Юстиция Министрлигинин 2002-жылдын 27-декабрындагы регистрациялык номери № 162-02 Бишкек шаары2002-жылдын 23-ноябры № 45/7 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын аймагында банктарды түзүүнүн тартиби жана алардын иш өзгөчөлүктөрү жөнүндөгү" Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 1998-жылдын12-августундагы № 19/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынынаймагында банктарды түзүүнүн тартиби жана алардын иш өзгөчөлүктөрүжөнүндөгү" Жобого сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду карапкөрүү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кы-лат: 1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 1998-жылдын12-августундагы № 19/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынынаймагында банктарды түзүүнүн тартиби жана алардын иш өзгөчөлүктөрүжөнүндөгү" Жобого карата өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет)бекитилсин жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекет-тик каттоодон өткөртүлгөн күндөн тартып колдонууга берилсин. 2. Улуттук банктын Юридикалык бөлүмү "Кыргыз Республикасынын айма-гында банктарды түзүүнүн тартиби жана алардын иш өзгөчөлүктөрүжөнүндөгү" Жобого карата бекитилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолордуКыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодонөткөртсүн. 3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо Башкармалыгы "КыргызРеспубликасынын аймагында банктарды түзүүнүн тартиби жана алардын ишөзгөчөлүктөрү жөнүндөгү" Жобого киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоо-лор Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодонөткөртүлгөндөн кийин, ушул токтом менен коммерциялык банктарды жанаАТАК "Эсептешүү-Сактык компаниясын" тааныштырсын. 4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдетиКыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айымК.Ш.Шаршекеевага ыйгарылсын. Башкарманын Төрагасы У.К.Сарбанов Улуттук банк Башкармасынын 2002-жылдын 23-ноябрындагы № 45\7 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын аймагында банктарды түзүүнүн тартиби жана алардын иш өзгөчөлүктөрү жөнүндөгү" Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор 1. V бөлүктүн 28-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толуктал-сын. - "Обочолонгон структуралык бөлүмдөрдүн аталышы банктын каттоодонөткөн толук юридикалык аталышын чагылдырууга тийиш. Андан кийин майдатамгалар менен обочолонгон бөлүмдүн аталышы, анын каттоодон өткөндөгүномери көрсөтүлүүсү зарыл" 2. 1-глава. Филиалдарды ачуунун тартиби төмөнкү мазмундагы32.1-пункту менен тоукталсын: - "Филиалдын жетекчиси жана/же башкы бухгалтери алмаштырылганучурда банк үч иш күнү аралыгында ал тууралуу ушул Жобонун 32-пунктунун3, 4-пунктчаларында каралган (өзгөрүүлөргө жараша) документтерди кошотиркөө менен Улуттук банкка билдирүүгө милдеттүү. 3. 3-глава "Сактык кассаларды ачуу" төмөнкү редакцияда берилсин: 56. Банк Кыргыз Республикасынын аймагында банктык кызматтардыкөрсөтүү максатында сактык кассаларды ача алат. Сактык касса банктынструктуралык бөлүмү болуп саналат жана банктын аталышына толук дал кел-ген аталышта болууга тийиш. 57. Банктын сактык кассасы банктын ыйгарым укуктуу органынын чечи-минин негизинде ачылат. Сактык кассанын жетекчиси (кассир) банктын же-текчисинин буйругу менен дайындалат жана белгиленген тартипте ага бе-рилген ишеним каттын негизинде аракеттенет. Ишеним катта сактык касса-сынын жетекчиси банктын атынан аткарууга ыйгарым укук алган операция-лардын тизмеси камтылууга тийиш. 58. Сактык касса жеке адамдарды тейлөө боюнча төмөнкү операциялар-ды гана жүргүзүүгө укуктуу: - типтүү депозиттик келишимге ылайык депозиттерди кабыл алуу; - коммуналдык кызматтар үчүн төлөөлөр боюнча төлөмдөрдү кабылалуу; - банктын ага лицензиясы болгон учурда, мамлекеттик баалу кагаз-дарды сатып алуу, сатуу; - банктын ага лицензиясы болгон учурда, накталй чет өлкө валютасыменен алмашуу операцияларын жүргүзүү; - Кыргыз Республикасынын бюджетине накталай акча каражаттарытүрүндө төлөмдөрдү кабыл алуу; 58.1. Сактык касса юридикалык жактарды жана юридикалык жактытүзүүсүз иш алып барган жеке ишкерлерди тейлөө боюнча төмөнкү операция-ларды гана жүзөгө ашырууга укуктуу. - Кыргыз Республикасынын бюджетине накталй акча каражаттарытүрүндө төлөмдөрдү кабыл алуу; - коммуналдык кызматтар үчүн төлөөлөр боюнча төлөмдөрдү кабылалуу. 59. Банктын сактык кассасы Улуттук банкта милдеттүү түрдө катталу-уга тийиш. Банк бул тууралуу сактык кассасын ачууга тиешелүү чечим ка-был алынгандан кийинки үч иш күнүнөн кечиктирбестен кат жүзүндө Улуттукбанкка билдирет Сактык кассасынын иши банктын ыйгарым укуктуу органынынчечиминин негизинде токтотулат. Банк ал тууралуу сактык кассасын жабуужөнүндө чечим кабыл алынгандан кийинки үч иш күнүнөн кечиктирбестен катжүзүндө Улуттук банкка билдирет. Банк билдирүүдө көрсөтүлгөн маалымат-тардын тактыгы үчүн жоопкерчиликтүү. Билдирбей койгондук же белгиленгенмөөнөттөрдү бузуу менен билдирилген учурда Улуттук банк банкка каратамыйзамдарды каралган санкцияларды колдонууга укуктуу. 