Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-июлу № 213
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.А.Энназаровдин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүн өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкер С.А.Энназаровдин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө түшкөн арызына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 1, 2, 3, 4, 5-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 19-пунктун, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.А.Энназаровдин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Салохидинова Гульнара Махмадвалиевна катталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.А.Энназаровдин катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө бекитилген үлгүдөгү ырастама берилсин.
3. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | А. Бекматов
|