Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 152 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана маалыматтарда камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүү боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын Жумушчу тобу жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1.1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн, ошондой эле өзүн өзү көрсөтүү (айыл аймактарынын жергиликтүү кеңештерине) тартибинде көрсөтүлгөн талапкерлерди каттоо үчүн саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана маалыматтарда камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүү боюнча Жумушчу топтун (мындан ары - жумушчу топ) максаттарын жана милдеттерин, ыйгарым укуктарын жана ишинин тартибин аныктайт. Жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын (мындан ары - аймактык шайлоо комиссиясы) чечими менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн арасынан түзүлөт.
1.2. Жумушчу топ жарандардын, талапкерлердин (өзүн өзү көрсөткөндөрдүн), саясий партиянын тизмесинен киргизилген талапкерлердин, шайлоонун башка катышуучуларынын шайлоо укуктарынын кепилдиктерин камсыз кылуу, ошондой эле шайлоо документтеринин мыйзамдардын талаптарына ылайыктуулугун жана аныктыгын текшерүү максатында түзүлөт.
1.3. Жумушчу топ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, башка мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды, Борбордук шайлоо комиссиясынын актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
1.4. Жумушчу топ талапкерлерди көрсөткөн саясий партия (мындан ары саясий партия) (же анын ыйгарым укуктуу өкүлү), өзүн өзү көрсөтүү тартибиндеги талапкер (же ыйгарым укуктуу адамы) аймактык шайлоо комиссиясына берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү иштерин уюштурат.
1.5. Өзүнүн ишинин жыйынтыгы боюнча Жумушчу топ аймактык шайлоо комиссиясынын кароосуна талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимдердин долбоорун киргизет.
II. Жумушчу топтун милдеттери жана ыйгарым укуктары
2.1. Талапкерлер, саясий партиялар шайлоо комиссиясына берген шайлоо документтерин кабыл алуу, шайлоо комиссиясына берилген документтер "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайыктуулугун жана аныктыгын текшерүү Жумушчу топтун милдеттери болуп саналат.
2.2. Бул милдеттерди ишке ашыруу үчүн Жумушчу топ төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
- саясий партиялардын же талапкердин, өзүн өзү көрсөтүү жолу менен көрсөтүлгөндөр, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү (мындан ары - ыйгарым укуктуу өкүл) талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн берген документтерди кабыл алуу;
- талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнө шайлоо комиссиясына берилген бардык документтерди, кабыл алуунун башталышы жана бүтүшү датасын көрсөтүү менен, тастыктаган документти (маалымкат) берет;
- саясий партиядан көрсөтүлгөн же өзүн өзү көрсөткөн талапкердин көрсөтүү тартибин сакталышын текшерет;
- "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53, 60-бер. ылайык бардык шайлоо документтеринин бардыгын, ошондой эле саясий партиялар көрсөткөн же өзүн өзү көрсөткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлер жөнүндө маалымдардын аныктыгын текшерет;
- "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган документтердин жоктугу, же талапкер жөнүндө маалымдын толук эместигинин табылышы, же "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын шайлоо комиссиясына берген документтерди калыптоодо сактабагандык жөнүндө ыйгарым укуктуу өкүлгө билдирүү үчүн документтерди даярдоо;
- финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү каттоо үчүн керектүү документтерди кабыл алуу;
- шайлоо мыйзамдарында белгиленген шайлоо документтериндеги маалымдардын жана маалымдоолордун тактыгын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын жыйналыштарында кабыл алуу үчүн талапкерлердин тизмесин, талапкерлерди каттоо, же каттоодон жүйөлүү баш тартуу жөнүндө чечимдин долбоорун даярдоо;
- талапкер шайлоого катышуудан баш тарткандыгына байланыштуу, саясий партия талапкерди чакыртып алгандыгына же талапкерди тизмеден сызып салууга байланыштуу аймактык шайлоо комиссиясынын жыйналышында кароо жана кабыл алуу үчүн чечимдердин долбоорун даярдоо;
- талапкерлердин ишенимдүү адамдарын каттоо үчүн документтерди кабыл алуу жана алар үчүн күбөлүктөрдү даярдоо;
- талапкерлердин, талапкерлердин тизмесинин өкүлдөрүн дайындоого жана алар үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген үлгүдөгү күбөлүктөрдү даярдоо;
- талапкердин финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыйгарымдарын, өз демилгеси менен талапкер ыйгарымдарын токтоткон учурда талапкердин ишенимдүү адамдарын каттоону жокко чыгаруу үчүн документтерди даярдоо;
- Борбордук шайлоо комиссиясынын архивине белгиленген тартипте жана мыйзамда белгиленген мөөнөттө саясий партиялар, талапкерлер, өзүн өзү көрсөткөндөр, же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн бардык шайлоо документтерин даярдоо жана өткөрүп берүү.
