КР Улуттук Банк башкармасынын
2009-жылдын 23-сентябрындагы № 38/3 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2002-жылдын25-октябрында 134-02 номеринде каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2002-жылдын 9-сентябрындагы № 36/4 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарды жана башка финансы-кредиттик мекемелерди консервациялоо жөнүндө Убактылуу жобо Бул Убактылуу жобо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз РеспубликасынынУлуттук банкы жөнүндөгү", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банкиши жөнүндө", "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" мыйзамдарына жанаКыргыз Республикасынын башка нормативдик жана укуктук актыларына ылайыкиштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияалышкан коммерциялык банктарга жана финансы-кредиттик мекемелерге кон-сервациялоо режимин киргизүүнүн, алардын мөөнөтүн узартуунун жана ток-тотуунун негиздерин, тартибин аныктайт. 1. Жалпы жоболор 1.1. Консервациялоо режими Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан(Улуттук банк) лицензия алышкан коммерциялык банктарга жана финан-сы-кредиттик мекемелерге карата (мындан ары - банктар) банктык мыйзам-дарга жана банкроттук (кудуретсиздик) мыйзамына ылайык Улуттук банк та-рабынан колдонулуучу процедуралардын бири болуп саналат. 1.2. Консервация банкроттук жөнүндө мыйзамда каралган негиздердинорун алышы учурунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (Улуттукбанк) чечими менен киргизилет. 1.3. Улуттук банк консервациялоону андан ары узартуу мүмкүндүгүменен жалпысынан алганда эки жылдан ашпаган мөөнөткө киргизет. Консер-вациялоо Улуттук банктын чечими боюнча мөөнөт аяктаганга чейин эле ток-тотулушу мүмкүн. 1.4. Улуттук банк, кайсыл болбосун убакта консервациялоо режиминтоктотуп жана Мыйзамдарга ылайык жоюу процедурасын баштоо үчүн банктынлицензиясын кайтарып ала алат. 1.5. Банк консервациялоо үчүн чыгашаларды кошо алганда, банктынатынан келишилүүчү бүтүмдөрдүн бардык түрү боюнча толук жоопкерчиликтеболот. Консерватор жана Улуттук банк аны консервациялоого жана консерва-торду дайындоого байланыштуу, банктын бүтүмдөрү жана чыгашалары боюнчажоопкерчилик тартышпайт. 1.6. Улуттук банк жана консерватор эгерде, банктын толоогожөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жетишилбеген болсо, жоопкерчилик тар-тышпайт. 1.7. Ушул убактылуу Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат: - каршы аракеттенүү жөнүндө акт - башкаруу органдарынын жана (же)банктын (анын филиалынын, туунду мекемесинин) айрым кызматкерлери жанабашка үчүнчү тараптар тарабынан консерваторго (анын өкүлдөрүнө) каршыаракеттенүүсү фактысы боюнча түзүлөт; - карызгер-банк - төлөөгө жөндөмсүз деп жарыяланган же таанылганбанк; - консервация - Улуттук банктан лицензия алган банкка же финан-сы-кредиттик мекемеге карата колдонулуп, финансылык жана/же уюштуруучу-лук мүнөздөгү комплекстүү ишчараларды өткөрүүнү караган банкроттук про-цедурасы; - консерватор - Улуттук банктан лицензия алган бачкты жана финан-сы-кредиттик мекемени консервациялоо процессин жүргүзүүдө каралганкомплекстүү ишчараларды жүзөгө ашыруу максатында, Улуттук банк тарабы-нан дайындалган адам; - кредитор - кыргыз жана чет өлкөлүк юридикалык жактарды жанаадамдарды, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдарынын атынан иш алып бар-ган Кыргыз Республикасын кошо алганда, карызгерден алган милдеттенмесинаткарууну талап кылууга; мүлктү өткөрүп берүүгө, иштерди аткарууга, ак-ча төлөп берүүгө ж.б. укуктуу жак (адам); - консерватордун өкүлү - консервациялоо боюнча ишке катышуу үчүнжана консерватор тарабынан белгиленген бөлүштүрүүлөргө ылайык милдет-терди жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу, Улуттук банк (же консер-ватор) тарабынан дайындалган квалификациялуу адис; - башкаруу органдарынын жана (же) банктын (анын филиалынын, туундумекемесинин) айрым кызматкерлеринин жана башка үчүнчү тараптардын кон-серваторго карата каршы аракеттенүүсү; - башкаруу органдарынын жана (же) банктын айрым кызматкерлерининжана башка үчүнчү тараптардын консерваторго (анын өкүлдөрүнүн) аларгабанкроттуулук жөнүндө мыйзамдарга ылайык ага жүктөлгөн милдеттерди жанаушул Жободогу функцияларды аткарууга тоскоолдук кылган же алардын атка-рылышын мүмкүн эместикке такаган аракеттери же аракеттенбей коюлары; - Улуттук банктын структуралык бөлүмү - Улуттук банктын уюштуруу-чулук структурасында каралган башкармалык, бөлүм жана/же кызмат; - катышуучу - карызгерге карата милдеттүү укукка же болбосо анынмүлкүнө менчикке укукка же башка укуктарга ээ болгон жеке адам жанаюридикалык жак (уюштуруучуларды, акционерлерди, мүчөлөрдү ж.б. кошо ал-ганда). 2. Консервациялоо режимин киргизүү 2.1. Банкты консервациялоо режими Улуттук банк Башкармасы тарабы-нан консервациялоо режимин киргизүү жана консерваторду дайындоо жөнүндөчечим кабыл алынган учурдан тартып башталат. Консервациялоону киргизүүжөнүндө чечим эгерде, Улуттук банктын чечиминде башкалар каралбаганболсо, дароо күчүнө кирет. 2.2. Консервациялоо режими банкроттуулук жөнүндө мыйзамда каралганнегиздердин болушу учурунда, төмөндөгүлөр үчүн киргизилет: - кредиторлордун жана аманатчылардын кызыкчылыгы үчүн банктын ак-тивдерин, бухгалтердик китептерин жана жазууларын сактоо максатында,консерватор аркылуу банкка Улуттук банктын контролдугун белгилөө; - банктагы иштердин реалдуу абалын билүү жана төмөндөгү чечимдер-дин бирин кабыл алуу: - консервациялоонун жүрүшүндө банктын проблемасын чечүү (реалдуумүмкүнчүлүктөрдүн жана банктын акционерлери (катышуучулары) тарабынананын финансылык абалын жакшыртуу боюнча реалдуу мүмкүнчүлүктөрдүн жанааракеттердин болушу); - төлөөгө жөндөмдүүлүктүн калыбына келгендигине, Улуттук банктынбардык нормативдерине жана талаптарына ылайык келгендигине жана консер-вациялоонун милдеттеринин жетишилгендигине байланыштуу консервациялоонутоктотуу жөнүндө; - банкты сатуу же башка банк менен бириктирүү жолу аркылуу кайраөзгөртүп түзүү; - мыйзамдарга ылайык банкты жоюу жөнүндө. 2.3. Консерваторду дайындаган убактан тартып, банктын бардык баш-каруу органдарынын ыйгарым укуктары токтотулат жана банкроттуулукжөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте консерваторго өткөрүлүп берилет. 2.4. Консерваторду дайындаган убактан тартып жана консервациялооучурунда банкка төмөндөгүлөр колдонулат: 1) банктын акционерлери атайын администрлоо процедурасын козгоожөнүндө чечимди кабыл ала алышпайт, эгерде, мындай чечим мурда кабылалынган болсо, анда ал жараксыз деп таанылат; 2) атайын администрлөө процессин козгоо же банкроттоонун башкапроцедурасын колдонуу Улуттук банктын жактыруусу менен консерватордунчечими боюнча гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн, ал эми бул маселе боюнчамурда берилген кайсы болбосун арыздар четке кагылууга тийиш; 3) банкка коюлган мүлктү төлөтүүгө же банктын карамагында же кол-донуусунда турган мүлктөрдү кайтарып берүүгө байланыштуу аракеттердижүргүзүүгө тыюу салынат; 4) карызгердин бардык карыздык милдеттенмелери боюнча акчалайайыптарды (айып, пения) кошуп эсептөө (начисление) токтотулат; 5) төлөттүрүп алууга мыйзам нормаларына ылайык талап кылууга укук-туу болгон кайсыл болбосун кредитор, консеоваторду дайындагандан кийинэле, дароо доо арызы менен кайрылууга укуктуу; 2.5. Банктын өзгөчө статусу - аны консервациялоо Улуттук банк та-рабынан чечим кабыл алынган жана консерватор дайындалган учурдан тартыпбашталат. 