Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 3-ноябры № 510-б
Азия Өнүктүрүү Банкынын "Билим берүүнүн экинчи долбоору" (Грант № 0020 KGZ (SF), "Өзгөчө муктаж болгон балдар үчүн сапаттуу негизги билим берүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу" (Кедейчиликти кыскартуунун Япониялык фондунун гранты JFPR Project № 9108), "Баардыгы үчүн билим берүү" программасын ылдамдатып ишке ашыруу демилгеси" (Каталитикалык трасттык фондунун гранты FTI-2 № TF 098844) долбоорлорун ишке ашырууну координациялоо жана аларга мониторингди камсыздоо максатында:
1. Азия Өнүктүрүү Банкынын "Билим берүүнүн экинчи долбоору" (Грант № 0020 KGZ (SF), "Өзгөчө муктаж болгон балдар үчүн сапаттуу негизги билим берүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу" (Кедейчиликти кыскартуунун Япониялык фондунун Гранты JFPR Project № 9108), "Баардыгы үчүн билим берүү" программасын ылдамдатып ишке ашыруу демилгеси" (Каталитикалык трасттык фондунун гранты FTI-2 № TF 098844) долбоорлорун башкаруу боюнча Байкоочу кеңеш (мындан ары - Байкоочу кеңеш) төмөнкү курамда түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри, Байкоочу кеңештин төрагасы.
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча комитетинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары.
2. Байкоочу кеңеш бир айлык мөөнөттө Байкоочу кеңештин иш регламентин иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Байкоочу кеңештин ишин уюштуруу-техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-августундагы № 405-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 113-б буйругу.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |