Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук шайлоо
комиссиясынын 2017-жылдын 13-майындагы
№114 токтому менен бекитилген
Маалыматтык шайлоо системасы жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1.1.Бул Жобо Кыргыз Республикасынын шайлоолорун жана
референдумдарын даярдоо жана өткөрүү мезгилдеринде, Маалыматтык шайлоо системасын (мындан ары-МШС) пайдалануунун жол жобосун жана тартибин, шайлоолорду жана референдумдарды даярдоодо жана өткөрүүдө МШСти пайдаланууда, МШСти эксплуатациялоодо жана өнүктүрүүдө келип чыккан мамилерди жөнгө салууну аныктайт.
1.2. МШСти пайдалануунун, эксплуатациялоонун жана өнүктүрүүнүн укуктук негизи болуп, ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз республикасынын Жогорку Кеңешин шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамдары, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиялары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарды информатизациялоо жана маалымат коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы укуктук ченемдик актылары, ошондой эле БШКнын МШСти пайдалануу, эксплуатациялоо жана өнүктүрүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актылары саналат.
2. Кыскартуулар
2.1. БШК – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефрендум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы.
2.2. МКТБ – БШКнын аппаратынын маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгы
2.3. ПТКжМКБ – МКТБнын программалык-техникалык камсыздоо жана маалымат коопсуздугу бөлүмү
2.4. МШСББ – МКТБнын МШС башкармалыгынын бөлүмү
2.5. СЭА – МКТБнын АЭУну эксплуатациялоо боюнча сектору
2.6. АШК – Аймактык шайлоо комиссиясы.
2.7. УШК – Участкалык шайлоо комиссиясы.
2.8. АСУ – Автоматтык эсептөө урнасы
2.10. МШС ПК – МШСти программалык камсыздоо.
2.11. КС – БШКнын маалыматтык коопсуздук саясаты
2. 12. МШС РЕГ – МШСти пайдалануу боюнча регламент
2.13. МТ – Маалыматтык технология
3. МШСти эксплуатациялоо жана өнүктүрүү, пайдалануу принциптери жана негизги максаттар
3.1.МШСти пайдаланууда шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиялардын ачыктыктыгын камсыз кылуу.
3.2. Шайлоочуларга, референдумдун катышуучуларына шайлоолордун жана референдумдун жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө ыкчам маалымат берүү.
3.3. Мамлекеттик бийлик органдары, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, башка адамдардын жана уюмдардын МШСтин маалымат процесстерине кийлигишүүсүнө жол берилбестиги, булар шайлоо мыйзамдарына ылайык бул процесстерге кийлигише алышпайт.
3.4. Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүүдө МШС милдеттүү колдонуу, бул максаттар үчүн МШСтин ордуна башка автоматташтырылган системаларды же маалыматтык технологияларды пайдаланууга жол берилбестиги.
3.5. Шайлоо мыйзамына ылайык, МШС маалыматтык ресурсунда кармалган маалыматтардын ачыктык системасы жана маалыматтын жеткиликтүүлүгү менен бирге, МШС маалыматтарынын коопсуздугун камсыздоо.
3.6. МШСти пайдалануу менен алынган маалыматтардын ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу.
3.7. Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө МШСти пайдаланууда, аны МШСте колдонулбаган башка маалымат системаларына жана түйүндөрүнө кошууга жол берилбестиги.
4. МШС түзүмдөрү
4.1. МШС түзүмдөрү шайлоо комиссияларынын системасына ылайык келет.
4.2. МШСтин курамына төмөнкүлөр кирет:
- БШКнын автоматташтыруу каражаттарынын комплекси;
- АШКдагы МШС ПК;
- УШКдагы АЭУ комплекси
4.3. МШС курамынын өзгөрүшү (толуктоо, модернизациялоо же айрым бөлүктөрүн, элементтерин алмаштыруу жана башка өзгөрүүлөр), МШСтин бүтүндүгүн, иштөөсүн жана коопсуздугун сактоо шарты менен МКТБ чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
БШКнын автоматташтыруу каражаттарынын комплекси
4.4. КР БШКнын автоматташтыруу каражаттары системасынын курамына төмөнкүлөр кирет:
- шайлоолор жана референдумдар жөнүндө маалыматтарды жыйноо, сактоо, берүү жана чагылдыруу функциясын аткаруучу маалыматтык шайлоо системасын программалык камсыздоо (МШС ПК);
- маалыматтарды АЭУдан БШКга берүү үчүн корголгон байланыш каналдары;
- МШС ПКны кармоо үчүн сервердик жабдуулар, жабдуулардын комплекси жана маалыматтык коопсуздукту сактоону камсыз кылуу;
4.5. МШСти уюштуруу, техникалык, маалыматтык, усулдук жана башка камсыздоону МКТБ ишке ашырат;
4.6. МШСтин маалыматтык коопсуздугун МКТБ камсыз кылат;
АШКдагы МШС ПК
4.7. АШКларда МШС ПК төмөнкүлөрдү киргизүү үчүн пайдаланылат:
- жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолордо талапкерлер жана саясий партиялар боюнча маалыматтарды;
- добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдордун маалыматтары;
4.8. АШКдагы МШС ПКны пайдалануу үчүн жоопкерчиликти тиешелүү АШКлардагы системдик администраторлор тартышат.
4.9. АШКлардагы МШСтин маалыматтык коопсуздугун тиешелүү АШКлардагы системдик администраторлор камсыздайт;
4.10. Шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде АШК системдик администраторлору МШС РЕГтин талаптарын бекем сактоого жана анын нускамалары менен иш алып барууга милдеттүү.
4.11. АШКнын системдик администраторуна башка адамга төмөнкүлөрдү берүүгө тыюу салынат:
- МШС ПКга жетүү үчүн маалыматтарды;
- МШС ПК жайгашкан жайга жетүүгө;
УШКдагы АЭУ комплекси
4.12. УШКдагы автоматташтыруу каражатынын комплекси төмөнкүдөн турат:
- негизги жана резервдеги - АЭУ;
- маалыматтарды БШКнын борбордук серверине берүү каражаты;
-үзгүлтүксүз электрдик камсыздоо каражаты.
4.13. УШКдагы АЭУнын иштөө тартиби үчүн жоопкерчиликти тиешелүү УШКнын төрагасы жана АЭУ оператору тартышат.
4.14. Төрага жана АЭУ оператору тестирлөө күнүндө жана добуш берүү күндөрүндө АЭУну инициалдаштыруу үчүн бирдей ачкычка ээ болушат.
4.15. АЭУ оператору тиешелүү УШКнын төрагасына түздөн түз баш ийет жана аны ошол участокко бекиткен учурдан тартып жана шайлоонун натыйжасы аныкталганга чейин төрагага отчеттуу болот.
4.16. Шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде АЭУнун иши үчүн жооптуулар МШС РЕГ талаптарын бекем сактап жана анын нускамаларына ылайык иш алып барууга милдеттүү.
4.17. АЭУ операторуна төмөнкү маалыматтарды башка адамдарга берүүгө тыюу салынат:
- АЭУга жетүү үчүн;
- АЭУну жөндөө боюнча;
5. МШСти пайдалануу
5.1. МШС шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү
мезгилинде маалымат процесстерин ишке ашыруу үчүн белгиленген.
5.2.МШСте шайлоочулардын катышуусу жөнүндө маалыматтарды жыйноо, жалпылаштыруу жана чагылдыруу, ошондой эле добуш берүүнүн АЭУ аркылуу алынган алдын ала натыйжалары жана кол менен эсептөөнүн негизиндеги добуш берүүнүн акыркы жыйынтыктары жүргүзүлөт.
5.3. МШС төмөнкүлөрдү өткөрүүдө пайдаланылат:
- Президентти шайлоодо;
- Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо;
- жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо;
- референдумда.
