Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 20-октябры № 491-б
Баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыкты өркүндөтүү максатында:
1. Баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча Борбор азиялык региондук маалыматтык координациялык борборго катышуучу мамлекеттердин Жашыруун маалыматтарды алмашуу жана коргоо тууралуу макулдашуусунун расмий тилде тиркелген долбооруна макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |