Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 49 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-июлу № 200
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 17-ноябрындагы "Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө" № 216 токтому менен бекитилген Жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 216 токтому менен бекитилген Жобосуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
6.5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
- "Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү жөнүндө арыздардын реестрине добуш берүү күнү шайлоо участкаларында пайдалануу үчүн БШКдан алынган шайлоочулардын акыркы тизмесинде камтылган шайлоочулар гана киргизилет. Реестрдин негизинде участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесин түзөт, аны менен добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүчү шайлоочуларга барат. Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесинин формасы добуш берүү күнү шайлоо участокторунда пайдалануу үчүн БШКдан алынган шайлоочулардын акыркы тизмесинде көрсөтүлгөн графаларды камтыйт. Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү аяктагандан кийин шайлоочулардын акыркы тизмесине "Өзгөчө белгилер" графасында "Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берди" белгиси коюлат.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|