2.6. Эгерде, консервациялоо режиминин демилгечиси Улуттук банк бо-ло турган болсо, Банктык көзөмөл Башкармалыгы Көзөмөл методологиясы жа-на лицензиялоо Башкармалыгы менен бирдикте консервациялоону баштоожөнүндө төмөндөгүлөр тиркелүүгө тийиш болгон өтүнүч катты Улуттук банкБашкармасына даярдайт: - банк жөнүндө жалпы маалымат (уюштуруу-укуктун формаларын, акыркыкаттоо номерин көрсөтүү менен толук аталышын, акыркы катталуу күнү,башкы мекеменин жайгашкан орду, туунду мекемелеринин, филиалдарынын,өкүлчүлүктөрүчүн, терминалдарынын саны, банк операцияларын жүзөгө ашы-рууга карата берилген лицензиянын номери жана берилген күнү); - консервациялоону баштоонун зарылчылыгынын тиешелүү нормативдикактыларга таянуу менен негизделиши; - акыркы инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, банктын абалыжөнүндө маалыматтар; - банктын акыркы датага карата отчетунан маалыматтар (бухгалтердикбаланс, баланстан тышкаркы милдеттенмелер жөнүндө маалыматтар, актив-дердин классификацияланышы, каржылоо булактарынын структурасы, валютатүрүндө төлөөнүн мөөнөттөрү боюнча активдердин жана милдеттенмелердинструктурасы); - мыйзамдарга ылайык, консервациялоо аракетинин сунуш кылынганмөөнөтү; - банктын өздүк капиталын адекваттуу дењгээлге чейин көбөйтүүгөмүмкүн болгон булактарды көрсөтүү менен аны финансылык жактан жакшыртуужөнүндө сунуштар; - банк операцияларынын айрым түрлөрүн чектөө боюнча (зарылчылыккажараша) сунуштар; - Улуттук банктын Банктык көзөмөл Башкармалыгынын жана Көзөмөл ме-тодологиясы жана лицензиялоо Башкармалыгынын консервациялоону баштоожөнүндө өздөрүнүн өтүнүч каттарын негиздөө үчүн олуттуу деп эсептегенбашка маалыматтар. 2.7. Банктык көзөмөл Башкармалыгы жана Көзөмөл методологиясы жаналицензиялоо Башкармалыгы тарабынан ушул Жобонун 2.5.-пунктуна ылайыкберилген маалыматтар информациялык мүнөзгө ээ болот. Улуттук банк Баш-кармасы банкка консервациялоо режимин киргизүү жөнүндө чечимди кабылалууда, бул информацияны эске алышы мүмкүн. 2.8. Эгерде, консервациялоо процедурасынын демилгечиси катышуучу-лар же болбосо кредиторлор боло турган болсо, анда банкка консервация-лоону киргизүүгө Улуттук банктын макулдугу зарыл. Макулдукту алуу үчүн банктын катышуучулары жана кредиторлору Улут-тук банкка консервациялоону өткөрүү жөнүндө өтүнүч катты жана чечимдикабыл алуу үчүн зарыл болгон документтерди берүүгө тийиш: - банктын карызы бар экендиги жана төлөө мөөнөтүндө алардынтөлөнбөгөндүгү жөнүндө маалыматтарды; - банктын жогорку органынын консервациялоо режимин киргизүүжөнүндө Улуттук банкка өтүнүч катты жолдоо жөнүндөгү чечимин; - банкты консервациялоону баштоонун зарылчылыгынын тиешелүү норма-тивдик актыларга таянуу менен негизделиши; - акционерлердин жалпы жыйналышында бекитилген банктын капиталынкөбөйтүүнүн реалдуу булактарын көрсөтүү менен банктын финансылык абалынжакшыртуу боюнча ишчаралардын планын (консервациялоо жөнүндө чечим жый-налыштын катышуучуларынын 60% добушу менен кабыл алынса, мында жыйналышакционерлердин жалпы санынын үчтөн экиси түзгөн кворум учурунда укукту-улук (правомочно) негизге ээ); - банктын катышуучуларынын (же потенциалдуу инвесторлорунун)мөөнөттөрүн милдеттүү түрдө көрсөтүү менен, бирок 6 (алты) айдан ашпа-ган, банктын уставдык капиталын инвестициялоо ниеттерин тастыктоочу до-кументти; - Улуттук банк банкты консервациялоо процессин баштоо үчүн башканегиздерди көњүлгө алууга укуктуу. Улуттук банктын чечими боюнча банкротко чыгаруу процедурасы баш-талгандан кийин, консервациялоо администратордун демилгеси боюнча жанаУлуттук банктын макулдугу менен гана болушу мүмкүн. 2.9. Зарыл болгон учурларда Банктык Көзөмөл Башкармалыгынын жанаКөзөмөл методологиясы жана лицензиялоо Башкармалыгынын консервациялоонубаштоо жөнүндөгү өтүнүч каты, бул өтүнүч кат Улуттук банк Башкармасынынкароосуна коюлганга чейин, Улуттук банктын тиешелүү структуралыкбөлүмдөрү менен макулдашылат. 3. Консервациялоону баштоо жана консерваторду дайындоо жөнүндө чечимди кабыл алуу 3.1. Банкты консервациялоо жөнүндөгү демилге банктын катышуучуларыжана кредиторлору тарабынан же болбосо Улуттук банктын демилгеси боюнчакелип чыккандыгына карабастан, консервациялоо режимин киргизүү жөнүндөчечим, Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынат. Улуттук банкБашкармасынын консервациялоо режимин киргизүү жөнүндө чечими Улуттукбанк Башкармасынын токтому менен таризделет. 3.2. Башкарманын кворуму жетишпеген учурда, Улуттук банктын Төра-гасы же анын милдетин убактылуу аткаруучу консервациялоону баштоожөнүндө, ошондой эле Башкарманын регламентине ылайык консервациялоо ре-жиминин мөөнөттөрүн өзгөртүү тууралуу буйрук чыгарууга укуктуу. 3.3. Улуттук банк Башкармасы кайсыл болбосун учурда консервациялооаракетинин мөөнөттөрүн өзгөртүү жана консерватордун ыйгарым укуктарынынөлчөмү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. 3.4. Консервациялоону баштоо жөнүндөгү Улуттук банк Башкармасынынтоктомунда (Улуттук банктын Төрагасынын же анын милдетин аткаруучуадамдын буйругунда, 3.2.-пунктунда көрсөтүлгөн учурда) төмөндөгүлөркөрсөтүлөт: - консервациялоо режимин баштоо жөнүндө чечим кабыл алынып жатканбанктын аталышы; - консервациялоону баштоо жөнүндө чечим кабыл алууга негиз болгонмыйзамдын статьясына (пункттуна) таянуу; - консервациянын аракеттенүү мөөнөтү; - банк тарабынан эсептешүүлөрдү жана төлөмдөрдү жүзөгө ашыруунун(зарыл болгон учурларда) тартиби; - банктын ишине коюлуучу чектөөлөрдүн тизмеси (зарыл болгон учур-ларда); - консерватор тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгонтапшырмалар жана көрсөтмөлөр; - Улуттук банк Башкармасынын пикири боюнча, консервациялоо проце-дурасынан келип чыккан милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон, башка жо-болор. 3.5. Банктык көзөмөл Башкармалыгы банкты консервациялоо режиминкиргизүү жөнүндө Улуттук банк Башкармасынын чечими менен тааныштырат. 3.6. Консервациялоону баштоо жөнүндө чечим Улуттук банк Башкарма-сынын регламентине ылайык, Улуттук банктын структуралык бөлүмдөрүнө жа-на областтык Башкармалыктарына билдирилет. 3.7. Банктык көзөмөл Башкармалыгы, консервациялоону баштоо жөнүндөчечим кабыл алынган күнү билдирме катын даярдайт жана белгиленген тар-типте, Улуттук автоматташтырылган клиринг Палатасына (НАКП) клирингдинкатышуучулары болгон коммерциялык банктарга жана финансы-кредиттик ме-кемелерге жөнөтүлөт. Билидрүү каты төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш: - Улуттук банктын тиешелүү чечиминин номерин жана кабыл алынганкүнүн көрсөтүү менен консервациялоону баштоо жөнүндө билдирүүнү; - консервациянын аракетинин мөөнөтүн (консервациянын башталышынынжана токтошунун датасы); - консерватордун ыйгарым укуктарын; - консерватордун жана экинчи колтамганы коюга укутуу адамдын кол-тамгаларынын үлгүлөрүн. Катка Улуттук банктын Торагасынын Банктык көзөмөл Башкармалыгынатүздөн-түз жетекчилик кылган орун басары кол коет. 3.8. Улуттук банк тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынган күндөнтартып, 3 (үч) күндүн ичинде Улуттук банктын басма сөз кызматы консер-вациялоону баштоо жөнүндө 2 (эки) республикалык (шаардык) газеталаргажана Улуттук банктын поесс-релизине кыргыз жана орус тилдеринде жарыя-лана турган билдирүүнү даярдайт. 