Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз
Каталог/Токтом
ТоктомКүчүндө

Кыргыз республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2017 жылдын 14 июлундагы № 237 «Ош облусунун Алай, Баткен облусунун Сүлүктү аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому.

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 237
Кабыл алынган
2017-жылдын 14-июлу
Чыгарган
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

Каттоо жана жарыялоо

Жарыялоо
газета "Эркин-Тоо" № 82 · 2017-жылдын 18-июлу
Реестрде
2017-жылдын 20-июлу

Реестрде

Минюст коду
30320

Минюсттун расмий барагы

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Редакция14,07,2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2017 жылдын 14 июлу № 237

Ош облусунун Алай, Баткен облусунун Сүлүктү аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Тиешелүү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү: Ф.К. Бегиматова,  Г.Г. Полотова, К.И. Мамутов комиссиянын курамынан, У.И. Гайбекова комиссиянын резервинен чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облусунун Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-           “Туран” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Бегиматова Фарида Кочкоровна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

-           “Республика” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Шайирбек уулу Руслан резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2.  Баткен облусунун Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-           жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Полотова Гүлдаргүл Ганыевна, Мамутов Кумарбек Исмаилович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

-           жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Гайбекова Урумхан Исмаиловна комиссиянын резервинен чыгарылсын;

-           жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Кадирова Елена Ягафаровна, Бекаева Зылалай Азамкуловна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

3.  Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук        комиссиясынын төрагасынын орун басары  А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

            :

Төрага

Н. Шайлдабекова

 

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.