Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 4-ноябры № 513-б
1. Милдеттенмелерин аткаруу максатында жана Бишкек шаарында 2009-жылдын 22-июнунда кол коюлган "Манас" эл аралык аэропортундагы Транзиттик ташуулар борборуна карата жана аны менен байланышкан кандайдыр бир объекттер жана кыймылсыз мүлктүн түрлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен АКШнын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун 8-пунктуна ылайык, "Манас" эл аралык аэропортунда жайгашкан Транзиттик ташуулар борборунун иш-аракеттеринин курчап турган чөйрөгө тийгизген таасирин изилдөө боюнча кыргыз-америка тобу төмөнкү курамда түзүлсүн:
Рустамов А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары (мындан ары - КЧКТМА), топтун жетекчиси.
Топтун мүчөлөрү:
Артыкбаев Р.С. - КЧКТМАнын курчап турган чөйрөнү коргоону мамлекеттик контролдоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Садыкбеков Т.А. - КЧКТМАнын экологиялык мониторинг жана токой аңчылык жайгаштыруу башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Умаралиев Э.Б. - Чүй-Бишкек аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой экосистемасын өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги;
Кененбаев А.А. - КЧКТМАнын Республикалык жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору;
Кадоева Ж.А. - КЧКТМАнын курчап турган чөйрөнү коргоону мамлекеттик контролдоо башкармалыгынын башкы адиси;
Рыспеков А. - КЧКТМАнын мамлекеттик экологиялык экспертиза, биотүрдүүлүктү сактоо, өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар жана экологиялык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси;
Танабаев А.Т. - КЧКТМАнын токой экосистемасын өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси;
Шамшиев Н.Ш. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин макроэкономикалык талдоо башкармалыгынын начальниги;
Жамалов Э.А. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин транспортту, байланышты, отун-энергетикалык комплексти жана туризмди каржылоо бөлүмүнүн адиси;
Шабаева Г.Р. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин геоэкология башкармалыгынын начальниги;
Шахматова А.К. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Профилактикалык медицина" илимий-өндүрүш бирикмесинин айлана-чөйрөнүн гигиенасы жана токсикология лабораториясынын кенже илимий кызматкери;
Назаров М.А. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жарандык авиация жана суу транспорту бөлүмүнүн башчысы;
Жаклин Крам - АКШ ААКнын подполковниги, "Манас" эл аралык аэропортундагы Транзиттик ташуулар борбору (макулдашуу боюнча);
Надин Вомсбахер - подполковник, аскер атташесинин милдетин аткаруучу, Америка Кошмо Штаттарынын Элчилиги (макулдашуу боюнча);
Стерлинг Пендельтон - майор, АКШ ААКнын штаб юристи, "Манас" эл аралык аэропортунда Транзиттик ташуулар борбору (макулдашуу боюнча);
Кристофер Смартц - айлана-чөйрө боюнча программанын менеджери, "Манас" эл аралык аэропортундагы Транзиттик ташуулар борбору (макулдашуу боюнча);
Кеннет Старок - экономикалык маселелер боюнча кеңешчи, Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги (макулдашуу боюнча).
2. Кыргыз-америка тобуна 6 айлык мөөнөттө Транзиттик ташуулар борборунун иш-аракетинин Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөсүнө тийгизген таасирине карата жагдайды талдап чыгып жана жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна тиешелүү сунуш киргизсин.
3. Кыргыз-америка тобунун жетекчиси ай сайын белгиленген тартипте зарыл болгон маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратына берип турсун.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |