Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 17-октябры № 484-б
Көз карандысыз Мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин 2011-жылдын 18-октябрында Санкт-Петербург шаарында (Россия Федерациясы) болуучу жыйынына киргизилчү документтердин тиркелген долбоорлору жактырылсын:
- КМШга катышкан мамлекеттердин инновациялык кызматташуусунун 2020-жылга чейинки мезгилге карата мамлекеттер аралык программасы жөнүндө чечимдин долбоору;
- Көз карандысыз Мамлекеттер шериктештигинде товарлардын чыгарылган өлкөсүн аныктоонун эрежеси жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоору;
- КМШга катышкан мамлекеттердин темир жол транспортун стратегиялык өнүктүрүүнүн 2020-жылга чейинки концепциясы жөнүндө чечимдин долбоору;
- КМШга катышкан мамлекеттерде валюталык жөнгө салуу жана валюталык контроль жагындагы саясаттын негизги принциптери жөнүндө макулдашуунун долбоору;
- Продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жагында КМШнын Сыйлыгын алууга конкурс жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечимдин долбоору;
- КМШга катышкан мамлекеттердин макулдашылган социалдык жана демографиялык саясатынын концепциясы жөнүндө чечимдин долбоору;
- Чернобыльдагы жана башка радиациялык катастрофалардын жана авариялардын, ошондой эле ядролук сыноолордун кесепетинен радиацияга дуушарланган жарандарды социалдык коргоо жана саламаттыгын сактоо жөнүндө 1994-жылдын 9-сентябрындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколдун долбоору;
- КМШга катышкан мамлекеттерде согуштун ардагерлерине - локалдык жаңжалдардын катышуучуларына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө медициналык-социалдык жардамды андан ары өнүктүрүүнүн жана жашоосунун сапатын жогорулатуунун 2015-жылга чейинки мезгилге карата негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын 2012-жылдагы каржылоо жөнүндө чечимдин долбоору;
2001-жылдын 28-сентябрындагы Опурталдуу өндүрүштүк объекттерде өнөр жайлык коопсуздукту камсыздоо жагында кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколдун долбоору;
- Гидрометеорология тармагында өз ара байланышта иштешүү жөнүндө 1992-жылдын 8-февралындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоору;
- КМШга катышкан мамлекеттердин Маданий кызматташуусу боюнча кеңеш түзүү жөнүндө 1995-жылдын 26-майындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколдун долбоору;
- КМШга катышкан мамлекеттердин аймактарында Уюшкан кылмыштуулукка жана кылмыштын башка коркунучтуу түрлөрүнө каршы күрөштү координациялоо боюнча бюро жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу чечимдин долбоору;
- КМШга катышкан мамлекеттердин аймактарына кирип жаткан үчүнчү мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарды эсепке алуунун бирдиктүү системасы жөнүндө макулдашуунун долбоору;
- Наркотик каражаттардын, психикага таасир этүүчү заттардын жана алардын прекурсорлорунун үлгүлөрүн берүүнүн тартиби жөнүндө макулдашуунун долбоору;
- КМШга катышкан мамлекеттердин абадан коргонуу боюнча биргелешкен системасын түзүүгө жама өнүктүрүүгө 2012-жылы ассигнование бөлүү жөнүндө чечимдин долбоору;
- КМШга катышкан мамлекеттердин Гуманитардык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык фондунун Аткаруучу дирекциясын кармоого чыгымдардын сметасын түзүүнүн жана аткаруунун тартиби жөнүндө жобо тууралуу чечимдин долбоору;
- КМШга катышкан мамлекеттердин Гуманитардык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык фондунун Аткаруучу дирекциясынын финансылык-чарбалык ишине документтик ревизиялар жөнүндө жобо тууралуу чечимдин долбоору;
- КМШ органдарынын 2012-жылга карата бирдиктүү бюджети жөнүндө чечимдин долбоору;
- КМШга катышкан мамлекеттердин 2012-жылдагы кызматташуусунун негизги темасы катары байланыш жана информатикалаштыруу тармагындагы кызматташууну белгилөө жөнүндө чечимдин долбоору.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |