Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз
Каталог/Токтом
ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комисиясынын 2017-жылдын 25-июлундагы № 275 «Ош облусунун Ноокат районунун Ынтымак айыл аймагынын Ничке-Суу айылынын аймагында жаңы шайлоо участканы түзүү жөнүндө» токтому

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 275
Кабыл алынган
2017-жылдын 25-июлу
Чыгарган
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

Каттоо жана жарыялоо

Жарыялоо
газета "Эркин-Тоо" № 86 · 2017-жылдын 28-июлу
Реестрде
2017-жылдын 7-августу

Реестрде

Минюст коду
30445

Минюсттун расмий барагы

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Редакция25.07.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

 2017-жылдын 25-июлу № 275

Ош облусунун Ноокат районунун Ынтымак айыл аймагынын Ничке-Суу айылынын аймагында жаңы шайлоо участканы түзүү жөнүндө

Шайлоочулар үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жаңы шайлоо участкасын түзүү боюнча Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын берген сунушунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 20-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-июнундагы № 177 токтому менен бекитилген "Шайлоо участкаларынын чек араларын башкаруу жөнүндө" Нускаманы жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облусунун Ноокат районунун Ынтымак айыл аймагынын Ничке-Суу айылынын аймагында жаңы № 5567 шайлоо участкасы түзүлсүн.

2. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы жаңы түзүлгөн шайлоо участкасына участкалык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин мыйзамга ылайык түзсүн.

3. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Шайлдабекова

 

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.