Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2016-жылдын 15-июну № 25/8
Кыргыз Республикасынын төлөм системасында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөө саясатын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине жана "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Мыйзамдын 33-беренесине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын төлөм системасында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөө саясаты (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-майындагы № 16/4 "Кыргыз Республикасынын төлөм системасында тобокелдиктерди тескөө Саясатын бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготкон катары таанылсын.
3. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Документ менен иш алып баруу башкармалыгы ушул токтом менен тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдү, областтык башкармалыктарды жана Баткен областындагы өкүлчүлүктү тааныштырсын.
6. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, төлөм системасынын операторлорун жана төлөм уюмдарын тааныштырсын.
7. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Орозбаевага ыйгарылсын.
Төрага | Т.Абдыгулов |