5.4. ШМСтеги добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө АЭУ аркылуу алынган маалыматтар, юридикалык күчкө ээ болбогон, алдын ала маалыматтар болуп саналат;
5.5. Добуш берүүнү МШСти пайдалануу менен даярдоо жана өткөрүү тартиби өзүнө төмөнкү этаптарды камтыйт:
- МШСте өнөктүктү даярдоо;
- добуш берүүнүн башталышы;
- добуш берүүнү өткөрүү;
- добуш берүүнү аяктоо;
- добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу;
МШСте өнөктүктү даярдоо
5.6. МШСте шайлоо өнөктүгү, шайлоо датасы дайындалгандан кийин МШСББ кызматкерлери тарабынан түзүлөт. Өнөктүктү түзүүдө төмөнкү маалыматтар киргизилет:
- шайлоонун тиби (Президентти шайлоо, ЖК депутаттарын шайлоо, Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо, референдум);
- шайлоо өнөктүгүнүн аталышы;
- добуш берүү датасы жана убактысы;
5.7. МШСББ кызматкерлери тарабынан тиешелүү өнөктүктү МШСте түзүп чыккандан төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:
- шайлоочулар боюнча статистика;
- бул өнөктүктүн шайлоо участкасы;
- катышууну чагылдыруу графиги;
- өнөктүк боюнча маалыматтардын жарыялануу датасы;
Ошондой эле төмөнкү маалыматтар да киргизилет:
- Президентти шайлоодо:
· талапкерлер боюнча.
- Жогорку Кеңештин депуттарын шайлоодо:
· саясий партиялар жана партиялык тизмелер боюнча.
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө:
· айылдык кеңештер үчүн - талапкерлер боюнча;
· шаардык кеңештер үчүн – саясий партиялар жана партиялык тизмелер боюнча.
- Референдумду өткөрүүдө:
· референдумга алып чыккан маселелер боюнча.
5.8. Өнөктүктү түзүүнүн аяктоо жыйынтыгы боюнча ар бир УШК боюнча АЭУда конфигурациялык файлдар даярдалып, АЭУга жетүү ачкычы менен бирге тиешелүү УШК төрагаларына өткөрүлүп берилет.
5.9. Тиешелүү АШКнын системдик администратору добуш берүү күнүнө чейин 10 календарлык күндөн кечиктирбестен системага төмөнкү маалыматтарды киргизет:
- шайлоо участкалары жана округдары боюнча маалыматтарды;
- жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлер жана саясий партиялардын талапкерлери боюнча маалыматтар;
- АШК жөнүндө маалыматтар;
- АШКнын байланыш маалыматтары;
- АШК курамы жөнүндө маалыматтар;
- шайлоо участокторунун номерлеринин маалыматтары;
- тиешелүү АШКга кирген, ар бир УШКнын дареги;
- ар бир УШКнын төрагасы жана катчысы жөнүндө маалыматтар;
5.10. Шайлоого даярдыктын жүрүшүндө МШСти тестирлөө өткөрүлөт.
Добуш берүүнүн башталышы
5.11. Шайлоо күнүндө, добуш берүүнүн алдында АЭУнун оператору төмөнкү иш-аракетти жасайт:
- АЭУну текшерүүнү өткөрөт, аны жарык берүүчү түйүнгө кошот;
- Жетүү ачкычынын жардамы менен АЭУ инициалдаштырат;
- тиешелүү шайлоо участогунун номерин, добуш берүү датасын жана убактысын киргизет;
- АЭУ мониторунан баштапкы (нөлдүк) отчетту басып чыгаруу функциясын тандайт, анда иштетилген бюллетендердин саны жана ар бир талапкер жыйнаган шайлоочулардын добуштарынын саны “нөл” дегенди маанини билдириши керек. Бул отчет керектүү санда басып чыгарылып, мөөр менен күбөлөндүрүлөт жана УШКнын төрагасына жана мүчөлөрүнө, УШКнын добуш берүүчү жайындагы байкоочуларга, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө берилет.
Добуш берүүнү өткөрүү
5.12. Добуш берүү 5.17. пунктунда көрсөтүлгөн учурду эске албаганда, АЭУну гана пайдалануу менен жүргүзүлөт.
5.13. Добуш берүүнү өткөрүү күнүндө, добуш берүү аяктаганга чейин, АЭУ маалыматтарды берүү түйүнүнө кошулбашы керек.
5.14. Добуш берүү учурунда, БШКнын чечими менен бекитилген убакыттын ортосунда:
- оператор монитордо добуш берүүчүлөрдүн саны боюнча маалыматтарды алат жана тиешелүү АШКнын жооптуу мүчөсүнө берет;
- тиешелүү АШКнын системдик администратору ар бир шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын катышуусу жөнүндө маалыматтарды киргизет.
5.15. Добуш берүү күнүндө шайлоочулардын катышуусу жөнүндө маалымат БШКнын чечими менен бекитилген график боюнча, БШКнын сайтында чагылдырылып турат.
5.16. Негизги АЭУ иштен чыккан учурда, резервдеги АЭУ пайдаланылат, мында АЭУ алмашылгандыгы жөнүндө УШК мүчөлөрү, талапкерлердин өкүлдөрү жана байкоочулар кол койгон тиешелүү акты түзүлөт. АЭУ алмашылган фактысы жөнүндө жогору турган шайлоо комиссияларына дароо маалымдалат. Мында катардан чыккан негизги АЭУгы бюллетендерди алып чыгуу жана эсепке алуу боюнча аракеттер, БШКнын шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүүнү уюштуруу жана анын тартиби жоболору менен жөнгө салынат.
5.17. Резервдеги АЭУ иштен чыккан учурларда, өзүнчө стационардык урна колдонулат, мында стационардык урнаны пайдалануу жөнүндө УШК мүчөлөрү, талапкерлердин өкүлдөрү, байкоочулар кол койгон тиешелүү акты түзүлөт. Резервдеги АЭУнун стационардык урнага алмаштырылгандыгы жөнүндө жогорку турган шайлоо комиссияларына дароо маалымдалат. Мында катардан чыккан негизги АЭУгы бюллетендерди алып чыгуу жана эсепке алуу боюнча аракеттер, БШКнын шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүүнү уюштуруу жана анын тартиби жоболору менен жөнгө салынат.
Добуш берүүнү аяктоо
5.18. Добуш берүү аяктагандан кийин АЭУнун оператору буларды жасашы керек:
- АЭУнун мониторунан добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү отчетту басып чыгаруу функциясын тандайт, анда иштетилген бюллетендердин саны жана ар бир талапкер же саясий партиялар топтогон шайлоочулардын добуштарынын суммардык мааниси чагылдырылат. Бул отчет керектүү санда басылып чыгарылат жана мөөр менен күбөлөндүрүлүп, УШК төрагасына жана мүчөлөрүнө, байкоочуларга жана талапкерлердин, партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө берилет;
- АЭУ корголгон байланыш каналына кошулат жана добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө маалыматтар БШКнын борбордук серверине берилет.
5.19. Шайлоо участкасында байланыш жок болуп калган учурда, маалыматтарды борбордук серверге жиберүү БШК аныктаган жакын арадагы шайлоо участкасынан жөнөтүлөт. Добуш берүү жана АЭУдагы маалыматтарды БШКнын борбордук серверине жөнөтүү аяктагандан кийин, АЭУдан алынган алдынала маалыматтар автоматтык режимде МШСтин сайтында чагылдырылат.
5.20. Шайлоо бюллетендерин кол менен эсептөө аяктагандан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протокол түзүлүп, тиешелүү АШКга өткөрүлүп берилет.
Добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу
5.21. УШКдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү протокол, анын туура түзүлгөндүгү АШКда алдын ала текшерилгенден кийин, УШКнын төрагасы жана катчысы тарабынан АШКнын системдик администраторуна МШСке кийирүү үчүн берилет.
5.22. УШКнын протоколунун маалыматтары тиешелүү АШКнын системдик администратору тарабынан тиешелүү УШКнын төрагасынын жана АШКнын жооптуу мүчөсүнүн катышуусунда МШСке киргизилет.