3.9. Консервациялоо процедурасын баштоо жөнүндө чечимдин кабылалынышы менен Улуттук банк банктын консерваторун дайындайт. 3.10. Консерватор, банкты консервациялоо жөнүндө чечим кабыл алын-ган учурдан тартып ыйгарым укугун жүзөгө ашыра баштайт. Мында, Улуттукбанк Башкармасынын токтому анын ыйгарым укугун жүзөгө ашырууга негизболуп саналат. 3.11. Консерватор консервациялоо процедурасын иштеп жаткан кызмат-керлер аркылуу же болбосо эмгек мыйзамына ылайык, консерватор тарабынанбелгиленген шарттарда (төлөө шарттарын кошуп алганда) жањы кызматкер-лерди тартуу менен жүзөгө ашырууга укуктуу. 3.12. Консерватор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ушул Убак-тылуу жобого жана Улуттук банктын башка нормативдик актыларына ылайыкаракеттенет. 3.13. Улуттук банк Улуттук банктын кызматкерлери администратор бо-луп дайындалгандан башка учурларда, администратордун ишин жүзөгө ашыру-уга укук берген лицензияга ээ квалификациялуу адисти консерватор кылыпдайындайт. 3.14. Консерватор болуп Улуттук банктын квалификациялуу адиси кыз-маткери же администраторлук ишти жүзөгө ашырууга укук берген лицензиягаээ, консервациялоо режими учурунда Улуттук банк менен келишим түзгөнадам дайындала алат. 3.15. Консерваторду дайындоодо Улуттук банктын Төрагасы же анынмилдетин убактылуу аткаруучу консервациялоону баштоо жөнүндө чечимдиннегизинде, консерваторду дайындоо жөнүндө буйрук чыгарат. 3.16. Улуттук банктын кызматкери болгон адамды консерватор кылыпдайындоо эгерде, бул анын кызматтык милдетинде каралбаган болсо, анынмакулдугу менен жүзөгө ашырылат. 3.17. Белгиленген тартипте, аталган кызматкердин консервация ишинекатышуусу анын кызматтык милдети тарабынан каралган учурларды эске ал-баганда, Улуттук банктын кызматкерлери болгон консерватор, консервация-лоонун бардык мөөнөтү учурунда негизги кызмат орду боюнча кызматтыкмилдетинен бошотулат. Белгиленген мөөнөттө анын ээлеген кызматы жана иш орду сакталыптурат. 3.18. Улуттук банктын кызматкерлеринен турган консерватордун жанаанын өкүлдөрүнүн эмгек акыларын төлөөнүн шарттары Улуттук банктын кыз-маткерлеринин эмгек акыларына төлөө жөнүндөгү Жобого ылайык белгиленет. 3.19. Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө мыйзам тарабынан адми-нистраторго карата коюлган талаптарга жооп бербеген адам консерваторболуп дайындала албайт. 4. Консерватордун укуктары жана милдеттери 4.1. Банкты консервациялоо процедурасын жүргүзүү банкроттукжөнүндө мыйзамга ылайык Консерватордун негизги милдети болуп саналат.Консерватор өз ишин жүзөгө ашырууда Улуттук банктын нормативдик актыла-рына каршы келбеген банктын ички нормативдик актыларын жетекчиликкеалууга укуктуу. 4.2. Консервациянын жүрүшүндө консерватор төмөндөгүлөрдү жүзөгөашырат: - банктын финансылык абалынын начарлап кетүүсүн алдын алуу боюнчаар кандай ишчараларды кабыл алат; - банктын жазууларынын, документтеринин жана активдеринин сакталы-шын камсыз кылат жана алардын кимдир бирөөлөр тарабынан алынып коюлушу-нун жана жок кылынышынын алдын алат; - банктын финансылык отчеттуулугунун финансылык отчеттуулуктунэларалык стандарттарына туура келүүсүн текшерет; - банктын чыгашаларын мүмкүн болушунча минимизациялоого жетишет; - зарыл болгон учурларда, банктын кабыл алган депозиттери жанабашка кредиттик карыздары боюнча милдеттенмелеринин аткарылышын консер-вациянын учурунда толук же жарым-жартылай токтотот; - зарыл болгон учурларда, банктын каражаттарды салуусун кароочубанк тарабынан бекитилген келишимдердин аракеттенүүсүн консервациянынучурунда токтотот; - банктын ишинин абалы менен таанышкандан кийин, эгерде ушундайучурлар келип чыкса, укук коргоо органдары менен өз ара мамилелешүүүчүн өздөрүнүн аракеттерин макулдашуу боюнча Улуттук банкка кайрылат; - банктын катышуучуларынын банктын финансылык абалын жакшыртуу бо-юнча реалдуу мүмкүнчүлүктөрү жана ниеттери бар учурда, банктын төлөөгөжөндемдүүлүгүн калыбына келтирүү боюнча тиешелүү чараларды жүзөгө ашы-рат; - банк туш болуп жаткан кыйынчылыктарды олуттуу түрдө жөнгө салуупроцессине алып келүүчү башка чараларды (потенциалдуу чыгым тартуулардыминимумга жеткирүү жана активдердин потенциалдуу сатылуусун максимумгажеткирүү жана аларды калыбына келтирүү менен) башка учурларда мүмкүнболбой тургандай кабыл алат. 4.3. Консерватор төмөндөгүлөргө укуктуу: - мыйзамдарда каралган банкротко чыгаруу процедурасын козгоо боюн-ча Улуттук банктын алдында демилге көтөрүүгө; - Улуттук банктын макулдугу менен айрым же бардык аманатчыларга,аларга тиешелүү эсептелинген суммаларды толук же жарым-жартылай төлөпберүүгө; - эгерде, бул операция банктын абалын чыњдоо боюнча пландын бирстатьясы болуп саналса жана Улуттук банн Башкармасынын чечими мененчектелбеген болсо, депозиттерди (аманаттарды) кабыл алууну кошо алгандакарыздык каражаттарды тартууга; - активдерди сатууну кошо алганда консервациялоонун кызыкчылыгыүчүн банктын мүлктөрүн тескөөгө; - филиалдарды, туунду компанияларды, өкүлчүлүктөрдү жабууга; - катышуучуларга дивиденддерди жана кайсыл болбосун башкатөлөмдөрдү төлөп берүүнү токтотууга; - банктын атынан жана анын кызыкчылыгы үчүн кайсыл болбосун доку-менттерге жана келишимдерге колтамга коюга; - банктын атынан жана анын кызыкчылыгы үчүн доо талаптарын коюга; - банкта көзкарандысыз аудитордук текшерүүнү жүргүзүүгө келишимдитүзүүгө; - банктын консерваторунун өкүлдөрү жана кызматкерлери аткаруугамилдеттүү болгон буйруктарга жана буйрууларга кол коюуга; - ишке алуу, кызматка дайындоо, кызматтан бошотуу, төмөндөтүү жекызматынан убактылуу четтетүү, банктын кызматкерлеринин ортосундагымилдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө буйруктарды (милдеттүү түрдө эмгек мый-замын сактоо менен) чыгарууга; - эмгек мыйзамына ылайык банктын (башкы мекеменин, бөлүмдөрдүн,филиалдардын) штаттык расписаниесин кайра карап чыгууга; - аткаруучу кызмат адамдарын жумуштан бошотууга; - контракт боюнча адистерди тартууга; - банктын жетекчилерин жана катышуучуларын жана банктын башкаадамдарын консервацияны баштоого алып келген жана банктын кызыкчылыкта-рына доо кетирген аракеттери үчүн Улуттук банк менен бул аракеттердиалдын ала макулдашып, анын ичинде тиешелүү укук коргоо жана сот орган-дарына кайрылуу менен жоопко тартуу жөнүндө маселени коюуга; - банкты консервациялоо учурунда сотто консервациялоо жүзөгө ашы-рылып жаткан банктын атынан доочу же жооп берүүчү катары өкүл болууга; - банктын атынан башкаларга (үчүнчү тарапка) каршы сот ишин башто-ого демилге көртөрүүгө; - ыйгарым укуктары консервациялоо учурунда токтотулган банктын ат-каруу органдарына жүктөлгөн башка функцияларды аткарууга. 4.4 Консерватор консервациялоо режими киргизилген күндөн тартып,30 күндүн ичинде Улуттук банкка банктын учурдагы абалын анализдөөнүкамтыган ишчаралардын планын жана банктын андан аркы иши боюнча (жак-шыртуу жана жоюу) жана/же: - кайра капитализацияоонун же финансылык абалды чыњдоонун планын; - сатуунун (жарым-жартылай жана толук) планын; - реабилитациялоо планын жана сунуштарды кароого коюуга мидеттүү; Эгерде, консервацияны баштоо демилгесин банктын катышуучулары жанаконсерваторлору көтөргөн шартта, консерватор Улуттук банкка финансылыкабалды жакшыртуу боюнча ишчаралардын планы жөнүндө бул адамдар тарабы-нан берилген бүтүмдү берүүгө тийиш. Зарыл болгон учурларда, консерватор, Улуттук банк менен макулдашуубоюнча жана банкка банктын финансылык абалын жакшыртуу боюнча ишчара-лардын планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө укуктуу. 