Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз
Каталог/Токтом
ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 31-июлундагы № 301 «Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 23-июнундагы «Бишкек шаарынын аймагында кошумча шайлоо участокторун түзүү жөнүндө» № 8/1 чечимин бекитүү жөнүндө» токтому

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 301
Кабыл алынган
2017-жылдын 31-июлу
Чыгарган
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

Каттоо жана жарыялоо

Жарыялоо
газета "Эркин-Тоо" № 90 · 2017-жылдын 4-августу
Реестрде
2017-жылдын 7-августу

Реестрде

Минюст коду
30471

Минюсттун расмий барагы

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Редакция31.07.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2017-жылдын 31-июлу № 301

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 23-июнундагы "Бишкек шаарынын аймагында кошумча шайлоо участокторун түзүү жөнүндө" № 8/1 чечимин бекитүү жөнүндө

Ички миграцияга байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө Бишкек шаарында туруктуу жашаган орду боюнча каттоосу жок жарандарга, жана ошондой эле добуш берүү күнү катталган орду боюнча добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү жок жарандарга шайлоого катышуу шарттарды камсыз кылуу максатында "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 7 жана 20-беренелерине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 13, 15-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-июнундагы № 177 токтому менен бекитилген "Шайлоо участокторунун чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө" нускамага ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 23-июнундагы "Бишкек шаарынын аймагында кошумча шайлоо участокторун түзүү жөнүндө" № 8/1 чечими бекитилсин.

2. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы кошумча шайлоо участокторунун курамдарын түзсүн.

3. Бишкек шаарынын мэриясы 2017-жылдын 10-августуна чейин кошумча шайлоо участкаларын жайгаштыруу үчүн жайларды бөлүп берүүгө, аларды үзгүлтүксүз электро энергия, байланыш каражаттар, материалдык-техникалык каражаттар менен камсыз кылууга көмөк көрсөтсүн.

4. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте жарандардын шайлоо укугун жүзөгө ашыруу максатында кошумча шайлоо участокторун ачуу мүмкүнчүлүгүн карасын.

5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Шайлдабекова

 

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.