5.23. Эгерде протоколдун маалыматтары контролдук салыштырууга дал келбесе, анда БШК бекиткен тартипке ылайык, МШСке киргизүүдө система протоколду сактабайт жана протоколдун тиешелүү сабындагы (саптарындагы) кетирилген катанын мазмуну менен билдирүүнү чыгарат. Мындай учурда системдик администратор бул протоколду кайра текшерүү үчүн АШКга кайрып берет.
5.24. Протоколду системага кайра киргизүү, кетирилген ката жөнүндө акты же/жана тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясынын кызматкерлеринин түшүнүк каттары тиркелген АШКнын кайрылуусунун негизинде, БШКнын тиешелүү чечими кабыл алынгандан кийин гана жүргүзүлөт.
5.25. Протоколду системага киргизгенден кийин андагы маалыматтардын системага киргизилген контролук басылмасы чыгарылат, андагы маалыматтар протоколдун кагаздагы түп нускасындагы маалыматтар менен окшош болушу керек.
5.26. Маалыматтардын контролдук басылмасы 3-нускада чыгарылат жана ар бир нускасы МШСке киргизилген убактысы жана датасы көргөзүлүү менен АШКнын системдик администраторунун, АШКнын жооптуу мүчөсүнүн жана УШК төрагасынын колдору менен күбөлөндүрүлөт.
5.27. Контролдук басылманын бир нускасы АШКнын системдик администраторунда калат, экинчи нускасы участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына өткөрүлүп берилет, үчүнчү нускасы протоколдун түп нускасына тиркелип тийиштүү АШКга жөнөтүлөт.
5.28. МШСте тиешелүү шайлоо участоктору боюнча киргизилген ар бир протоколдун маалыматтары чагылдырылат.
5.29. Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары жөнүндө жыйынды протоколдорду жана жыйынды таблицаларды түзүү тартиби:
– Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө бардык УШКлар боюнча протоколдорду МШСке киргизгенден кийин, АШКнын системдик администратору тиешелүү АШК боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдордун жана жыйынды таблицалардын контролдук басылмасын басып чыгарат.
- Системадан басылып чыккан протоколдун жана жыйынды таблицанын контролдук басылмасы, тиешелүү АШКдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдун жана жыйынды таблицанын түп нускасына тиркелет.
5.30. БШК тиешелүү чечим кабыл алгандан кийин кол менен эсептөөнүн жыйынтыктарын расмий сайтка жайгаштырат.
5.31. АЭУдан алынган добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар добуш берүү аяктагандан кийин БШКнын расмий сайтына автоматтык түрдө чагылдыралат.
6. Тестирлөө
6.1. МШСти тестирлөө – МШСтин бардык комплексинин иштешин текшерүү процесси.
6.2. Шайлоо өткөрүү алдында, шайлоого даярдануу этаптарында, алдыдагы шайлоо өнөктүктөрү боюнча МШСтер милдеттүү тестирлөөдөн өткөрүлөт.
6.3. Зарылдыгына жараша, МШСти шайлоо өнөктүгүнүн түрүнүн талабы боюнча тестирлөө, шайлоолордун ортосунда жүргүзүлөт.
6.4. Тестирлөө алдында МКТБ тарабынан тестирлөө планы иштелип чыгып, БШКнын төрагасы тарабынан бекитилет, анда тестирлөөнү өткөрүүнүн мөөнөтү жана этаптары көрсөтүлөт.
6.5. Тестирлөөнү өткөрүүдө кошумча өнөктүк түзүлүп, анын тестирлөө өнөктүгү экендиги милдеттүү көрсөтүлөт.
6.6. Тестирлөөдөн өткөрүүнүн натыйжасы боюнча МКТБнын тестирлөөнүн натыйжасы жөнүндө отчету түзүлөт.
6.7. Эгерде өткөрүлгөн тестирлөөнүн натыйжасында эскертүүлөр болсо, анда аны четтетүү боюнча иштер жүргүзүлөт, четтетилгенден кийин кайра тестирлөө өткөрүлөт.
6.8. Тестирлөө аяктагандан кийин ал тестирлөө өнөктүгү ПТКжМКБнын жооптуу кызматкери тарабынан маалыматтардын базасынан жок кылынат.