4.5. Банктын абалын жакшыртуу максатында, консервациялоо режимининжүрүшүндө төмөндөгү иш-чаралар жүзөгө ашырылышы мүмкүн: - консерватор гарабынан банктын катышуучуларына банкты жакшыртуубоюнча кат жүзүндөгү сунушту жөнөтүүсү. Мында жооп алынбаса же банктыжакшыртуу боюнча аракеттер жүзөгө ашырылбаса (банктын Улуттук банктагыкорсчетуна залынган акча каражаттарынын болушу гана көњүлгө алынат)консерватордун сунушу аткарылбаган катары эсептелинет. Бул сунуш биргана жолу жөнөтүлүүгө тийиш. Сунушту жөнөтүү учурунда банктын ири кре-диторлору бир эле учурда маалымдалууга тийиш; - банктын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү үчүн акча кара-жаттарынын зарыл болгон суммасын кайра калитализациялоо жөнүндөгү су-нушту банктын катышуучуларынын жана кредиторлорунун консерваторго кою-су; - Улуттук банк, Банктык козөмөл Башкармалыгынын ыйгарым укуктуукызмат адамы аркылуу ишчаралардын планын алгандан кийин, эки жуманыничинде консерваторго банкты капитализациялоо жөнүндө маселени белгилен-ген тартипте көтөрүп чыгууну кат жүзүндө сунуш кылат. 4.6. Банктын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү үчүн салын-ган акча каражаттары банктын атынан консерватор тарабынан жүзөгө ашыры-лат жана банктын Улуттук банитагы корсчетуна салынат 4.7. Консерватор, банкты капитализациялоону жүзөгө ашыруу үчүнконсерватор тарабынан сунуш кылынган мөөнөттөрдү кийинкиге жылдырууганиеттенген адамдардын аракеттерин, ошондой эле бул адамдардын кыйынчы-лыктарды жана башка кырдаалдарды шылтоолоо менен акча каражаттарын ке-лечекте капитализациялоо мүмкүндүгүнө таянуусун эске албоого укуктуу.Капитализациялоо жөнүндө шарттар белгиленген мөөнөткө аткарылбаганучурда, консерватор банкты жакшыртуу боюнча консервация мүмкүндүгүнбүттү деп эсептейт жана Улуттук банк Башкармасына консервациянымөөнөтүнөн мурда токтотуу жана атайын администрлөө процедурасын баштоожөнүндө демилгесин көтөрө алат. Улуттук банк Башкармасы консервациянын жүрүшүндө банктын проблема-сын чечүүгө мүмкүн болбогондукту эске алуу менен мыйзамдарга ылайыкбанкты жоюу жөнүндөгү чечим кабыл алууга укуктуу. 4.8. Консервацияны токтотуу үчүн негиздер орун алган шартта, кон-серватор Улуттук банкка консервацияны токтотуу жонүндө өтүнүч каттыжөнөтөт. 5. Консерватордун (консерватордун өкүлдөрүнүн) ишин уюштуруу жана анын иш тартиби 5.1. Банкты консервациялоо режими консервациялоо режимин баштоожана консерваторду дайындоо жөнүндөгү Улуттук банктын чечими кабыпалынган учурдан тартып башталат. 5.2. Консерватор өзүнүн милдеттерин аткарууга киришкен учурда,Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызмат адамы консерваторго жана анынөкүлдөрүнө банктын жетекчилигине жана коллективине тааныштырат. 5.3. Консерватор консервацияны баштоо жөнүндө Улуттук банк Башкар-масынын токтомунун көчүрмөсүн (же андан көчүрмөнү) тил кат астындабанктын жетекчисине тапшырат. 5.4. Банктын жетекчисинин консервацияны баштоо жөнүндө Улуттукбанк Башкармасынын чечими менен таанышуудан баш тарткан жана тайсалдоо,же болбосо консерватордун аракеттенүү- сүнө бут тосуу учурунда, консер-ватор каршылык көрсөтүлгөндүгү жөнүндө актгы түзөт. 5.5. Консерватор банкка келери менен анын филиалдарына, туунду ме-кемелерине жана өкүлчүлүктөрүнө консерватордун жана экинчи кол тамганыкоюга укуктуу адамдардын колтамгаларынын үлгүлөрүн камтыган билдирүүкатын жөнөтөт. 5.6. Консерватор банкка келери менен корреспондент банктарга (кий-кийинчерээк факс аркылуу тастыктоолор менен) төмөнкү мазмундагы бил-дирүү катын жөнөтөт: - консервацияны баштоо жөнүндө Улуттук банк Башкармасынын тиешелүүтоктомунун номерин, кабыл алынган күнүн көрсөтүү менен билдирүүнү; - консервациянын аракетинин мөөнөтүн; - консерватордун ыйгарым укугун; - консерватор жөнүндө маалыматты (анын аты-жөнүн жана негизги ишорду боюнча кызматын); - эгерде, консерватор Улуттук банктын кызматкери болуп саналбаса,администратордук ишти жүзөгө ашырууга укук берген лицензиянын номери; - консерватордун жана экинчи колтамга коюга укуктуу адамдардынколтамгаларынын үлгүлөрү; - консерватор консервацияны кызыкчылыгы үчүн билдирүүнү зарыл депэсептеген башка маалыматтарды. 5.7. Төмөндөгүлөрдү кошо алганда, банктын корреспонденттик счетто-ру боюнча залыштырып текшерүүнү жүзөгө ашырат: - номиналдык нарк боюнча эсепке алынуучу нангалай акчаны; - рыноктук же корректировкаланган нарк боюнча эсепке алынган баа-луу кагаздарды; - активдерди классификациялоо жана кредиттер, потенциалдуу кредит-тердик, лизингдик жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабуугарезервдерге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө Жобого ылайык корректировкала-нат; - баа наркы боюнча корректировкалануучу жана башка активдерди, ан-дан соњ, салыштырып текшерүүнүн жыйынтыгында анын айрым статьялары бо-юнча корректировкалоолорду эске алуу баланстык отчетту менен корректи-ровкаланат. 5.8. Консерватор анын милдетин башка адамга жүюоо жөнүндө чечимкабыл алынган учурда, ушул Жобонун 2-тиркемесинин 4-пунктуна ылайыкУлуттук банкка отчет берүүгө тийиш. Мындан тышкары, консерватор макулдашылган мөөнөттө банктын мөөрүн(штампты), ачкычтарын, бухгалтердик жана башка отчетторун ушул Жобонун1-тиркемесине ылайык тапшырууга жана консерватор болуп дайындалган адамаларды кабыл алууга тийиш. Мөөрдү (штампты), ачкычтарды, бухгалтердик жана башка отчеттордукабыл алуу жана өткөрүп берүү консерватор тарабынан белгиленген тартип-те жүзөгө ашырылат жана тиешелүү акт (актылар) менен таризделет. 6. Банктын филиалындагы (туунду мекемесиндеги) консерватордун өкүлү 6.1. Консерваторго жардам берүү үчүн консерватордун өкүлдөрүнүнтобу уюштурулушу мүмкүн. Консерватордун өкүлдөрүнүн саны банкта канчатуунду мекемелер жана филиалдык түйүндөр бар экендигине, ошондой элеалдыдагы иштердин мүнөзүнө жана көлөмүнө байланыштуу аныкталат. Финансы системасында 5 (беш) жылдан, банк чөйрөсүндө 3 (үч) жылданкем эмес иш тажрыйбасына ээ болгон квалификациялуу адистер же болбосоУлуттук банктын адистери консерватордун өкүлү боло алышат. 6.2. Банктын филиалында (туунду мекемесинде) консерватордун өкүлүболуп Банктык көзөмөл Башкармалыгынын кызматкери сыяктуу эле, Банктынфилиалынын (туунду мекемесинин) жайгашкан жери боюнча областтык Башкар-малык тарабынан сунуш кылынган талапкерлердин бири дайындалышы мүмкүн.Банктын филиалына (туунду мекемесине) консерватордун өкү- лүнө талап-керлер боюнча сунуш консерваторго жана Банктык көзөмөл Башкармалыгынасурап билүү каты алынгандан кийин, 1 (бир) күн ичинде жөнөтүлөт. Талап-кер ушул Жобо тарабынан консерватордун өкүлү үчүн белгиленген талаптар-га ылайык келүүгө тийиш. 6.3. Банктын филиалына (туунду мекемесине) консерватордун өкүлүндайындоо консерватордун буйругу менен таризделет жана банктын филиалы-нын (туунду мекемесинин) жайгашкан жери боюнча Улуттук банктын област-тык Башкармалыгына билдирилет. 