Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ЖАНА
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН
БУЙРУГУ
2011-жылдын 17-октябры № 489/б/54-о
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан өлкөдөгү алтын өндүрүүчү-ишканалардан, анын ичинде "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунан сатып алынган алтынга салык салуу маселесин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан алып келинген/алып чыгарылган алтынга карата бажы жол-жоболорун колдонуу маселесин иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкү курамдагы ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Чокоев З.Л. - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары;
Касымалиев А.А. - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;
Байгончоков М.К. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Максутов Н.Б. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Малабеков З.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;
Жапаров Д.С. - "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
2. Ведомстволор аралык комиссия төмөнкүлөр жөнүндө маселелерди иштеп чыксын:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан өлкөдөгү алтын өндүрүүчү-ишканалардан, анын ичинде "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунан сатып алынган алтынга салык салуу;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан алып келинген/алып чыгарылган алтынга карата бажы жол-жоболорун колдонуу.
3. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруу, методикалык жана башка камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жүктөлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |