар берген тамак-аш продукциясынын абалы;
тамак-аш продукциясын өндүрүүчү - сатып алуучуларга (керектөөчүлөргө) сатуу үчүн тамак-аш продукциясын өзүнүн атынан өндүргөн (даярдаган) жана ал продукциянын белгиленген талаптарга шайкеш келүүсүнө жооптуу болгон уюштуруу-укуктук формасына карабай уюм же жеке ишкерлер, анын ичинде чет өлкөлүктөр;
алып салуу - белгиленген талаптарга шайкеш келбеген тамак-аш продукциясын сатууга жана жүгүртүүгө жол бербөө чарасы;
жаныбарлардан алынган иштетилбеген тамак-аш продукциясы - азык берүүчү жаныбарлардын бардык түрлөрүнүн кайра иштетүүдөн өтпөгөн (иштетилбеген) бүкүлү эти, алардын бөлүктөрү (анын ичинде каны жана субпродуктулары), чийки сүт, майсыз чийки сүт, чийки каймактар, балчылык продукциясы, жумуртка жана жумуртка продукциясы, суу биологиялык ресурстарынын кармалган балыктары жана аквакультура продукциясы;
кооптуу тамак-аш продукциясы - мүнөздөмөлөрүн жана керектөөчүлүк касиеттерин эске алуу менен сатууга жана колдонууга жараксыз деп таанылган, адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө коркунуч жаратуучу тамак-аш продукциясы;
кайтарып алуу - белгиленген талаптарга шайкеш келбеген сатылган тамак-аш продукциясын кайтарып берүүнү камсыздоо чарасы;
тамак-аш продукциясы - накталай, иштетилген же кайра иштетилген түрдө жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн, микробиологиялык, минералдык, жасалма же биотехнологиялык жол менен алынган, адамдардын тамак-ашка колдонуусуна багытталган продуктулар, анын ичинде адистештирилген тамак-аш продукциясы, идиштерге куюлган ичүүчү суу, ичүүчү минералдык суу, алкоголдук продукция (анын ичинде пиво жана пиво негизиндеги суусундуктар), алкоголсуз суусундуктар, биологиялык активдүү кошулмалар (БАК), сагыз, угут жана баштапкы микроорганизмдер, ачыткы, тамак-аш кошулмалары жана ароматизаторлор, ошондой эле азык-түлүк (тамак-аш) сырьесу;
сатуучу - тамак-аш продукциясын сатып алган жана кайра саткан чарба жүргүзүүчү субъект;
азык-түлүк (тамак-аш) сырьесу - тамак-аш продукциясын өндүрүүдө (даярдоодо) пайдаланылуучу жаныбарлардан, өсүмдүктөрдөн, микробиологиялык, минералдык, жасалма же биотехнологиялык жол менен алынуучу азыктар жана ичүүчү суу;
кооптуу тамак-аш продукциясын жок кылуу - утилдештирүүнүн ыкмасы, белгиленген талаптарга шайкеш келбеген тамак-аш продукциясын адамга жана жаныбарларга жана айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизбей турган, пайдаланууга жана колдонууга мүмкүн болбогон абалга келтирүү;
өндүрүүчүнүн ыйгарым укуктуу адамы - Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык жеке ишкер катары катталган юридикалык же жеке жак, ал өндүрүүчү, анын ичинде чет өлкөлүк өндүрүүчү менен түзүлгөн келишимдин негизинде тамак-аш продукциясынын шайкештигин баалоодо (ырастоодо) жана Кыргыз Республикасынын аймагына жүгүртүүгө чыгарууда өндүрүүчүнүн атынан иш жүргүзөт жана тамак-аш продукциясынын белгиленген талаптарга шайкеш келбегендиги үчүн жоопкерчилик тартат;
ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - белгиленген талаптардын сакталышына мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар;
белгиленген талаптар - Бажы бирлигинин, Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринде жана Кыргыз Республикасынын тамак-аш коопсуздугун камсыздоо жаатындагы укуктук ченемдик актыларында тамак-аш продукциясынын сапатына жана коопсуздугуна коюлган талаптар;
