Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 21-октябры № 495-б
«Центерра Голд Инк.»компаниясындагы кыргыз тараптын акцияларын натыйжалуу пайдалануу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкү курамдагы ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Муканбетов С.Т. | - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары, комиссиянын төрагасы;
|
Абдылдаев Н.Т. | - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министринин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары;
|
Аттокуров М.Ш. | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Комиссиянын мүчөлөрү:
| |
Мамбеталиева Ж.Ж. | - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
|
Оселедько Л.А. | - Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министринин орун басары;
|
Чокоев З.Л. | - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Пирназаров М.Т. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын Аткаруучу кеңешинин мүчөсү;
|
Байпакпаев Э.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Мүлктүк мамилелер департаментинин директору;
|
Алдашев Н.Б. | - «Центерра Голд Инк.»Компаниясынын Директорлор кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча). |
2. Ведомстволор аралык комиссия бир айлык мөөнөттө:
- «Центерра Голд Инк.»компаниясындагы кыргыз тараптын акцияларын натыйжалуу пайдалануу боюнча маселелерди иштеп чыксын;
- «Центерра Голд Инк.»компаниясынын өкүлдөрү менен зарыл учурда сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн;
- тийиштүү сунуштарды даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссияга мамлекеттик органдардын, «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартуу, ошондой эле «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунан жана мамлекеттик органдардан керектүү маалыматты алуу укугу берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук-техникалык камсыздоо жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын отун-энергетика комплекси жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |