Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2004-жылдын 1-декабры № 31/2
"Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу
мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунда
биринчилик дилерлердин иши
жөнүндөгү" Жобо тууралуу
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, "Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунда биринчилик дилерлердин иши жөнүндөгү" Жобонун долбоорун карап көрүү менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сунуш кылынган "Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунда биринчилик дилерлердин иши жөнүндөгү" Жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Акчакредиттик операциялар Башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн.
3. Токтом, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлгөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Ушул токтом күчүнө кирген учурда Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунда биринчилик дилерлердин статусуна ээ болушкан финансы-кредиттик мекемелер, ошол статусту сактап кала тургандыгы белгиленсин.
5. Токтом күчүнө кирген учурдан тартып төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп таанылсын: Улуттук банк Башкармасынын 1999-жылдын 24-декабрындагы № 71/3 ""Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунда биринчилик дилерлер жөнүндөгү" Жобонун жаңы редакциясы тууралуу" токтому;
- Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 19-майындагы № 21/5 "Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунда биринчилик дилерлер жөнүндөгү" Жобого толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 22-сентябрындагы № 25/5 "Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунда биринчилик дилерлердин иши жөнүндөгү" Жобо тууралуу" токтому.
6. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсыл күнү жарыяландыгы) тууралуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдалсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары М.Б.Ишенбаев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | У.К. Сарбанов |
Башкарманын мүчөлөрү Алдашева А.А.
Джуматаев Т.Н.
Ишенбаев М.Б.
Молдоканов Ш.И.
Мырзабаева М.А.
Омурзакова Г.М.