Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 17-октябры № 485-б
Нарын облусундагы Ат-Башы - Кында-Торугарт автомобиль жолунун 107-километриндеги жана Ысык-Көл облусунун Барскоон-Акшыйрак автомобиль жолунун 74-километриндеги көпүрөлөр (мындан ары - көпүрөлөр) аркылуу автотранспорт каражаттардын өтүшүн камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду САРМ көпүрөнүн (автожолдук орточо курама көпүрө) бир комплектин брондон чыгарсын жана туруктуу көпүрө курулуп бүткөнгө чейин Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык карыз катары берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бузулган көпүрөлөрдө САРМдын секцияларын ушул финансылык жылга каралган каражаттардын эсебинен жана чегинде белгиленген тартипте, автотранспорт каражаттардын өтүшүнүн ишеничтүүлүгүн жана коопсуздугун камсыздоо менен монтаждасын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги брондон чыгарылган бир комплект САРМ көпүрөнүн рыноктук баасы боюнча финансылык каражатты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна коюу үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен бирдикте, берилген эсептөөлөргө ылайык "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда белгиленген тартипте караштырсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |