Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-апрели № 84
2016-жылдын 11-декабрындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону жана референдумун (бүткүл элдик добуш берүүнү) өткөрүүнүн натыйжалары боюнча атайын өкүлдөрдүн жана шайлоо комиссияларынын ишинин жыйынтыктары жөнүндө
2016-жылдын 11-декабрындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону жана референдумун (бүткүл элдик добуш берүүнү) даярдоонун жана өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - БШК) 2017-жылдын 16-мартындагы № 16/НИ буйругунун негизинде, айрым аймактык шайлоо комиссияларынын жана атайын өкүлдөрүнүн ишинин натыйжасын баалоо боюнча Жумушчу топ түзүлгөн.
Жумушчу топ 2016-жылдын 11-декабрындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону жана референдумун (бүткүл элдик добуш берүүнү) даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө, айрым аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоо мыйзамдарынын бир катар бузуулары болгондугун ачыктады.
Жумушчу топтун айрым аймактык шайлоо комиссияларынын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атайын өкүлдөрүнүн ишин баалоону өткөрүүнүн натыйжалары боюнча сунуштарын эске алып, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 9-беренелерин, 20-беренесинин 2-пунктун, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө" жобосун, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобосун, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 22-декабрындагы № 77/1-НИ буйругу менен бекитилген кызматтык нускаманын 3.8, 3.12, 3.13-бөлүктөрүнүн 3-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумушчу топтун сунуштарына (тиркелет) ылайык тийиштүү аймактык шайлоо комиссиялары таркатылсын, айрым аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атайын өкүлдөрүнүн жоопкерчилиги каралсын.
2. Таркатылган аймактык шайлоо комиссияларынын жаңы курамы резервден түзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы жоопкерчиликке тартуу чараларын, ошондой эле Жумушчу топтун сунуштарында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атайын өкүлдөрүнүн ээлеген кызмат ордуна шайкештиги маселесин карасын.
4. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тийиштүү аймактык шайлоо комиссияларына жиберилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|