Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 17-октябры № 486-б
Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айылдык аймагынын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу жана практикалык жардам көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине белгиленген тартипте:
- 2011-2012-жылдарга автомобиль жолдорун күтүү жана ремонттоо үчүн республикалык бюджеттен каралган каражатты пайдаланууга;
Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айылдык аймагынын Эски-Оочу калктуу конушунун аймагында жайгашкан Козу-Баглан суусундагы көпүрөнү (мындан ары - көпүрө) реконструкциялоонун долбоордук-сметалык документтерин даярдоого;
2012-жылы долбоордук-сметалык документтерге ылайык көпүрөнү реконструкциялоого;
- көпүрөнүн реконструкциясы аяктагандан кийин Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айылдык аймагынын балансына өткөрүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |