Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы № 160 токтому менен бекитилген |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларга жана шайлоонун башка катышуучуларына маалымдоо маселелери боюнча жумушчу топ жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1.1. Ушул Жобо жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларга жана шайлоонун башка катышуучуларына маалымдоо маселелери боюнча Жумушчу топтун (мындан ары - Жумушчу топ) максатын жана милдеттерин, ыйгарым укуктарын жана ишинин тартибин аныктайт.
1.2. Жумушчу топ шайлоонун эркиндигин, шайлоочулардын жана шайлоонун башка катышуучуларынын конституциялык укуктарын сактоо, жарандардын эркин аң-сезимдүү билдирүүсүн жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун айкындуулугун маалыматтык камсыз кылуу максатында түзүлөт.
1.3. Жумушчу топ өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө", "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченем-укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
2. Борбордук шайлоо комиссиясынын Жумушчу тобун түзүү жана анын курамы
2.1. Жумушчу топ Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен түзүлөт. Жумушчу топтун курамы Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнөн, аппарат кызматкерлеринен, ЖМКнын өкүлдөрүнөн жана чакырылган адистерден куралат жана Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын буйругу менен бекитилет.
2.2. Жумушчу топ 5 мүчөдөн кем эмес курамда түзүлөт.
2.3. Жумушчу топтун курамын өзгөртүү ушул беренеде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
3. Борбордук шайлоо комиссиясынын Жумушчу тобунун ыйгарым укуктары жана ишинин тартиби
3.1. Борбордук шайлоо комиссиясынын Жумушчу тобунун ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
- Календарлык планга ылайык шайлоочуларга, саясий партияларга, талапкерлерге, шайлоо процессинин катышуучуларына маалымдоо;
- маалыматтык материалдардын (теле жана радио роликтер, баннерлер, теле жана радио берүүлөр) тематикасын иштеп чыгуу;
- маалыматтык материалдарды (теле жана радио роликтер, баннерлер, теле жана радио берүүлөр) даярдоочулар менен келишимдерди түзүү;
- Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат материалдарын чогултуу жана системалаштыруу;
- иш-чаралардын календарлык планына ылайык маалыматтарды жана материалдарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоонун зарылдыгы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына маалымдоо;
- шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларга жана шайлоонун башка катышуучуларына маалымдоо боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын иш-чараларына катышуу жана шайлоо мыйзамдарынын жоболорун түшүндүрүү;
- тийиштүү аймактагы шайлоочуларга маалымдоону жүргүзүүдө төмөн турган шайлоо комиссияларына көмөктөшүү, усулдук жана башка жардамдарды көрсөтүү.
3.2. Борбордук шайлоо комиссиясынын Жумушчу тобунун жыйналышын зарылчылыкка жараша Жумушчу топтун жетекчиси чакырат. Жумушчу топтун жыйналышы коллегиалдуу жана айкын жүргүзүлөт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын Жумушчу тобунун жыйналышы, эгерде ага Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн белгиленген санынан жарымынан көбү катышса укук ченемдүү болуп саналат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын Жумушчу тобунун жыйналышы анын компетенциясына кирген маселелерди ачык талкуулоонун негизинде жүзөгө ашырылат. Борбордук шайлоо комиссиясынын Жумушчу тобунун жыйналыштарына Жумушчу топтун мүчөсү болуп эсептелбеген Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү катышууга жана өздөрүнүн пикирин айтууга укуктуу. Борбордук шайлоо комиссиясынын Жумушчу тобунун жыйналышына Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери, талапкерлердин, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, интернет басылмаларынын өкүлдөрү, ошондой эле адистер жана эксперттер катыша алат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын Жумушчу тобунун ишин камсыз кылууну Борбордук шайлоо комиссиясынын аппараты жүзөгө ашырат.
4. Аймактык шайлоо комиссиясынын Жумушчу тобун түзүү жана анын курамы
4.1. Жумушчу топ курамында жетекчиси, орун басары жана Жумушчу топтун мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен аймактык шайлоо комиссияларынын, Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлүнүн, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, интернет-басылмаларынын жана чакырылган адистердин ичинен бекитилет.
4.2. Жумушчу топ курамы 3төн кем эмес мүчөлөрү аркылуу түзүлөт.
4.3. Жумушчу топтун курамын өзгөртүү ушул беренеде белгиленген тартипте ишке ашырылат.
5. Аймактык шайлоо комиссиясынын Жумушчу тобунун ыйгарым укуктары жана ишинин тартиби
5.1. Жумушчу топтун ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
- Шайлоочуларга, саясий партияларга, талапкерлерге, шайлоо процессинин катышуучуларына календарлык планга ылайык шайлоолор жөнүндө маалымдоо;
- маалыматтык материалдардын тематикасын иштеп чыгуу (теле жана радиороликтер, баннерлер, теле жана радиоберүүлөр);
- шайлоолорду дайындоо, шайлоочулардын тизмесин түзүү жана актуалдаштыруу тартиби, саясий партияларды каттоо көрсөтүү мөөнөтү жана тартиби, шайлоо алдындагы үгүттү өткөрүүнүн тартиби, саясий партиялардын шайлоо компаниясында шайлоолорду каржылоо добуш берүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү, добуштарды саноо, добуштарын жыйынтыгын белгилөө жана шайлоолордун натыйжасын белгилөөдө жергиликтүү мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары жана муниципалдык жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет басылмалары менен кызматташтыктын форматын, көлөмүн жана мазмунун аныктоо;
- маалыматтык материалдарды даярдоочулар менен келишимдерди түзүү (теле жана радиороликтер, баннерлер, жана радиоберүүлөр);
- иш-чаралардын календарлык планына ылайык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына маалыматтарды жана материалдарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо зарылдыгы жөнүндө кабарлоо;
- шайлоочуларга жана шайлоонун башка катышуучуларына шайлоолорду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө маалымдоо жана шайлоо мыйзамдарынын Жоболорун түшүндүрүү боюнча аймактык шайлоо комиссиясы уюштурган иш-чараларга катышуу.
5.2. Аймактык шайлоо комиссиясынын Жумушчу тобунун жыйналышын зарылчылыкка жараша Жумушчу топтун жетекчиси чакырат. Жумушчу топтун жыйналышы коллегиалдуу жана айкын жүргүзүлөт.
5.3. Аймактык шайлоо комиссиясынын Жумушчу тобунун жыйналышы, эгерде анда Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн белгиленген санынын теңинен көбү катышканда ыйгарым укуктуу болуп эсептелет.
5.4. Аймактык шайлоо комиссиясынын Жумушчу тобунун жыйналышы анын компетенциясына кирген маселелерди ачык талкуулоонун негизинде ишке ашырылат.
5.5. Аймактык шайлоо комиссиясынын Жумушчу тобунун жыйналышында Аймактык шайлоо комиссиясынын Жумушчу тобунун мүчөсү болуп эсептелбеген, аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү катышууга жана өз пикирлерин айтууга укуктуу. Аймактык шайлоо комиссиясынын Жумушчу тобунун жыйналышына Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлдөрү талапкерлердин, саясий партиялардын, массалык маалымат каражаттарынын, интернет-басылмаларынын өкүлдөрү, ошондой эле адистер жана эксперттер катыша алышат.