Загрузка документа…
КР Борборшайлоокомунун 2025-жылдын 15-августундагы № 56 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-октябры № 151
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 11-февралындагы № 43 токтомунун редакциясына ылайык)
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө эл аралык шайлоо стандарттарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толук ылайыктуулукта демократиялык башталыштарды чыңдоо, шайлоочулардын жана шайлоонун башка катышуучуларын маалымдоо тартибинин жана шарттарын регламенттештирүү максатында, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 1-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө" жобо бекитилсин.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 11-февралындагы № 43 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |