Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 1999-жылдын 13-декабры № 143
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө
(КР 2007-жылдын 25-июнундагы N 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин ушул Мыйзамда колдонууга киргизүүнүн башка мөөнөттөрү каралган жоболорунан башкалары 2000-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилсин.
2-статья.
2000-жылдын 1-январынан тартып 1970-жылдын 25-декабрындагы "Кыргыз ССРинин Түзөтүү-эмгек кодексин бекитүү жөнүндө" Кыргыз ССРинин Мыйзамы менен бекитилген Кыргыз ССРинин Түзөтүү-эмгек кодекси (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ведомосттери, 1971, N 21, 157-ст.), ошондой эле 1971-жылдын 1-июлунан тартып 2000-жылдын 1-январына чейинки мезгилде кабыл алынган Кыргыз ССРинин Түзөтүү-эмгек кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жаатындагы мыйзамдар жана башка ченемдик укук актылар күчүн жоготту деп табылсын.
3-статья.
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаларды жалпы тартиптеги абактарда, өзгөчө тартиптеги абактарда, катуу тартиптеги аялдар абагында, эркектер үчүн күчөтүлгөн тартиптеги тарбиялоо абактарында, аялдар үчүн тарбиялоо абактарында, соттордун жана укук коргоо органдарынын соттолгон мурдагы кызматкерлери үчүн жалпы жана күчөтүлгөн тартиптеги абактарында өтөө менен аткаруу жаатындагы жоболору жазалардын ушул түрлөрүн өтөө үчүн зарыл шарттардын түзүлүшүнө жараша колдонууга киргизилет.
(КР 2007-жылдын 25-июнундагы N 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:
1. Үч айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине карама каршы келген Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларын Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине ылайык келтирүү жөнүндө сунуш даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү;
- министрликтерде жана администрациялык ведомстволордо Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине карама каршы келген ченемдик укук актыларын кайра каралышын жана жокко чыгарылышын камсыз кылуу;
- Жазык-аткаруу инспекциялары жөнүндө жобону жана алардын штаттык ченемдерин, Дисциплинардык аскер бөлүгү жөнүндө жобону, Камкорчулар кеңеши жөнүндө жобону даярдоо жана бекитүү тапшырылсын.
2. 2000-2005-жылдардын ичинде республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен:
- ар бирине 500 адам сыя турган жалпысынан алганда жети жалпы тартиптеги түзөтүү абактарын (республиканын бардык региондорунда);
- ар бири 500 адамга эсептелген эки өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактарын (республиканын түштүк жана түндүк региондорунда);
- бойго жете элек эркек балдар үчүн бир күчөтүлгөн тартиптеги 150 адамдык орунга эсептелген тарбиялоо абагын;
- аялдар үчүн бир катуу тартиптеги 100 адамдык орунга эсептелген тарбиялоо абагын;
- аялдар үчүн бир катуу тартиптеги 100 адамдык орунга эсептелген тарбиялоо абагын;
- соттордун жана укук коргоо органдарынын соттолгон мурдагы кызматкерлери үчүн бир жалпы тартиптеги түзөтүү абагын;
- соттордун жана укук коргоо органдарынын соттолгон мурдагы кызматкерлери үчүн бир күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагын;
(КР 2007-жылдын 25-июнундагы N 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-статья.
Мындан ары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ченемдик укук актылары Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине ылайык келтирилгенге чейин алардын Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине карама каршы келбеген жерлери колдонула берет.
6-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2000 жана андан кийинки жылдарга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгууда атайын контингенттин орточо тизмелик санынын жыл сайын өсүшүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин колдонууга киргизүүнү камсыз кылуучу борборлоштурулган капиталдык салымдарды жана каржылык каражаттарды карасын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А. Акаев |
1999-жылдын 11-ноябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |