Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 18-октябры № 490-б
«Электр станциялары" ачык акционердик коомунун финансылык-экономикалык абалын оңдоо жана жакшыртуу, компаниянын мамлекеттик карыз каражаттар боюнча мөөнөтү кечиккен карызы өсүшүн болтурбоо, ошондой эле мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонд менен "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун карызын салыштырып текшерүү актысынын негизинде ушул буйрукка кол коюлган күнгө карата бул акционердик коомдун төмөнкүдөй милдеттенмелер боюнча карызын реструктураласын:
- 2002-жылдын 10-сентябрындагы № 48-02 Карыздык милдеттенме боюнча жана 2004-жылдын 5-февралындагы № 118-04 Субсидиялык кредит жөнүндө макулдашуу боюнча мөөнөтү кечиккен карызды төмөнкүдөй шарттар менен Карыздык милдеттенме түрүндө тариздесин;
кредиттин валютасы - карыз алуунун атайын укуктарынын эквиваленти;
проценттик ставка - жылдык 6 процент;
негизги сумма жана проценттер боюнча төлөө кечиктирилсе мөөнөтү кечиктирилген карыздын суммасынын жылдык 6 проценти өлчөмдө айыптык санкция белгиленет;
карызды жоюу мөөнөтү - 2015-жылдын 1-мартынан 2019-жылдын 31- декабрына чейин;
ушул буйрукка кол коюлган күндөн баштап 2015-жылдын 1-январына чейинки мезгилде эсептелген проценттер 2015-жылдын 1-мартынан баштап 2021-жылдын 1-мартына чейин бирдей үлүштө жоюлаары белгиленсин;
күрөөлүк камсыздоо берүү менен;
- 2008-жылдын 23-январындагы № 8-000/11, 8,0 млн. АКШ доллары суммасындагы Карыздык милдеттенме боюнча, негизги карызды төлөө мөөнөтүн төмөнкүдөй шарттарда кийинкиге жылдырсын:
негизги карызды төлөө 2012-жылдын 1-январынан баштап 2015-жылдын 1-декабрына чейин;
пайдалангандык үчүн проценггердин төлөнүшү 2008-жылдын 23-январындагы № 8-000/11 Карыздык милдеттенмеде белгиленген мөенотте караштырылсын;
мурда салынган айыптар капиталдаштырылат;
капиталдаштырылган айыптар негизги сумма менен бир убакта, бирдей үлүштөрдө жоюлат;
- 2009-жылдын 26-декабрындагы № 19-05/45, 500,0 млн. сом суммадагы Карыздык милдеттенме боюнча, негизги сумманы төлөө мөөнөтүн төмөнкүдөй шарттарда кийинкиге жылдырсын:
негизги сумманы төлөө - 2011-жылдын 25-декабрынан баштап 2014-жылдын 25-декабр'ына чейин;
мурда салынган айыптар капиталдаштырылат;
капиталдаштырылган айыптар негизги сумма менен бир убакта, бирдей үлүштөрдө жоюлат;
- 2009-жылдын 24-декабрындагы № КД1-3 кредиттик келишим боюнча 100,0 млн. АКШ доллары суммадагы тапап кылуу укугун өткөрүп берүү жөнүндө 2011-жылдын 8-апрелиндеги № 19-05/30 Макулдашуу боюнча кредиттөөнүн төмөнкүдөй шарттары колдонулсун:
кредитти толөе мөөнөтү 2030-жылдын 1-январына чейин белгиленсин;
негизги сумманы төлөө боюнча жеңилдиктүү мезгил 2016-жылдын 1-январына чейин белгиленсин;
кредитти пайдалангандык үчүн проценттик ставка жылдык 3,5 процент өлчөмдө белгиленсин;
жеңилдиктүү мезгилдин ичинде салынган проценттердин 2/Зден кем эмеси 2012-жылдын 1-январынан баштап төлөнө баштайт;
мурда салынган, бирок төлөнө элек проценттер жана айыптар, ошондой эле жеңилдиктүү мезгилдин ичинде топтолгон проценттер кредиттин негизги суммасы менен бир убакта, бирдей үлүштөрдө жоюлат;
төлөөнү кечиктиргендик үчүн жылдык 7 процент өлчөмдө айыптык санкция жана плюс 6 айлык депозиттер үчүн АКШ доллары менен LIBOR белгиленсин;
- бул буйрукту ишке ашыруу үчүн "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте даярдасын.
2. "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна реструктураланган карызды аны жоюунун графиктерине ылайык төлөө сунушталсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын отун-энергетика комплекси жана минералдык ресурстар бөлүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |