Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 155 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун иши жөнүндө ЖОБО
Ушул жобо Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун иш-милдеттерин жана милдеттерин, аны түзүүнүн тартибин жана ыйгарым укуктарын аныктайт.
1. Жалпы жоболор
1.1. Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарын түзүүнүн жана сарптоонун тартибин көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы (Борбордук шайлоо комиссиясы) тарабынан жүзөгө ашырылат.
1.2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобу (мындан ары - көзөмөлдөө-текшерүү тобу) шайлоолорду даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттен шайлоо комиссияларына бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө үчүн, талапкерлердин, саясий партиялардын финансылык отчетторун текшерүү үчүн талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарынын тура эсепке алынышын жана пайдаланылышын көзөмөлдөө үчүн түзүлөт. Көзөмөлдөө-текшерүү тобу 7 кишиден кем эмес санда түзүлөт.
1.3. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун уюштуруунун жана ишинин тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.
1.4. Көзөмөлдөө-текшерүү тобу өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын, Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомдорун жана башка актыларын, ушул Жобону жетекчиликке алат.
1.5. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишин уюштуруучулук, укуктук жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
1.6. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишин каржылоо Борбордук шайлоо комиссиясынын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
2. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун иш-милдеттери
Негизги милдеттерин аткаруу максатында көзөмөлдөө-текшерүү тобу төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- шайлоолорду каржылоону жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Борбордук шайлоо комиссиясынын ченемдик укуктук актыларынын шайлоо комиссиялары, талапкерлер, саясий партиялар тарабынан сакталышын текшерүүнү;
- талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарын түзүүнүн булактары жана сарпталышы тууралуу банктык мекемелердин бөлүмдөрүнөн келип түшкөн маалыматтарды жыйноону жана талдоону;
- талапкерлердин, саясий партиялардын финансылык отчетторун текшерүүнү жана алардын адепки финансылык документтерге шайкештигин текшерүүнү;
- шайлоо аяктагандан кийин саясий партиялардын сарпталбай калган шайлоо фонддорунун акчалай каражаттарынын кайрылып берилишин көзөмөлдөөнү;
- шайлоо комиссияларына шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышын текшерүүнү;
- шайлоону өткөрүүгө бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарынын сарпталышы жөнүндө шайлоо комиссияларынын финансылык отчетторун, алардын адепки финансылык документтерге шайкештигин текшерүүнү;
- саясий партиянын шайлоо күрөөсүнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине келип түшүүсүнүн тууралыгын жана аларды кайрып берүүнүн тууралыгын текшерүүнү;
- шайлоолорду каржылоо маселелери боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын актыларын иштеп чыгууга катышууну;
- бюджеттик каражаттарды, ошондой эле талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарын сарптоолорду текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомдорунун жана башка чечимдеринин долбоорлорун даярдоону;
- шайлоолорду каржылоого тийиштүү маселелер боюнча жеке жана юридикалык жактардын арыздарын жана даттанууларын кароону;
- шайлоолорду каржылоо маселелери боюнча бардык деңгээлдердеги шайлоо комиссияларына, ошондой эле талапкерлерге, саясий партияларга алардын шайлоо өнөктүктөрүн каржылоо маселелери боюнча усулдук жардам көрсөтүүнү.
3. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун милдеттери
Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун милдеттери төмөнкүлөрдү көзөмөлдөө болуп саналат:
- шайлоого даярдануу жана өткөрүү үчүн шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды максаттуу сарптоону жана пайдаланууну;
- талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун акчалай каражаттарынын келип түшүү булактарын, ошондой эле акчалай каражаттарды эсепке алуунун жана сарптоонун тууралыгын.
4. Көзөмөлдөө-текшерүү тобун түзүүнүн тартиби
4.1. Көзөмөлдөө-текшерүү тобуна төмөнкүлөр кирет: көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси, анын орун басары, көзөмөлдөө-текшерүү тобуна аныкталган Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, укук коргоо, финансылык жана башка мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин тартылган адистери. Көрсөтүлгөн органдар, уюмдар жана мекемелер Борбордук шайлоо комиссиясынын суроо-талабы боюнча шайлоолорду дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен адистерди анын карамагына иш сапарына жиберүүгө милдеттүү.
4.2. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунда иштеген мезгилде тартылган адистер негизги жумуштарынан бошотулат, негизги жумуш орундары боюнча алардын жумушчу орундары (ээлеген кызматы), белгиленген кызматтык айлык маяналары жана башка төлөмдөрү аларга сакталып турат. Көрсөтүлгөн тартылган адистерге ошондой эле шайлоолорду даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын эсебинен сый акылар төлөнүп берилиши мүмкүн.
4.3. Көзөмөлдөө-текшерүү тобу Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен түзүлөт. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун курамы Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын буйругу менен бекитилет.
4.4. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси болбогондо, анын милдеттерин орун басары аткарат.
5. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ыйгарым укуктары
5.1. Көзөмөлдөө-текшерүү тобу Борбордук шайлоо комиссиясынын жазуу жүзүндөгү тапшырмасы боюнча:
1) саясий партиялардын, төмөн турган шайлоо комиссияларынын финансылык отчетторун текшерет;
2) саясий партиялардан, шайлоо комиссияларынан өзүнүн компетенциясына кирген бардык маселелер боюнча маалыматтарды сурайт жана алат;
3) шайлоо алдындагы үгүттөөнү жүргүзүүнү каржылоонун, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүктөрүн өткөрүү менен түздөн-түз байланышкан башка иш-чараларды жүзөгө ашыруунун белгиленген тартиптеринин сакталышын көзөмөлдөйт;
4) мамлекеттик органдарга, менчигинин формасына карабастан уюмдарга, ошондой эле жарандарга, көзөмөлдөө-текшерүү тобунун карамагына киргизилген бардык маселелер боюнча кайрылат, шайлоолорду финансылык камсыз кылуу менен байланышкан зарыл материалдарды жана маалыматтарды сурайт. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун кайрылууларына жооптор жана ал сураган материалдар 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнүнө 5 жана андан аз күн калганда жана добуш берүү күнү - токтоосуз берилет.
5) шайлоолорду каржылоодогу финансылык тартип бузуулар жөнүндө документтерди түзөт;
6) тиешелүү шайлоо комиссиясынын алдына талапкерлерге, саясий партияларга карата, ошондой эле жарандарга жана юридикалык жактарга карата талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүктөрүн каржылоодо алар тарабынан жол берилген тартип бузуулар үчүн жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө маселелерди коёт;
7) текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, корутундуларды жана эксперттик баа берүүлөрдү даярдоого эксперттерди тартат.
5.2. Көзөмөлдөө-текшерүү тобу, бекитилген графикке ылайык, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын тескемеси боюнча текшерүүлөрдү жана алар шайлоо алдындагы үгүт иштерди жүргүзүүнүн жүрүшүндөгү талапкерлердин, саясий партиялардын финансылык операцияларын максаттуу текшерүүлөрдү жүргүзөт. Текшерүүлөрдүн жана максаттуу текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча актыларды жана маалымдамаларды түзөт, алар Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда бекитүү үчүн комиссияга жиберилет. Актылардын же маалымдамалардын аныктыгы үчүн жеке жоопкерчиликти ага кол койгон адамдар тартат.
6. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчисинин укуктары жана милдеттери
Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси:
- көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишин уюштурат;
- көзөмөлдөө-текшерүү тобунун карамагына киргизилген маселелер боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын жумуш пландарына сунуштарды киргизет;
- мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, шайлоо комиссияларында, саясий партияларда, Кыргыз Республикасынын коомдук коммерциялык жана башка иш каналарында, мекемелеринде жана уюмдарында ошондой эле талапкерлердин алдында көзөмөлдөө-текшерүү тобунун кызыкчылыктарын жактайт;
- көзөмөлдөө-текшерүү тобунун иштери жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында отчет берет;
- көзөмөлдөө-текшерүү тобунун курамына кирген адамдардын, көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жумушуна тартылган адамдардын арасында милдеттерди бөлүштүрөт, аларга тапшырмаларды берет жана алардын аткарылышын текшерет;
- көзөмөлдөө-текшерүү тобунун Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы менен туруктуу байланышын камсыз кылат, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерин талап кылган маселелер боюнча сунуштарды киргизет.