ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 17/2 «Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/3»Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктар менен своп-операцияларын (эсептелинген) жүргүзүү тартиби жөнүндө«Убактылуу жобонун долбоорун бекитүү тууралуу» токтомун күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө" токтому

Редакция26.04.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ

ТОКТОМ

2017-жылдын 26-апрели № 17/2

Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/3 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктар менен своп-операцияларын (эсептелинген) жүргүзүү тартиби жөнүндө" Убактылуу жобонун долбоорун бекитүү тууралуу" токтомун күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/3 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктар менен своп-операцияларын (эсептелинген) жүргүзүү тартиби жөнүндө" Убактылуу жобонун долбоорун бекитүү тууралуу токтому" күчүн жоготкон катары таанылсын.

2. Юридика башкармалыгы:

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен республиканын коммерциялык банктарын, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Н.Жениш мырзага жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Абдыгулов