Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-майы № 107
2017-жылдын 28-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 1-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарын жетекчиликке алып, шайлоодо жана референдумдарда эл аралык байкоочулардын иш тартибин аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо байкоо жүргүзүү үчүн эл аралык байкоочу катары төмөнкүлөр аккредитациялансын:
1) Стриганов Валерий Николаевич - Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын катчылыгынын информатизация башкармалыгынын начальниги;
2) Стельмах Александр Васильевич - Украинанын шайлоочуларынын мамлекеттик реестринин тескөө кызматынын жетекчиси;
3) Дашзевег Эрдэнэчулуун - Монголиянын Мамлекеттик шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
4) Шижирбаатар Энхбаатар - Монголиянын Мамлекеттик шайлоо комиссиясынын юридикалык бөлүмүнүн директору;
5) Тургынбай Сманалы Жумабайулы - Казакстан Республикасынын Кордай райондук аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы;
6) Кулибаев Марат Кулибаевич - Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Жуалин райондук аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү.
2. Аккредиттелген эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Б.Абдрахматовага жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 4-майындагы № 107 токтомунун 1-тиркемеси |
Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынан аккредиттелген эл аралык байкоочулардын ТИЗМЕСИ
№ к/н | күб. № | Байкоочуну көрсөткөн эл аралык уюм | Ф.А.А. | Өлкө | Ээлеген кызматы |
1 | 01 | Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы | Стриганов Валерий Николаевич | Украина | Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын катчылыгынын информатизация башкармалыгынын начальниги |
2 | 02 | Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы | Стельмах Александр Васильевич | Украина | Украинанын шайлоочуларынын мамлекеттик реестринин тескөө кызматынын жетекчиси |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 4-майындагы № 107 токтомунун 2-тиркемеси |
|
|
Монголия Башкы шайлоо комиссиясынан аккредиттелген эл аралык байкоочулардын ТИЗМЕСИ
№ к/н | күб. № | Байкоочуну көрсөткөн эл аралык уюм | Ф.А.А. | Өлкө | Ээлеген кызматы |
1 | 03 | Монголиянын Башкы шайлоо комиссиясы | Дашзевег Эрдэнэчулуун | Монголия | Монголиянын Мамлекеттик шайлоо комиссиясынын мүчөсү |
2 | 04 | Монголиянын Башкы шайлоо комиссиясы | Шижирбаатар Энхбаатар | Монголия | Монголиянын Мамлекеттик шайлоо комиссиясынын юридикалык бөлүмүнүн директору |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 4-майындагы № 107 токтомунун 3-тиркемеси |
|
|
Казакстан Борбордук шайлоо комиссиясынан аккредиттелген эл аралык байкоочулардын ТИЗМЕСИ
№ к/н | күб. № | Байкоочуну көрсөткөн эл аралык уюм | Ф.А.А. | Өлкө | Ээлеген кызматы |
1 | 05 | Казакстан Борбордук шайлоо комиссиясы | Тургынбай Сманалы Жумабайулы | Казакстан | Казакстан Республикасынын Кордай райондук аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы |
2 | 06 | Казакстан Борбордук шайлоо комиссиясы | Кулибаев Марат Кулибаевич |
| Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Жуалин райондук аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү |