ТоктомКүчүндө

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 2- февралындагы № 42 «Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын жашоочуларынын кайрылуусу жөнүндө» токтому

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VIII чакырылышынын кезектүү V сессиясы

2018-жылдын 2- февралы № 42

 “Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын жашоочуларынын кайрылуусу жөнүндө”

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү V сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын жашоочуларынын кайрылуусун эске алып, Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы тиш дарылоочу адис И.Адишовдун иштөөсүнө шарт түзүп берүү үчүн райондук тиш даарылоо бөлүмүнө кат жолдоо жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго тапшырылсын.

2.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңештин Регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Нуржакыповго тапшырылсын.

3.    Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4.    Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага

Э. Сагынбеков