6.4. Банктын филиалындагы (туунду мекемесиндеги) консерватордунөкүлү Улуттук банк Башкармасынын консервацияны баштоо жөнүндөгү токто-мунун, ошондой эле консерватордун аны дайындоо жөнүндөгү буйругунун не-гизинде иш алып барат. 6.5. Өкүл банктын филиалындагы (туунду мекемесиндеги) өзүнүн мил-детин аткарууга аны дайындоо жөнүндөгү буйрукта көрсөтүлгөн күнү, бирокУлуттук банктын консервацияны киргизүү жөнүндөгү чечими кабыл алынганкүндөн кийинки күнгө кечиктирбестен киришет. 6.6. Өкүл филиалдын (туунду мекеменин) жетекчисине өзүнүн дайын-далгандыгы жөнүндөгү буйруктун көчүрмөсүн тапшырат. Көчүрмө консерва-тордун өкүлүндө анын ыйгарым укугу токтотулганга чейин сакталуучу экин-чи үлгүсүндө тапшырылган күндү жана убакытты көрсөтүү менен банктын фи-лиалынын (туунду мекемесинин) жетекчисине колтамга коюлушу шартында,тапшырылат. 6.7. Банктын филиалынын (туунду мекемесинин) жетекчилеринин же ый-гарым укуктуу башка адамдарынын консерватордун өкүлүн дайындоожөнүндөгү консерватордун буйругу менен таанышуудан баш тарткан же тай-салдаган учурларда, ошондой эле консерватордун өкүлүнүн өзүнүн мыйзам-дуу ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда банктын кайсыл болбосун кызмат-керлери тарабынан тоскоолдуктар көрсөтүлгөн учурда, окүл каршылыккөрсөтүлгөндүгү жөнүндө акт түзөт жана аны ошол эле күнү консерваторгожана укук коргоо органдарына жөнөтөт. 6.8. Консерватордун өкүлү тиешелүү учурларда, консерватордун буй-руугу боюнча башка адам менен алмаштырылышы мүмкүн. 7. Банктын мөөрлөрүн жана ачкычтарын кабыл алуу жана өткөрүп берүү, консерватор мөөрлөрдү колдонуусу 7.1. Банктын жетекчиси банкка консерватор келери менен банктынбардык мөөрлөрүн (штамптарын) жана ачкычтарын (тесттик ачкычтарды кошоалганда) өткөрүп берүүгө тийиш Банктын жетекчиси бардык мөөрлөрдү(штамптарды) жана ачкычтарды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына же банк-тын мөөрлөрүн жана ачкычтарын каттоочу тиешелүү журналга кол койдурууменен тапшырат, ал эми консерватор кабыл алат. 7.2. Банктын филиалындагы (туунду мекемесиндеги) консерватордунөкүлү банктын филиалынын (туунду мекемесинин) жетекчисинен банктын фи-лиалынын (туунду мекемесинин) бардык мө- өрлөрүн (штамптарын) жана ач-кычтарын (тесттик акычтарды кошо алганда) кабыл алат. Банктын филиалынын (туунду мекемесинин) жетекчиси бардык мөөрлөрдү(штамптарды) жана ачкычтарды банктын филиалынын (туунду мекемесинин)мөөрлөрдү жана ачкычтарды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына же банктынфилиалынын (туунду мекемесинин) мөөрлөрдү жана ачкычтарды каттоочу тие-шелүү журналга кол койдуруу менен тапшырат, ал эми консерватордун өкүлүкабыл алат. 7.3. Мөөрлөрдүн оттискалары менен консерватордун, анын өкүлүнүн,ошондой эле тиешелүү документтерге колтамга коюга консерватор тарабынаныйгарым укуктуу болгон адамдын кол тамгалары күбөлөндүрүлөт. 7.4. Банктын жетекчилеринин же ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын(филиалынын (туунду мекемесинин) жетекчилери) мөөрлөрдү (штамптарды)жана ачкычтарды тапшыруудан баш тарткан учурда, консерватор (консерва-тордун өкүлү) өзүнүн ишин токтотуп, каршылык көрсөтүлгөндүгү жөнүндөактты түзөт жана укук коргоо органдарына кайрылат. Консервация токто-тулган мөөнөт консервациянын жалпы мөөнөтүнө камтылбайт. Консервация, аны токтотуу үчүн негиз болгон себептерди четтетүүменен жандандырылат. 8. Банктын документацияларын кабыл алуу жана өткөрүп берүү 8.1. Консерватор (консерватордун өкүлү) мөөрлөрдү (штамптарды) жа-на ачкычтарды кабыл алгандан кийин, бухгалтердик жана башка документа-цияларды ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык минималдуу тизме боюнча ка-был алууга, ал эми банктын (филиалынын же туунду мекемесинин) жетекчи-лери (ыйгарым укуктуу кызмат адамдары) жана башкы бухгалтер аларды тап-шырууга милдеттүү Консерватор (консерватордун өкүлү) ага белгилүү бол-гон жана ушул Жобонун 1-тиркемесинде келтирилген тизмеде көрсөтүлбөгөнбашка документацияларды өткөрүп берүүнү банктан талап кылууга укуктуу. Бул документацияларды кабыл алуу жана өткөрүп берүү консерватортарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттө жүзөгө ашырылат жана тие-шелүү акт (акттылар) менен таризделет. 8.2. Банктын (филиалынын, туунду мекемесинин) жөтекчилеринин (кыз-маткерлеринин) документацияларды тапшыруудан баш тарткан жана тайсалда-ган учурларында, консерватор (консерватордун өкүлү) өзүнүн ишин токто-туп, каршылык көрсөтүлгөндүгү жөнүндө актгы түзөт жана укук коргоо ор-гандарына кайрылат. Консервация токтотулган мөөнөт консервациянын жалпымөөнөтүнө камтылбайт. Консервация аны токтотуу үчүн негиз болгон себептерди четтетүү ме-нен жандандырылат. 9. Материалдык баалуулуктарды инвентаризациялоо. Банкнотторду жана башка баалуулуктарды текшерүү 9.1. Консерватор консервация башталган күндөн тартып, 30 күндүкмөөнөттөн кечиктирбестен банктагы бардык материалдык баалуулуктарды,анын ичинде банкка таандык болбогон жана анын карамагында күрөө катарыкармалып турган мүлктөрдү инвентаризациялоого (инвентаризациялоо),контрагент банктардагы счетторду текшерүүгө, банктын, анын филиалдары-нын жана өкүлчүлүктөрүнүн кассаларында, банкоматтарында, терминалдарын-да жана кассалык түйүндөн тышкаркы операциялык кассаларында кармалыптурган банкнотторду, монеталарды жана башка баалуулуктарды текшерүүгө,ошондой эле консервация датасына карата бардык контрагент банктардынсчеттору боюнча текшерүүгө далилдөөнү алууга милдеттүү. Банктын башкы мекемесинде инвентаризациялоо жана текшерүү эрежеде-гидей эле, банктын жетекчисине консервациянын башталуусу жөнүндөгүУлуттук банктын чечими тапшырылган күнү башталат. 9.2. Инвентаризациялоо жана текшерүүгө курамы консерватор тарабы-нан аныкталган комиссия тарабынан жүргүзүлөт. 9.3. Инвентаризациялоону жана текшерүүнү жүргүзүү жана алардын жы-йынтыгын тариздөө консерватор тарабынан белгиленген тартипте жүзөгөашырылат. 9.4. Банктын жетекчисинин жана (же) башкы бухгалтеринин, банктынбашка кызматкерлеринин инвентаризациялоону жана текшерүүнү жүргүзүүдөнбаш тарткан же тайсалдаган учурларында, консерватор каршылыккөрсөтүлгөндүгү жөнүндө акт түзүп, тоскоолдуктар четтетилгенге чейинконсервацияны токтотот. 10. Банктын эсептешүүчү документтерине кол коюунун жана аларды аткарууга кабыл алуунун өзгөчөлүктөрү 10.1. Банктын эсептешүүчү документтерине биринчи колтамга коюуукугу консерваторго, ошондой эле консерватор тарабынан ыйгарым укук бе-рилген анын өкүлүнө, ал эми банктын филиалынын (туунду мекемесинин)эсептешүүчү документтерине кол коюу консерватордун өкүлүнө таандык. Банктын төлөм документтерине экинчи колтамга коюу укугу банктынбашкы бухгалтерине же консерватордун милдеттерди бөлү- штүрүүгө ылайыкбашкы бухгалтердин милдетин аткаруучу өкүлүнө, банктын филиалынын (ту-унду мекемесинин) эсептешүү документтерине кол коюу укугу филиалдын(туунду мекеменин) башкы бухгалтерине же өкүлдүн сунушу боюнча филиал-дын (туунду мекеменин) башкы бухгалтеринин милдетин аткарууга консерва-тор тарабынан ыйгарым укук берилген башка адамга таандык болот. Консерватор тарабынан банктын жана(же) анын филиалдарынын (туундумекемелеринин) башкы бухгалтерлеринин банктын тө- лөө документтеринеэкинчи колтамга коюга милдети жана укугу каралышы мүмкүн. 