60. Улуттук банктан каттоодон өтүү сактык кассанын ишин баштооүчүн негиз болуп саналат. Улуттук банк, ушул Жобонун 62-пунктундакөрсөтүлгөн тиешелүү документтерди алгандан кийинки он иш күнүнөн ке-чиктирбестен, сактык кассасын каттоодон өткөрөт. Сактык кассалардыэсепке алуу үчүн Улуттук банк каттоо учурунда ушул Жобонун 21-тиркеме-сине ылайык сактык кассаларына иреттик каттоо номерлерин ыйгарат жанабанкка банктардын сактык кассаларынын реестрине маалыматтардын каттал-гындыгы жөнүндө кат жөнөтөт. 61. Сактык кассалардын каттоодон өткөндүгү жөнүндө катка Улуттукбанктын тиешелүү бөлүмүнүн начальниги кол коет. Каттоодон өткөндүгүжөнүндөгү катты алганга чейин сактык касса ушул Жобонун 58-пунктундакөрсөтүлгөн операцияларды жүргүзүүгө укугу жок. 62. Сактык кассаны каттоодон өткөртүү үчүн Улуттук банкка төмөнкүдокументтерди берүү зарыл: 1. ушул Жобонун 15-тиркемесине ылайык сактык кассаны ачуу жөнүндөбилдирмени; 2. банктын сактык касса жайгаша турган жайды ижарага алуу келиши-минин же банктын ага менчик укугун тастыктаган документтин банк тарабы-нан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; 3. ыйгарым укуктуу органдын сактык кассаны ачуу тууралуу чечимининбанк тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; 4. ишеним каттын банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; 5. сактык кассанын жетекчисинин (кассирдин) өздүк баракчасы. 63. Улуттук банк, берилген документтердин белгиленген талаптаргаылайык келбей калуусу жана ушул Жобонун 58-статьясында көрсөтүлгөн опе-рациялар боюнча банктын ишинде чектөөлөрдүн орун алышы учурунда сактыккассаларын каттоодон өткөрүүдөн баш тартат. 63.1. Сактык кассасынын дареги, жетекчиси өзгөргөн учурда банк үчиш күнүнөн ашпаган мөөнөттө бул тууралуу Улуттук банкка ушул Жобонун62-пунктунун 2, 5-пунктчаларында каралган документтерди (өзгөрүүгө жа-раша) тиркөө менен билдирүүгө милдеттүү. 63.2. Улуттук банк, документтер болгон учурунда банктын сактыккассасынын ишин текшерүүгө укуктуу. Сактык кассасы операцияларды Улут-тук банк тарабынан белгиленген тартипти бузууга жол берген учурда,Улуттук банк банктын жетекчилигине бети ачылган кемчиликтер жөнүндөбилдирет жана аларга жараша аларды четтетүү үчүн белгилүү мөөнөт аралы-гын белгилейт, бул учурда сактык кассасынын иши токтотулушу мүмкүн. 63.3. Сактык кассаларынын иш алып баруу шарттары жана тартиби: 63.3.1. Сактык кассалардын соода уюмдарында, мейманканаларда, аэ-ропорттордо жана башка жайларда орун алган кассалык жайлары банктынкассалык жайларына коюлган талаптарга ылайык келүүгө тийиш. 63.3.2. Сактык кассалары тарабынан жүргүзүлгөн накталай чет өлкөвалюталары менен алмашуу операциялары Кыргыз Республикасынын Улуттукбанкы Башкармасынын 2000-жылдын 30-ноябрындагы № 42/1 токтому менен бе-китилген "Кыргыз Республикасында накталай чет өлкө валютасы менен алма-шуу операцияларын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү" Жобого ылайык жүзөгөашырылууга тийиш. 63.3.3. Сактык кассалары төмөнкү маалыматтарды: депозиттер боюнчапроценттик ставкалар, мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча проценттикставкалар, накталай чет өлкө валюталарын сатып алуу, сатуу жана алмашуукурстары жөнүндөгү маалыматтарды камтыган көрнөктөр (40 X 60 смөлчөмүнөн кичине болбогон) менен жабдылууга тийиш. Ар бир сактык кассасында кардарлар үчүн көрүнүктүү жерде төмөнкүмаалыматтар жазылып коюлууга тийиш: - сактык кассасын ачкан банктын аталышы; - сактык кассасынын иш ыргагы; - сактык кассасынын каттоодон өткөндүгү жөнүндө кат; - кардарлар үчүн аларды тейлөөнүн тартиби боюнча маалыматтар, алэми сактык кассасы тарабынан накталай чет өлкө валютасы менен алмашууоперациялары жүргүзүлгөн учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкБашкармасынын 2000-жылдын 30-ноябрындагы № 42/2 токтому менен бекитил-ген "Накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүукугуна лицензияларды берүүнүн тартиби жөнүндөгү" Жобонун 8, 9-тиркеме-лерине ылайык тиешелүү маалыматтардын болушу зарыл. 63.3.4. Сактык кассасынын операцияларды жүргүзүүсүнүн тартиби жанашарттары ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген "Банктын сактыккассасы жөнүндөгү" типтүү Жобо менен тастыкталууга тийиш. Банктын сак-тык кассасынын операцияларды жүргүзүүсүнүн жалпы шарттары ачыкайкын бо-лууга тийиш жана коммерциялык же банктык купуялуулуктун предмети болоалбайт. Сактык кассаларынын иш ыргагы, кызматкерлеринин саны, алардынкызматтык милдеттеринин чөйрөсү банктын жетекчилиги тарабынан бекитил-ген ички иш тартибине ылайык белгиленет.