Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 21-октябры № 496-б
Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын «Айылды суу менен камсыздоонун жана санитариянын экинчи долбоору» долбоорун башкаруунун натыйжалуулугун арттыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2009-жылдын 21-майында кол коюлган Айылды суу менен камсыздоонун жана санитариянын экинчи долбоору боюнча каржылоо (грант Н462-КG; кредит 4560-КG) жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу макулдашуу-каттын расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2009-жылдын 21-майында кол коюлган Айылды суу менен камсыздоонун жана санитариянын экинчи долбоору боюнча каржылоо (грант Н462-КG; кредит 4560-КG) жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу макулдашуу-катка кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Бул буйрук кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |