Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-марты № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 1-сентябры N 400 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктунаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты Ө.Ч.Текебаевтарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинетолуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору-на тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилбесин. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин депутаты Ө.Ч.Текебаев тарабынан демилге кылынган "Кыргыз Рес-публикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып жана Кыргыз Республикасы-нын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктун жетекчиликке алуу мененаны кабыл алуу төмөнкүдөй негиздер боюнча максатка ылайыксыз деп эсеп-тейт. Кошумча наркка салык сатып алынган материалдык ресурстар үчүнтөлөнгөн же төлөөгө тийиш болгон КНСтин суммасын эсеп кылуу системасы-нын аркасында каскаддык салык салуудан четтөөгө мүмкүндүк берүүчү рыноксалыгы болуп саналат. Бул система жењилдиктер жана бошотуулар жок учур-да натыйжалуу иштейт. КНС боюнча жењилдиктерди берүү жалпысынан КНСалуу системасын бүлгүнгө учуратат жана аны башкарууну татаалдаштырат.Ошондуктан КНСти башкарууну өркүндөтүүнүн негизги багыты берүүлөрдүнайрым категориялары боюнча жењилдиктерди кыскартуу болуп саналат. Мындан тышкары сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоору Кыргыз Респуб-ликасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2001-жылдын 26-ию-нундагы З N 410-П токтому жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2001-жылдын 29-майындагы N 255 токтому менен жактырылган 2001-2010-жыл-дарга Кыргыз Республикасынын салык саясатын өркүндөтүүнүн колдонуудагыконцепциясынын жоболоруна каршы келет. Азыркы убакта орто мөөнөттүү перспективага салык реформасынын жањыКонцепциясын иштеп чыгуу иштери жүрүүдө, анда бул салыктын ставкаларынбир эле учурда төмөндөтүү менен КНС боюнча колдонуудагы бошотуулардыболушунча жоюу маселеси каралат. Мындан тышкары фискалдык саясат жагындагы реформа узак убакыттанбери МВФ жана башка эл аралык финансылык донорлордун активдүү көмөгүндөжана алар менен макулдашуулардын чектеринде жүргүзүлүп келаткандыгынбелгилейбиз. Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине Кыргыз Рес-публикасынын Салык кодексинин жањы редакциясынын долбоору киргизилген-дигин белгилей кетүү керек. Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүүмаксатка ылайыксыз деп эсептейт. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов