Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2016-жылдын 30-ноябры № 47/10
"Төлөм системасы операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кароого сунушталган "Төлөм системасы операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордун текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-мартындагы № 19/11 "Төлөм системасы операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготкон катары таанылсын.
3. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен түзүмдүк бөлүмдөрдү, областтык башкармалыктарды жана Баткен областындагы өкүлчүлүктү тааныштырсын.
6. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен республиканын коммерциялык банктарын, төлөм системасынын операторлорун жана төлөм уюмдарын тааныштырсын.
7. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж. Орозбаевага ыйгарылсын.
Төрага | Т.Абдыгулов |