шарттуу түрдө жарактуу тамак-аш продукциясы - түздөн-түз пайдаланууга жараксыз болгон тамак-аш продукциясы;
тамак-аш продукциясын утилдештирүү - Бажы бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкеш келбеген тамак-аш продукциясын башка максатта пайдалануу, же адамга, жаныбарларга жана айлана-чөйрөгө терс таасирин бербегендей башка максаттарга колдонуу жана ошондой эле тамак-аш продукциясын Бажы бирлигинин техникалык регламенттеринин белгиленген талаптарына шайкеш келбеген колдонуу жана пайдаланууга жараксыз абалга келтирүү;
фальсификацияланган тамак-аш продукциясы - курамы, касиеттери жана мүнөздөмөлөрү атайын өзгөртүлгөн (жасалма) тамак-аш продукциясы, алар жөнүндө маалымат, анын ичинде тамак-аш продукциясынын маркировкасында көрсөтүлгөн маалымат атайылап толук эмес же анык эмес болот, ошондой эле шайкештигин баалоо (тастыктоо) боюнча жасалма документтер менен коштолот;
чарба жүргүзүүчү субъект - тамак-аш продукциясын өндүрүүчү (жеткирүүчү), ээси, даярдоочунун же сатуучунун ыйгарым укуктуу адамы болуп саналган чарбалык иштин катышуучусу.
2. Жалпы жоболор
2. Белгиленген талаптарга шайкеш келбеген алып салынган жана (же) чакыртылып алынган тамак-аш продукциясы сапатсыз жана кооптуу болуп саналат жана утилдештирүүгө/жок кылынууга тийиш.
3. Сапатсыз жана кооптуу тамак-аш продукциясын өндүрүүгө, сатып алууга, ташып келүүгө, Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө, жүгүртүүгө жана сатууга жол берилбейт.
4. Белгиленген талаптарга шайкеш келбеген кооптуу тамак-аш продукциясы тиешелүү изилдөө (сыноо) жүргүзүлбөстөн жок кылынууга тийиш, эгерде:
- ветеринария, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Бажы бирлигинин, Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринде каралган байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуучу жана тамак-аш продукциясынын белгиленген талаптарга шайкештигин ырастаган документтер жок болсо;
- тамак-аш продукциясы байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуучу жана тамак-аш продукциясынын белгиленген талаптарга шайкештигин ырастоочу жасалма документтер менен коштолсо;
- тамак-аш продукциясынын жарактуулук мөөнөтү өтүп кетсе.
5. Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген жана бажылык тариздөө этабында же Кыргыз Республикасынын чек арасынан өтүү учурунда кооптуу болуп таанылган тамак-аш продукциясы өткөрүлбөйт же Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык товарларды жок кылуунун бажы жол-жоболорунан өткөрүү үчүн алып салынат.
6. Алып салынган кооптуу тамак-аш продукциясы, аны утилдештирүү же жок кылуу мүмкүндүгү же ыкмасы жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн зарыл болгон мезгилге "Алып салынган, сатууга болбойт" деген жазуусу менен өзүнчө жайда (кампада, муздаткычтарда, өз алдынча камераларда) чарба жүргүзүүчү субъектте убактылуу сакталууга тийиш.
Алып салынган кооптуу тамак-аш продукциясын уруксатсыз алууга тыюу салынат.
Алып салынган кооптуу тамак-аш продукциясы кылдат эсепке алынат жана анын сакталышына чарба жүргүзүүчү субъект жооптуу болот.
Кооптуу тамак-аш продукциясын убактылуу сактоонун чектүү мөөнөтү утилдештирүү/жок кылуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 15 календардык күндү түзөт.
