ТоктомКүчүндө

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 2-февралындагы № 41 «Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы төрт- түлүк малга зыян келтирген карышкырларды атып келгендерге кызыктыруучу сыйлык берүү жөнүндө» токтому

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VIII чакырылышынын кезектүү V сессиясы

2017-жылдын 2-февралы № 41 

«Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы төрт- түлүк малга зыян келтирген карышкырларды атып келгендерге кызыктыруучу сыйлык берүү жөнүндө»

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү V сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы айылдарды аралап төрт-түлүк малга зыян келтирген карышкырларды атып келгендерге кызыктыруучу сыйлык катары айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен ар бир атып келген карышкырга 10000сом өлчөмүндө сыйлык берилсин.

2.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссиясына тапшырылсын.

3.    Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4.    Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага

Э. Сагынбеков