7. МШСке жетүү
7.1. МШСке жетүү төмөнкүлөргө берилет:
- ОУИИС кызматкерлерине – жаңы өнөктүктү түзүү, түзүлгөн өнөктүк боюнча маалыматтарды киргизүү үчүн, добуш берүүнү жыйынтыгы жөнүндө УШКлардын пртоколдорунун маалыматын киргизүү үчүн.
- АШКнын системдик администраторлоруна – талапкерлер, шайлоочулардын катышуусу жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн жана УШКлардын протоколдорунун маалыматтарын киргизүү үчүн;
- УШКлардагы АЭУлардын операторлоруна –тестирлөө учурунда жана добуш берүү күнүндө АЭУну тейлөө алкагында иштөө үчүн;
- шайлоо өнөктүгү жөнүндө, шайлоочулардын катышуусу жана добуш берүүлөрдүн жыйынтыгы жөнүндө пайдалануучулардын МШСтин сайты аркылуу кароосу үчүн;
7.2. Катталуу жол –жоболору жана жетүүнү көрсөтүү МШС РЕГте чагылдырылат.
7.3. МШСке 7.1. пунктунда көрсөтүлгөндөн тышкары, башка максаттарда, башка кызматкерлерге кирүүгө тыюу салынат. Бул пункт бузулган учурда кызматтык иликтөө жүргүзүлөт. Кызматтык иликтөө жана текшерүү жүргүзүү МШС РЕГте чагылдырылат.
7.4. 7.3. пунктунда көрсөтүлгөн бузуу фактылары жөнүндө 24 сааттын ичинде жетекчиликке жана БШК мүчөлөрүнө маалымдалат.
8. Маалыматтык коопсуздук
8.1. МШСтин маалыматтык коопсуздугу, уюштуруу жана техникалык коргоо чараларын көрүү аркылуу, ошондой эле МШСти пайдаланууга контролдук кылуу аркылуу камсыздалат.
8.2. Негизги коргоо чаралары болуп төмөнкүлөр саналат:
- МШСке санкцияланбаган жетүүнү жокко чыгаруу;
- МШСтеги маалыматтардын түп нускасын жана бүтүндүгүн камсыздоо;
- маалыматтарды берүү үчүн корголгон каналдарды пайдалануу;
- шайлоолорду жана референдумду даярдоо жана өткөрүү алдында МШСтин даярдыгын ар тараптан атайын текшерүү;
- маалымат коопсуздугу саясатын дайыма өркүндөтүү;
- маалымат коопсуздугу саясатын, анын регламентин жана нускамаларын сактоо;
- автоматташтыруу каражаттары комплексинин сакталышын жана иштешин, камсыз кылуу боюнча уюштуруу жана өткөрүү иштерин жүргүзүү;
- МШСте маалымат коопсуздугун өнүктүрүү жана өркүндөтүү жаатында туруктуу иштерди жүргүзүү;
- МШСти экплуатациялоо укугу жөнүндө сертификаттарды берүү, кызматкерлерди даярдоо;
- МШСти эксплуатациялоо жана пайдалануу эрежесин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти белгилөө;
9. Жоопкерчилик
9.1. БШКнын, ошондой эле тиешелүү АШК жана УШКлардын жооптуу кызматкерлери, ушул Жобонун ченемдерин бекем сактоого милдеттүү. Ушул Жобонун ченемдерин бузууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
10. ШМСти өнүктүрүү
10.1. МШСтин мүнөздөмөсүн жакшыртуу жана анын функциясын кеңейтүү максатында МШСти өнүктүрүү боюнча иштер туруктуу жүргүзүлөт.
10.2. МШСти өнүктүрүү МШСти пайдалануунун натыйжалуулугун жакшыртууга, жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана коомчулуктун шайлоо процессинин жүрүшүнө жана шайлоо жыйынтыгын чыгарууга контролдук кылуусуна багытталган.
10.3. Өнүктүрүү багытын аныктоо үчүн МШСти өнүктүрүү Концепциясы иштелип чыгат жана БШКнын чечими менен бекитилет.