3. Кооптуу тамак-аш продукциясын утилдештирүү жана жок кылуу тартиби
7. Тамак-аш продукциясын пайдаланууга, колдонууга жараксыздыгы жана анын адамдын өмүрүнө, саламаттыгына жана айлана-чөйрөгө кооптуулугунун фактылары аныкталган учурда тамак-аш продукциясынын жараксыздыгын белгилеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тамак-аш продукциясынын ошол партиясын утилдештирүү/жок кылуу зарылдыгы жөнүндө көрсөтмөнү тариздейт.
8. Кооптуу тамак-аш продукциясын жаныбарларга тоют катары колдонуу мүмкүндүгү жөнүндө чечим ветеринария тармагындагы мамлекеттик контролдоону (көзөмөл) жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат.
9. Чарба жүргүзүүчү субъект кооптуу тамак-аш продукциясын жаныбарларга тоют катары пайдаланууга тапшыргандан кийин 3 күндүк мөөнөттө аны андан ары колдонгон уюм тарабынан утилдештирилген тамак-аш продукциясы кабыл алынганын ырастоочу документти же анын көчүрмөсүн ветеринария тармагындагы мамлекеттик контролдоону (көзөмөл) жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү.
10. Эгерде пайдаланууга жараксыз болгон, адамдарга жана жаныбарларга оору пайда кылуу жана жайылтуу, айлана-чөйрөнү булгоо коркунучун жаратуучу тамак-аш продукциясы утилдештирилүүгө/жок кылынууга тийиш болгон учурларда чарба жүргүзүүчү субъект кооптуу тамак-аш продукциясын утилдештирүү/жок кылуу зарылдыгы жөнүндө көрсөтмө берген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды утилдештирүүнүн/жок кылуунун тандалган жери, убактысы, ыкмасы жана шарттары жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлайт.
11. Кооптуу тамак-аш продукциясын утилдештирүү/жок кылуу менен байланышкан маселелер, ошондой эле кайра иштетүү технологиясын макулдашуу зарылдыгы өз компетенциясынын чегинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен түзүлгөн атайын комиссия (мындан ары - Комиссия) тарабынан чечилет.
12. Комиссиянын курамына санитардык-эпидемиологиялык бейпилдикти камсыз кылуу, ветеринария, экологиялык жана техникалык коопсуздук, айлана-чөйрөнү коргоо, айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы, ички иштер тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, кызыкдар бизнес-коомдоштору жана белгиленген талаптарга шайкеш келбеген кооптуу тамак-аш продукциясы аймагында утилденген/жок кылына турган жергиликтүү мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү кирет.
13. Комиссияны түзүү чечимин кабыл алган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы Комиссияны жетектейт. Комиссия мүчөлөрүнүн саны жети адамдан кем болбошу керек. Комиссиянын төрагасы Комиссиянын ишин жетектейт.
Комиссия керектүү адистерди, көз карандысыз эксперттерди, илимий кызматкерлерди өз ишине тарта алат.
14. Комиссиянын жыйыны кооптуу тамак-аш продукциясын/азык-түлүк (тамак-аш) сырьену утилдештирүү/жок кылуу зарылдыгы жөнүндө көрсөтмө берген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тиешелүү материалдар келип түшкөндөн кийин өткөрүлөт.
15. Комиссиянын жыйыны, эгерде анын мүчөлөрүнүн жалпы санынан үчтөн экиси катышканда ыйгарым укуктуу болуп саналат.
16. Комиссия алынган материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча материалдарды алган күндөн тартып жети жумуш күндүн ичинде ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча сапаты жана коопсуздугуна карата белгиленген талаптарга шайкеш келбеген кооптуу тамак-аш продукциясын/азык-түлүк (тамак-аш) сырьесун утилдештирүү/жок кылуу жөнүндө, же тамак-аш продукциясын белгиленген талаптарга шайкеш келиши тууралуу чечимин чыгарат.
17. Чарба жүргүзүүчү субъекттин арызы боюнча, анын каражаттарынын эсебинен, өзү тандаган Кыргыз Республикасынын аккредитацияланган лабораторияларында (борборлорунда) кошумча лабораториялык изилдөө (сыноо) жүргүзүлөт, буга жарактуу мөөнөтү өтүп кеткенден кийин экспертиза жүргүзүүгө мүмкүн болбогон, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-октябрындагы № 667 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому менен бекитилген тизмедеги продукцияга кирбейт.
