Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2005-жылдын 19-марты N 6/2
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндөгү" жобону бекитүү тууралуу
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 9-июнундагы № 24/1 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, "Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндөгү" жобонун жаңы редакциясынын долбоорун карап көрүү менен токтом кылат:
1. Сунуш кылынган "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндөгү" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 9-июнундагы № 24/1 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо Башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн.
3. Токтом, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик катоодон өткөртүлгөндөн кийин расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Токтом күчүнө кирген учурдан тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 10-сентябрындагы N 28/2 "Улуттук банктын көзөмөл боюнча комитети жөнүндөгү" токтому, ага ылайык "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөл боюнча комитети жөнүндөгү" жобо бекитилген;
- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 9-июнундагы N 14/9 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөл боюнча комитети жөнүндөгү" жобо өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.
5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо Башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, "Эсептешүү-Сактык компаниясы" ААКсын, КАФКны жана Финансы компаниясын тааныштырсын.
6. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсыл күнү жарыяландыгы) тууралуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдалсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары, айым Г.М.Омурзаковага ыйгарылсын.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкарманын төрагасы |
| У.Сарбанов |