2.3. Талапкерлердин, талапкерлердин тизмелерине киргизилген талапкердин документтеринен талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн тоскоол болуп саналган ылайыктуулук эмес табылган учурда Жумушчу топ аймактык шайлоо комиссиясына билдирүүгө милдеттүү, ал документтерди алгандан кийин 24 сааттын ичинде талапкерге, саясий партияга ылайык келбөө маалыматтары жөнүндө кабарлоого милдеттүү. Талапкер, саясий партия билдирүүнү алган 48 сааттын ичинде керектүү өзгөртүүлөрдү киргизиши жана оңдолгон документтерди бериши зарыл.
2.4. Иштин натыйжалары боюнча Жумушчу топ жыйынтыктоочу протоколдордун, отчеттордун, маалымкаттардын, корутундулардын, башка документтердин негизинде талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо жөнүндө, талапкерлердин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө же болбосо аларды каттоодон баш тартуу тууралуу чечимдердин долбоорлорун даярдайт жана аймактык шайлоо комиссиясынын кароосуна киргизет.
III. Жумушчу топтун курамы жана ишин уюштуруу
3.1. Жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр кирет:
- Жумушчу топтун жетекчиси;
- Жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
- Жумушчу топтун мүчөлөрү.
Жумушчу топ төмөнкүдөй эки топчолорго бөлүнөт:
- саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө жана шайлоо комиссияларына алардын өкүлдөрүн дайындоо жөнүндө чечимдерди кабыл алуу максатында аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кароо үчүн материалдарды даярдоону камсыз кылуучу шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча топчо;
- саясий партиялар тарабынан берилген талапкерлердин тизмелерин каттоо үчүн берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу боюнча, маалыматтарда камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүү боюнча топчо.
Жумушчу топтун курамында иш багыттары боюнча башка топчолор уюштурулушу мүмкүн.
3.2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо өткөрүүдө Жумушчу топтун жетекчиси, анын орун басары аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн ичинен бекитилет.
Жумушчу топтун курамын өзгөртүү түзүү тартибинде жүзөгө ашырылат.
3.3. Топчолордун курамы жана алардын жетекчилери Жумушчу топтун чечими менен бекитилет.
3.4. Жумушчу топтун ишин жана анын милдеттерин аткарууну камсыз кылуу үчүн аймактык шайлоо комиссиялары келишимдик негизде штаттан тышкары кызматчыларды тартууга укуктуу.
3.5. Жумушчу топто иштөө үчүн тартылуучу адистердин курамы Жумушчу топтун милдеттерине, саясий партиялар тарабынан берилүүчү документтердин көлөмдөрүнө, аймактык шайлоо комиссиясынын жыйналыштарында кароо үчүн зарыл материалдарды даярдоонун мөөнөттөрүнө жараша аныкталат жана Жумушчу топтун ишинин ар түрдүү баскычтарында алмашылып турушу мүмкүн.
3.6. Жумушчу топтун иши Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген шайлоо документтерин кабыл алуу, текшерүү жана сактоо тартибине ылайык жүзөгө ашырылат.
3.7. Шайлоо документтерин текшерүүдө талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар катышууга укуктуу.
3.8. Топчолордогу ишти уюштуруу Жумушчу топтун жетекчиси же анын орун басары менен макулдашуу боюнча аныкталат. Жумушчу топтун иши Жумушчу топтун жыйналыштарын өткөрүү же Жумушчу топтун жетекчисинин тапшырмасы боюнча Жумушчу топтун айрым мүчөлөрүнүн ыйгарымдарын түздөн түз аткарышы менен ишке ашырылат. Жумушчу топтун жетекчиси болбогон учурда анын ыйгарымдарын Жумушчу топтун жетекчисинин орун басары аткарат.
3.9. Жумушчу топтун жетекчисинин жана анын орун басарынын оозеки жана жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрү келишимдик негизде тартылган адистерди кошо алганда, Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн аткаруусу үчүн милдеттүү болуп саналат.
3.10. Жумушчу топтун жетекчиси Жумушчу топтун жыйналыштарын керектүү учурда өткөрөт. Жумушчу топтун жыйналышы эгерде анда Жумушчу топтун белгиленген санынын жарымы катышса ыйгарым укуктуу деп эсептелинет.
3.11. Шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн бир айдын ичинде Жумушчу топтун документтери мыйзамдарда белгиленген тартипте Борбордук шайлоо комиссиясынын архивине сактоого өткөрүлүп берилет.