18. Кооптуу тамак-аш продукциясын утилдештирүү/жок кылуу процесси чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан кооптуу тамак-аш продукциясын аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлүнүн жана Комиссия мүчөлөрүнүн катышуусунда жүзөгө ашырылат.
19. Чарба жүргүзүүчү субъекттин демилгеси менен белгиленген талаптарга шайкеш келбеген кооптуу тамак-аш продукциясын утилдештирүү/жок кылууда чарба жүргүзүүчү субъект кооптуу тамак-аш продукциясын утилдештирүүнүн ыкмаларын, шарттарын өзү тандайт.
Кооптуу тамак-аш продукциясын утилдештирүү/жок кылуу чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан түзүлгөн Комиссиянын жана утилдештирүүгө/жок кылууга жооптуу болгон уюмдун катышуусунда биргелешип ишке ашырылат.
Адамдарга жана жаныбарларга ооруну пайда кылуучу жана жайылтуучу, айлана-чөйрөнү булгоо коркунучун жаратуучу, кооптуу тамак-аш продукциясын жок кылууда Комиссиянын курамына милдеттүү түрдө мамлекеттик контролдоо (көзөмөл) органдарынын өкүлдөрү кирет.
20. Кооптуу тамак-аш продукциясын утилдештирүү/жок кылуу процесси ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча кооптуу тамак-аш продукциясын/азык-түлүк (тамак-аш) сырьесун утилдештирүү/жок кылуу актысы менен таризделет.
21. Чарба жүргүзүүчү субъект үч күндүк мөөнөттө кооптуу тамак-аш продукциясын утилдештирүү/жок кылуу зарылдыгы жөнүндө көрсөтмө берген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кооптуу тамак-аш продукциясын утилдештирүү/жок кылуу жөнүндө актысын берүүгө милдеттүү.
22. Кооптуу тамак-аш продукциясын утилдештирүүнү/жок кылууну Комиссия мүчөлөрү контролдойт.
23. Кооптуу тамак-аш продукциясын утилдештирүү/жок кылуу айлана-чөйрөнү коргоо, саламаттык сактоо жана ветеринария жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу менен техникалык жактан жеткиликтүү ыкма менен жүзөгө ашырылат.
24. Белгиленген талаптарга шайкеш келбеген кооптуу тамак-аш продукциясын утилдештирүү/жок кылуу ыкмасын тандоодо адамдарга, жаныбарларга жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин тийгизүү коркунучунун даражасы эске алынат.
25. Жок кылына турган кооптуу тамак-аш продукциясы кескин жыттануучу (керосин, фенол, хлор акиташ ж.б.) же бул кооптуу тамак-аш продукциясын башка түскө боёочу каражаттар менен денатурацияланышы зарыл.
26. Адамдарга жана жаныбарларга кооптуу болгон инфекциялуу тамак-аш продукциясын жок кылуунун алдында же жок кылуу процессинде зыянсыздандырат.
27. Кырсыктарды болтурбоо жана кооптуу тамак-аш продукциясын уурдоого жол бербөө үчүн денатурация жана зыянсыздандыруу иш-чаралары убактылуу сактоо кампаларында же атайын бөлүнгөн жерлерде Комиссиянын мүчөлөрүнүн катышуусунда жүргүзүлүүгө тийиш.
28. Кооптуу тамак-аш продукциясын сактоо, транспорттоо, лабораториялык изилдөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзүү, ташып чыгуу, ошондой эле утилдештирүү/жок кылуу жол-жоболорун ишке ашыруу менен байланышкан бардык чыгымдарды чарба жүргүзүүчү субъект тартат.
4. Корутунду жоболор
29. Бул Жобонун аткарылышын өз компетенциясынын чегинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган контролдойт.
30. Бул Жобонун талаптарын аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жооптуу адамдары Кыргыз Республикасынын эмгек, жазыктык жана жарандык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
31. Бул Жобонун талаптарын аткаруудан баш тарткан же талаптагыдай аткарбаган чарба жүргүзүүчү субъекттер Кыргыз Республикасынын жазыктык, жарандык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат жана адамдын, жаныбарлардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтурат, ал эми кооптуу тамак-аш продукциясы ушул Жободо белгиленген тартипте жок кылынат.
32. Эгерде чарба жүргүзүүчү субъект жашырынып жүрсө, же кооптуу тамак-аш продукциясынан баш тарткан учурларда, кооптуу тамак-аш продукциясын транспорттоо, утилдештирүү/жок кылуу чыгымдарына байланыштуу маселелер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясынын чегинде чечилет жана материалдар укук коргоо органдарына юридикалык баа берүү үчүн өткөрүп берилет.
33. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамынын кооптуу тамак-аш продукциясын утилдештирүү жана жок кылуу боюнча аракеттерине, ошондой эле кооптуу тамак-аш продукциясын утилдештирүү/жок кылуу зарылдыгы жөнүндөгү көрсөтмөсүнө даттануу административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
|
| Сапаты жана коопсуздугу боюнча белгиленген талаптарга шайкеш келбеген кооптуу тамак-аш продукциясын утилдештирүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Сапаты жана коопсуздугу боюнча белгиленген талаптарга шайкеш келбеген кооптуу тамак-аш продукциясын/азык-түлүк (тамак-аш) сырьесун утилдештирүү/жок кылуу жөнүндө ЧЕЧИМ (КОРУТУНДУ)
Датасы ____-жылдын "__" ___________
Кабыл алынган жери: __________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________
Атайын комиссиянын курамы: ___________________________________________________________
____________________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________
материалдарды карап чыгып, ___________________________________________________________
(ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы, документтердин тизмеги)
____________________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________ таандык
(юридикалык жактын аталышы, жеке жактын аты-жөнү)
________________________________________________________________________ катышуусунда
(өндүрүүчүнүн/ээсинин/өндүрүүчүнүн ыйгарым укуктуу адамы/сатуучунун (астын сызгыла) аты-жөнү)
____________________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________
(тамак-аш продукциясынын/азык-түлүк (тамак-аш) сырьесунун аталышы, өндүргөн өлкөсү, саны, сериясы)
____________________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________
___________ утилдештирүүгө/жок кылууга (керектүүсүн белгилөө керек) тийиш экендигин аныктады
____________________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________
(утилдештирүүнүн/жок кылуунун методу, жерин, ыкмасын көрсөтүү керек)
алдын ала денатурациялоо, зыянсыздандыруу менен ______________________________________
(кантип)
Колдору:
____________________________________________________________________________________
(атайын комиссиянын мүчөлөрү жана чарба жүргүзүүчү субъект)
|
| Сапаты жана коопсуздугу боюнча белгиленген талаптарга шайкеш келбеген кооптуу тамак-аш продукциясын утилдештирүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Кооптуу тамак-аш продукциясын/азык-түлүк (тамак-аш) сырьесун утилдештирүү/жок кылуу АКТЫСЫ
Атайын комиссиянын курамы: __________________________________________________________
(аты-жөнү, ээлеген кызматы)
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
Өндүрүүчүнүн/өндүрүүчүнүн ыйгарым укуктуу адамынын/ээсинин/сатуучунун (керектүүсүн белгилегиле) катышуусунда: ___________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
негизи _____________________________________________________________________________
(зарыл болгон документтерди көрсөтүү)
___________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
утилдештирилди/жок кылынды _________________________________________________________
(продукциянын аталышы, сериясы, чыгарган өлкөсү, өндүрүшү)
___________________________________________________________________________________
Жалпы саны: _______________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________
Колдору:
___________________________________________________________________________________
(атайын комиссиянын мүчөлөрү жана чарба жүргүзүүчү субъект)
Датасы 20__-жылдын "__" _______________