Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 17-октябры № 488-б
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги белгиленген тартипте Токмок шаары, Пушкин көчөсү, 182 дареги боюнча жайгашкан, Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин балансында турган № 23 кесиптик лицейдин № 3 жатаканасынын имаратын Афганистандагы согуш ардагерлеринин Чүй облустук союзуна мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдалануу укугунда өткөрүп берсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |