Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз
Каталог/Токтом
ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 31-июлундагы № 302 «2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө» токтому

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 302
Кабыл алынган
2017-жылдын 31-июлу
Чыгарган
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

Каттоо жана жарыялоо

Жарыялоо
газета "Эркин-Тоо" № 88 - 89 · 2017-жылдын 3-августу
Реестрде
2017-жылдын 7-августу

Реестрде

Минюст коду
30472

Минюсттун расмий барагы

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Редакция31.07.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

 2017-жылдын 31-июлу № 302

2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө

Шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү боюнча аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери аркылуу берилген сунуштарынын, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарынын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-июнундагы № 177 токтому менен бекитилген "Шайлоо участкаларынын чек араларын башкаруу жөнүндө" Нускаманын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча Бишкек шаарынын аймагында кошумча түзүлгөн 27 шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде уюштурулган 37 шайлоо участкаларынын даректери № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 2017-жылдын 10-августуна чейинки мөөнөттө:

- кошумча түзүлгөн шайлоо участкаларынын участкалык шайлоо комиссияларын түзсүн;

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде участкалык шайлоо комиссияларын түзсүн.

5. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.С.Жумагуловго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Шайлдабекова

 

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.