10.2. Банктын жана анын филиалдарынын төлөм документтери Улуттукбанктын эсептешүү операцияларын жүзөгө ашыруучу структуралыкбөлүмдөрүнүн, Улуттук автоматташтырылган клиринг Палатасынын, коррес-пондент банктардын аткаруусуна ушул Жобонун 10.1.-пунктунда көрсөтүлгөнадамдардын колтамгаларынын коюлушу шартында кабыл алынат. 10.3. Банктын Улуттук банк менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруудаэлектрондук цифралык колтамгалар коюлган электрондук документтерин ат-карууга кабыл алуунун өзгөчөлүктөрү консерватор тарабынан Улуттук банк-тын тиешелүү структуралык бөлүмдөрү менен макулдашуу боюнча аныкталат. 10.4. Банктын башка банктар менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруудаэлектрондук цифралык колтамгалар коюлган электрондук документтерин ат-карууга кабыл алуунун тартиби жана өзгөчөлүктөрү Улуттук банктын норма-тивдик актылары менен жөнгө салынат. 11. Колтамгалардын үлгүлөрү камтылган карточкаларды тариздөө 11.1. Консерватор Улуттук банктын консервацияны баштоо жөнүндөгүтиешелүү токтому кабыл алынган күндөн тартып, 2 (эки) күндүн ичиндеУлуттук банктын Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук Башкармалыгы-на консерватордун жана консерватордун өкүлүнүн, ошондой эле банктынэсептешүү документтерине колтамга коюга консерватор тарабынан укук бе-рилген башка адамдардын колтамгаларынын үлгүлөрү камтылган карточканы(эки нускада) берет. 11.2. Консервация киргизилген жана консерватор дайындалган учурдабанктын төлөм документтерине колтамга коюга укуктуу болгон банктын жанаанын филиалдарынын (туунду мекемелеринин) кызматкерлеринин колтамгала-рынын үлүгүлөрү бар карточкалар жараксыз деп эсептелинет. Бул карточкалар Улуттук банктын Бухгалтердик эсепке алуу жана от-четтуулук Башкармалыгында сакталууга тийиш. 12. Консерватордун жана анын өкүлүнүн иштөө шарттары жана техникалык жактан камсыз болушу 12.1. Консерватор (анын өкүлдөрү сыяктуу) өздөрүнүн ишин алып ба-рууда эгерде, консерватордун (өкүлүнүн) коопсуздук кызыкчылыгы жана/жекызматтык маалыматты коргоого алуу же башка кырдаалдар консерваторгоөзгөчө иш шарттарын же техникалык камсыздандырууну талап кылбаса, банк-тын аткаруу органы үчүн белгиленген шарттарда кызматтык имараттар, бай-ланыш каражаттары, автомобиль транспорттор жана банкка таандык болгонбашка техникалык каражаттар менен пайдаланат. 13. Банктын отчеттуулугу жана консерватордун отчет берүүсү (подотчетность) 13.1. Банк консервация учурунда Улуттук банктыи талаптарына ылайыкотчетту (күндөлүк, айлык, кварталдык, жылдык жана башка отчетторду жанамаалыматтарды) берет. 13.2. Банктын бухгалтердик, статистикалык жана регулятивдик отчет-торуна консерватор, башкы бухгалтер же банктын отчетторду даярдоого жа-на берүүгө жооптуу болгон башка структуралык бөлүмүнүн начальниги (жеконсерватордун милдеттерди бөлүштүрүү боюнча банктын башкы бухгалтери-нин милдетин аткаруучу же банктын отчетторду даярдоого жана берүүгө жо-оптуу болгон башка структуралык бөлүмүнүн начальнигинин) колтамга кою-шат. 13.3. Банктын филиалынын (туунду мекемесиинин) бухгалтердик, ста-тистикалык отчетторуна консерватордун милдеттерди бөлүштүрүү боюнчабанктын филиалынын (туунду мекемесиинин) ишин жетекчиликке алуу боюнчамилдетти аткарган өкүлү жана банктын филиалынын (туунду мекемесиинин)башкы бухгалтери (же милдеттерди бөлүштүрүү боюнча банктын филиалынын(туунду мекемесинин) башкы бухгалтеринин милдетин аткаруучу өкүлү) колкоюушат. 13.4. Консерватор Улуттук банкка (Улуттук банктын Торагасынын наа-мына) аткарылган иштер жөнүндө ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык отчет-ту түшүндүрмө жазылган баракчалар менен: отчеттук айдан кийинки ар бирайдын 10 (онунчу) числосуна чейин; жума сайын - кийнки жуманын биринчииш күнүндө берет. Консерватордун анын иштеп турган бүтүндөй мезгилиүчүн кол коюулган отчету консервациянын токтотулган же анын милдетинбашка адамга ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн таргып 10 (он)жумуш күнү ичинде берилет. 13.5. Улуттук банк, консерватордон консерватордун компетенциясынакирүүчү маселелер боюнча кошумча маалыматтарды берүүсүн талап кылат. Улуттук банк, зарыл болгон учурларда, консерватор үчүн өзүнүн ишижөнүндө отчетторду берүүнүн жекече мөөнөттөрүн белгилөөгө укуктуу. 14. Консервация режимин узартуу 14.1. Улуттук банк, консервацияны консерватордун өтүнүч каты боюн-ча же өзүнүн жеке демилгеси боюнча: а) банктын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтиргенге чейин жекапиталдын адекваттуулугунун белгиленген коэфициентин жана банк мыйзам-дарында каралган милдеттүү нормативдерди аткарганга чейин; б) атайын администрлөө процедурасын (же мыйзамдарга ылайык банк-ротко чыгаруу процедураларын) баштоо жана козгоо жөнүндө чечимдерди ка-был алганга чейин узартууга укуктуу. 14.2. Консервацияны узартуу жана токтотуу жөнүндө чечим Улуттукбанк Башкармасынын токтому менен кабыл алынат. Улуттук банктын Төрагасы же анын милдетин убактылуу аткаруучуУлуттук банк Башкармасынын регламентине ылайык аталган чечимди кабылалуу үчүн зарыл болгон Улуттук банк Башкармасынын кворуму жетишсиз бо-луп калган учурда, консервацияны узартуу жөнүндө буйрукту чыгаруугаукуктуу. Консервацияны узартуу жөнүндө маселе консерватордун өтүнүч катыбоюнча дагы каралат. 14.3. Консервацияны узартуу жөнүндө чечим Улуттук банк Башкармасы-нын регламентине ылайык, Улуттук банктын структуралык бөлүмдөрүнө жанаобласттык Башкармалыктарына дароо билдирилет. 14.4. Улуттук банктын Банктык көзөмөл Башкармалыгы консервацияныузартуу жөнүндө чечим кабыл алынган күнү билдирүү катын даярдоо мененбелгиленген тартипте Улуттук автоматташтырылган клиринг Палатасына,коммерциялык банктарга жана финансы-кредиттик мекемелерге билдирилет. Билдирүү каты, консервацияны Улуттук банк тарабынан кабыл алынгантиешелүү чечимдин номерин жана датасын көрсөтүү менен узартуу жөнүндөгүмаалыматты камтууга тийиш. 14.5. Улуттук банктын басма сөз кызматы консервациялоону узартуужөнүндө Улуттук банк тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тар-тып, 3 (үч) күндүн ичинде 2 (эки) республикалык (шаардык) газеталаргажана Улуттук банктын пресс-релизинде кыргыз жана орус тилдеринде жарыя-лана турган билдирүүнү даярдайт. 15. Банктын аткаруу органынын ыйгарым укуктарын калыбына келтирүү 15.1. Төлөөгө жөндөмдүүлүк калыбына келтирилген жана Улуттук банк-тын нормативдик актыларынын жана башка талаптарынын аткарылышы учурун-да, консервацияны баштоого негиз болгон себептердин четтетилиши мененконсервациянын токтотулушу банктын ишинин кайрадан башталышына алып ке-лет. Банктын аткаруучу кызмат адамдарынын консервациялоо учурунда ток-тотулган ыйгарым укуктары эгерде, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рына ылайык кызматынан бошотулбаган болушса, консерватордун иши токто-гондон кийин калыбына келтирилет. 15.2. Консерватор банктын аткаруучу органынын ыйгарым укуктары ка-лыбына келтирилгенден кийин, макулдашылган мөөнөттө банктын мөөрлөрүн(штамптарын) жана ачкычтарык бухгалтердик жана башка документацияларынушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык тизме боюнча тапшырууга, банктын же-текчиси аларды кабыл алууга тийиш. Мөөрлөрдү (штамптарды) жана ачкычтарды, бухгалтердик жана башкадокументацияларды кабыл алуу жана өткөрүп берүү консерватор тарабынанбелгиленген тартипте жүгөгө ашырылат жана тиешелүү акт (акттылар) менентаризделет. 15.3. Банктын жетекчисинин банктын мөөрлөрүн (штамптарын) жана ач-кычтарын, бухгалтердик жана башка документацияларын кабыл алуудан баштартуусу же тайсалдоосу учурунда, консерватор каршылык көрсөтүлгөндүгүжөнүндө акт түзөт. Банктын жетекчисинин банктын мөөрлөрүн (штамптарын) жана ачкычта-рын, бухгалтердик жана башка документацияларын кабыл алуудан баш тарту-усу же тайсалдоосу ушул Жобонун 1.3 жана 14.2 пункттарына ылайык, кон-сервациянын аракетинин мөөнөтүн узартуу үчүн негиз болуп саналат. 16. Консерваторго каршы аракеттер жөнүндө акт 16.1. Каршы аракеттер жөнүндө акт каршылык көрсөтүлгөн фактылартабылган күнү түзүлүп, консерватордун (ал жок учурда, анын өкүлүнүн)колтамгасы коюлуп, Улуттук банкка жөнөтүлөт. Банктын филиалындагы (ту-унду мекемесиндеги) консерватордун өкүлү тарабынан түзүлгөн жана кол-тамга коюлган каршы аракеттер көрсөтүлгөндүгү жөнүндө акттын көчүрмөсүконсерваторго жөнөтүлөт. 16.2. Консерватор каршы аракеттери жөнүндө ушул убактылуу Жобогоылайык (жана башка учурларда) түзүлгөн акттын негизинде, банкротукжөнүндө мыйзамдарга жана Улуттук банктын нормативдик актыларына ылайыкконсервацияны жүргүзүү боюнча ишчараларды жүргүзүүдө банктын башкарууоргандарынын жана (же) анын айрым кызматкерлеринин каршылык көрсөткөнаракеттери жөнүндө арыз менен укук коргоо органдарына кайрылууга укук-туу. 16.3. Банктын (ошондой эле, филиалдарынын жана туунду мекемелери-нин) башкаруу органдарынын жана (же) анын айрым кызматкерлеринин кон-серваторго (анын өкүлдөрүнө) каршылык көрсөткөн аракеттери мыйзамгаылайык, банкка карата таасир көрсөтүү чараларын колдонуу үчүн негиз бо-луп саналат. 17. Консервацияны токтотуу 17.1. Консервация Улуттук банк Башкармасынын аны токтотуу жанаконсерваторду ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндөгү токтому күчүнө кир-ген убактан баштап токтотулат. 17.2. Консервация төмөндөгү учурларда токтотулушу мүмкүн: а) аны баштоого негиз болгон себептердин четтетилген, банктын фи-нансылык абалы жакшыртылган, анын төлөөгө жөндөмдүүлүгү калыбына келти-рилген жана Улуттук банктын милдеттүү нормативдик актылары жана мыйзам-дарда каралган башка талаптары аткарылганда; б) банк башка банк менен бириктирүү жолу аркылуу сатылганда жекайра өзгөртүлүп түзүлгөндө; в) банкка карата соттук же соттук эмес тартипте атайын адми-нистрлөө процедурасын, мыйзамдарга ылайык банкроттукка чыгаруу боюнчабашка процедураларды колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынганда. 17.3. Консервацияны токтотуу жөнүндө токтом Улуттук банк Башкарма-сы тарабынан кабыл алынат. Улуттук банктын Төрагасы же анын милдетин убактылуу аткарган Улут-тук банк Башкармасынын регламентине ылайык бул чечимди кабыл алуу зарылболгон үчүн Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү кворуму жетишсиз болгонучурунда, консервацияны токтотуу жөнүндө буйрук чыгарууга укуктуу. Консервацияны токтотуу же анын меөнөтүн узартуу жөнүндө маселеконсерватордун өтүнүч каты боюнча дагы каралышы мүмкүн. 17.4. Консервацияны токтотуу жөнүндө чечим Улуттук банк Башкарма-сынын регламентине ылайык, Улуттук банктын структуралык бөлүмдөрүнө жа-на областтык Башкармалыктарына билдирилет. 17.5. Улуттук банктын Банктык көзөмөл Башкармалыгы консервациянытоктотуу жөнүндө чечим кабыл алынган күнү билдирүү катын даярдайт, албелгиленген тартипте Улуттук автоматташтырылган клиринг Палатасына,клирингдин катышуучулары болгон коммерциялык банктарга жана финан-сы-кредиттик мекемелерге билдирилет. 17.6. Улуттук банктын басма сөз кызматы консервацияны токтотуужөнүндө Улуттук банк тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тар-тып, 3 (үч) күндүн ичинде 2 (эки) республикалык (шаардык) газеталаргажана Улуттук банктын пресс-релизинде кыргыз жана орус тилдеринде жарыя-лана турган билдирүүнү даярдайт. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарды жана башка финансы-кредиттик мекемелерди консервациялоо жөнүндө Убактылуу жобого карата 1-тиркеме Банктын консервациялоону баштоодо жана токтотууда милдеттүү түрдө кабыл алынууга жана өткөрүлүп берилүүгө тийиш болгон документацияларынын минималдуу тизмеси 1. Банктын (филиалынын, тунду мекемесинин) уюштуу документтери. 2. Банктын (филиалынын, тунду мекемесинин) мамлекеттик каттоодон(кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүк, банктын (филиалынын, туун-ду мекемесинин) эсепке алуунун статистикалык карточкасы. 3. Банктын банк операцияларын жүзөгө ашырууга, ошондой эле баалуукагаздар рыногунда кесиптик иштерди жүзөгө ашырууга карата лицензияларыжана башка лицензиялар жана уруксат берүүчү документтер. 4. Банктын (филиалынын, туунду мекемесииин) штаттык расписаниеси,банктын (филиалынын, туунду мекемесинин) кызматкерлеринин алардын кыз-матын, алар иштеген структуралык бөлүмдү, кызматтык акысын, ошондой элебош кызмат орундарынын тизмесин, банктын кызматкерлеринин эмгек китеп-челери өздүк делолорду көрсөтүү менен тизмеси. 5. Филиалдардын өкүлчүлүктөрдүн жана туунду мекемелердин алардынжайгашкан ордун (чет өлкөдө жайгашкандарды кошо алганда) көрсөтүү менентизмеси. 6. Банктын (филиалынын, туунду мекемесинин) бүтүндөй банк жана фи-лиалдар боюнча бухгалтердик балансы (консервацияны баштоо/токтотуу да-тасына карата түзүлөт), ошондой эле баланстан тышкаркы эсепке алуу бо-юнча отчет. 7. Банктын (филиалынын, туунду мекемесинин) кардалдарынын счетунунномерлерин, юридикалык делолордун номерлерин ар бир делодогу барактар-дын санын белгилеп көрсөтүү менен тизмелери (юридикалык делолордо доку-менттердин тизмелери (опись) болууга тийиш). 8. Банк (филиал, туунду мекеме) тарабынан келишилген чарбалык ке-лишимдерди кошо алганда, бардык бүтүмдөр боюнча келишимдер. 9. Корреспонденттик мамилелерди белгилөө тууралуу келишимдер,электрондук төлөмдөрдүн шифрлери жана тесттик ачкычтарды кошо алганда,колтамгалардын үлгүсү (аналог). 10. Банк (филиал, туунду мекеме) тарабынан жүргүзүлүүчү кредиттикжана башка иш (досье), күрөөлүк мүлк жөнүндө документтер, банк тарабы-нан чыгарылган гарантиялык жана башка баланстан тышкаркы милдеттенме-лер. 11. Банкта тышкы аудитор тарабынан жүргүзүлгөн аудитордук тек-шерүүлор боюнча бардык аудитордук отчеттор. 12. Ишеним каттарды учетко алган китеп, ошондой эле банктын кыз-маткерлерине филиалдардын, туунду мекемелердин өкүлчүлүктөрдүн жетекчи-лерине жана үчүнчү жактарга берилген ишеним каттардын көчүрмөлөрү. 13. Банктын аткаруу органынын протоколдору жана чечимдери,тескөөчү (распорядительные) документтери жана бул документтерди учеткоалуу китеби. 14. Банктын директорлор Кењешинин заседаниелеринин жана банктынменчик ээлеринин (акционерлеринин) жыйналыштарынын протоколдору. 15. Банктын (филиалынын, туунду мекемесинин) кириш жана чыгыш кор-респонденцияларынын журналы. 16. Банк (филиал, туунду мекеме) тарабынан бекитилген келишимдер-ди, контракттыларды жана макулдашууларды каттоочу журнал. 17. Төлөм документтерине биринчи жана экинчи колтамга коюга укук-туу болгон адамдардын колтамгаларынын ошондой эле, банк (филиал, туундумекеме) тарабынан бекитилген кредиттик жана башка келишимдердеги, эмгеккелишимдериндеги жана контракттылардагы жана макулдашуулардагы колтам-галардын үлгүлөрү. 18. Банктын (филиалынын, туунду мекемесинин) административдикчар-балык чыгашаларынын сметасы. 19. Банкка (филиалына, туунду мекемесине) карата соттук жана сот-тук эмес тартипте, суммаларды көрсөтүү менен багытталган доо талаптар-дын, арыздардын жана аткаруу баракчаларынын, ошондой эле банктын башка-ларга карата доо талаптарынын тизмеси. 20. Негизги каражаттардын, МБПнын (баалуулугу төмөн, колдонуудантез чыгуучу предметтер), баланстын, документтердин, архивдин инвентари-зациялык описи (инвентаризациялоо аяктагандан кийин берилет). 21. Консерватордун пикири боюнча банктын (филиалынын, туунду меке-месинин) жетекчилиги тарабынан берилүүчү кайсыл болбосун башка доку-менттер. 22. Консерватор банктын (филиалынын, туунду мекемесинин) жетекчи-лигинен кошумча документтерди жана ушул тизмеде көрсөтүлгөн документ-тердин аныктыгын тастыктоочу документтерди берүүсүн талап кылууга укук-туу. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарды жана башка финансы-кредиттик мекемелерди консервациялоо жөнүндө убактылуу Жобого карата 2-тиркеме Консерватордун аткарган иштери жөнүндө отчетуна карата минималдуу талаптар 1. Жума сайын берилүүчү отчет төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш: а) отчеттук жуманын акыркы күнүнө карата абал боюнча банктын бух-галтердик балансты; б) отчеттук жуманын акыркы күнүнө карата абал боюнча "Улуттукбанктан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана башка финан-сы-кредиттик мекемелердин финансылык отчетторду түзүүлөрүнүн тартибижөнүндө" Жобонун талаптарына ылайык түзүлгөн "Финансылык абал жөнүндөбаланстык отчеттун" формасын; в) кредиттердин негизги суммалары жана проценттери боюнча отчеттукжума үчүн карыздарды иш жүзүндө төлөгөндүгү жөнүндө отчетту, келеркижумага карата төлөөнүн графигин (күндөр боюнча); г) отчеттук жуманын акыркы күнүнө карата абал боюнча банктын депо-зиттик милдеттенмелеринин төмөндөгү категориялар боюнча структурасы:жеке адамдар жана юридикалык жактар, талап боюнча жана мөөнөттүү, улут-тук жана чет өлкө валютасында, ошондой эле аманатчылардын саны жанакардарлардын счеттору жөнүндө маалыматтарды; д) келерки жумага карата банктын депозиттик милдеттенмелеринтөлөөсүнүн болжолун (прогнозу) (күндөр боюнча); е) Улуттук банктын пикири боюнча, жума сайын берилүүчү отчеттункурамында (талап боюнча) берилүүгө тийиш болуп саналган башка маалымат-тарды. Жума сайын берилүүчү отчетко банктын финансылык абалын жакшыртуубоюнча негизги ишчаралар тууралуу маалыматты, ошондой эле ушул мезгил-дерде банк тарабынан келишилген (эмгек акынын 100 (жүз) минималдууөлчөмүнөн ашкан суммада) бир кыйла ири бүтүмдөр жөнүндө маалыматтардыкамтыган кыскача түшүнүк берүүчү баракча тиркелүүгө тийиш. (*) "Токтом" маалымат борборунун эскертүүсү: 2-пункт расмий текстеберилген эмес Кыскача түшүнүк берүүчү баракчада төмөндөгүлөр дагы камтылуугатийиш: - иштелип чыккан планга ылайык банкты финансылык жактан жакшыртуубоюнча отчеттук мезгил ичинде өткөрүлгөн негизги иш чаралар, ишчаралар-дын аткарылбагандыгынын жана (же) алардын планда көрсөтүлгөнмөөнөттөрдө аткарылбагандыгынын себептерин түшүндүрүү жөнүндө маалымат-тар; - консерваторго (анын өкүлүнө) өз милдеттерин аткаруунун жүрүшүндөбанктын (анын филиалынын, туунду мекемесинин) башкаруу органдарынын жа-на (же) айрым кызматкерлеринин каршы аракеттери жөнүндөгү маалыматтар; - банк тарабынан бул мезгил ичинде (эмгек акынын 100 (жүз) мини-малдуу өлчөмүнөн ашкан суммада) келишилген бир кыйла ири бүтүмдөржөнүндө маалыматтар, бул ишчаралардын жана бүтүмдөрдүн эффек-тивдүүлүгүнө анализ берүүлөр, банктын финансылык абалына баа берүү жанакийинки отчеттук мезгилге карата пландаштырылган ишчаралар жөнүндө маа-лыматтар; - банктын баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча талаптарыжөнүндө маалыматтар. 3. Консервациялоонун бардык мөөнөтү үчүн отчет банктын ишинин не-гизги финансылык көрсөткүчтөрүнүн (өздүк каражаттары (капитал), актив-дери, милдеттенмелери, капиталдын адекваттуулук коефициенти, лик-виддүүлүк көрсөткүчтөрү ж.б.) консерватордун бардык иши учурундаөзгөргөндүгүн мүнөздөгөн бардык маалыматтарды, ошондой эле консерватор-дун ага жүктөлгөн тапшырмаларды аткаруусунун жыйынтыгы (консервациялоо-нун натыйжасына прогоноз ж.б.) жөнүндө негиздүү корутундусун камтуугатийиш. 4. Отчетко консерватор жана консерватордун өкүлү (Улуттук банктынобласттык Башкармалыктарынын өкүл кызматкерлеринен башка) колтамга ко-ет. Улуттук банкта ички колдонуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарды жана башка финансы-кредиттик мекемелерди консервациялоо жөнүндө убактылуу Жобого карата 3-тиркеме Консервациялоонун жүрүшүндө консерватор (анын өкүлү) тарабынан айрым ишчараларды өткөрүү боюнча процедуралар 1. Консерватор банкка келери менен акча каражаттарынын калдыгынэсептеп чыгат жана 3 (үч) нускада акт түзөт. 2. Консерватор банкка келери менен банктын сактоочу жайына жанакассасына, бардык сейфтерине, күйбөөчү шкафтарына жана ачкыч менен жа-былуучу шкафтарына мөөр басат. 3. Консерватор банкка келери менен банктын архивин кошо, бардыкдокументацияларына мөөр басат. 4. Консерватор банкка келери менен төмөндөгүдөй буйруктарды чыга-рат: а) банктын директорлор Кењешинин жана Башкармасынын (аткаруу орга-нынын) ишин токтотуу жана алардын ыйгарым укуктарын консерваторгоөткөрүп берүү жөнүндө; б) төлөм операцияларын жүргүзүүнүн режими жөнүндө; в) консерваторго банктан алып чыгарылуучу бардык документацияларгаколтамга коюу укугун берүү жөнүндө; г) банктын бардык кызматкерлеринин материалдык мүнөздөгү кайсылболбосун аракеттерди консерватордун уруксатысыз аткаруусуна тыюу салуужөнүндө. 5. Банктын карамагында турган мүлктөрдүн, материалдык баалуулук-тардын жана документациялардын сакталышын камсыз кылуу максатында, кон-серватор банктан мүлктөрдү жана документтерди консерватордун катжүзүндөгү уруксатысыз алып чыгууга тыюу салуу жөнүндө банктын сактыккызматына билдирилүүчү буйрукту, ошондой эле кабыл албай турган убакыт-та адамдарды кабыл алууга чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө буйрукту чыга-рат. 6. Консерватор банктын бардык кызматкерлеринин мүлктөрдүн, матери-алдык баалуулуктардын, документациялардын жана башка баалуулуктардынсакталышына административдик-материалдык жоопкерчилиги жөнүндө буйруктучыгарат. 7. Консерватор банктын имаратына иш күнүнүн аякташы менен мөөр ба-сууга жооп берүүчү комиссияны түзүү жөнүндө буйрук чыгарат. Комиссиянынкурамына консерватор (консерватордун өкүлү) жана банктын кызматкерлерикирет. 8. Консерватор банктын ар бир кызматкерине колдонуудагы эмгек мый-замдарына ылайык кызматтан бошотуу мүмкүндүгү жөнүндө жекече эскертипчыгууга тийиш. 9. Консерватор Улуттук банкка Улуттук банктын коопсуздук кызматытарабынан ачкычтарды, сейфтердин ачкычтарын, электрондук документация-ларга цифралык колтамгаларды түзүү үчүн жана автоматташтырылган систе-маларга кирүүгө мүмкүндүк берүү үчүн паролдорду жањылап берүүсү жөнүндөөтүнүч менен кайрылат. 10. Тиешелүү учурларда, консерватор Улуттук банкка Улуттук банккатаандык болгон техникалык каражаттарды пайдалануу өтүнүчү менен кайры-лат. 11. Банкта жүргүзүлүп жаткан инвентаризациялоонун жана ревизиялоо-нун жүрүшүндө ушул Жобонун 9-главасындагы талаптарга ылайык, консерва-тор инвентаризация жүргүзүүнүн жана анын жыйынтыктарын тариздөөнүнУлуттук банкта пайдаланылган эрежелерин жетекчиликке алат.