Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-октябры № 494
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 152 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарды жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө" Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 152 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарды жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө" Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Жобонун 22-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жалпыга маалымдоо каражаты, интернет-басылма жана/же алардын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы жазуу жүзүндөгү эскертүүнү чыгарат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бир нече жолу бузган учурда жалпыга маалымдоо каражатынын, интернет-басылманын жана/же алардын өкүлдөрүнүн аккредитациясын кайра чакыртып алууга укуктуу".
2) Жобонун 24-пунктунда "Жобонун талаптарын" деген сөздөрдөн кийин "бир нече жолу" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымдоо жөнүндө маселелер боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
КР Борборшайлоокомунун 2025-жылдын 15-августундагы № 56 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