Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
                      Улуттук банк Башкармасынын               2005-жылдын 2-мартындагы № 4/1 токтомуна                  ылайык күчүн жоготту деп таанылган Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде2002-жылдын 27-декабрында 163-02 номеринде каттоодон өткөн Бишкек шаары2002-жылдын 23-октябры № 45/12                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК                      БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ                   "Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногун                    антимонополиялык жөнгө салуунун                     негизги принциптери тууралуу"                             Жобо жөнүндө      Төлөө системалары  Башкармалыгы  сунуш  кылган   "Банктык   кызматкөрсөтүүлөр рыногун антимонополиялык жөнгө салуунун негизги принциптеритууралуу" Жобонун долбоорун карап көрүү  менен  Кыргыз  РеспубликасынынУлуттук банк Башкармасы токтом кылат:     1. "Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногун антимонополиялык жөнгө  са-луунун  негизги  принциптери тууралуу" Жобо бекитилсин жана 2003-жылдын1-январынан тартып колдонууга берилсин.     2. Төлөө  системалары Башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте"Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногун антимонополиялык жөнгө салуунун не-гизги  принциптери  тууралуу" Жобону Кыргыз Республикасынын Юстиция ми-нистрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртсүн.     3. Ушул  токтомдун  аткарылышына контролдук Кыргыз РеспубликасынынУлуттук  банкынын  Төрагасынын  орун  басары  Ш.И.  Молдоканов  мырзагажүктөлсүн.      Башкарманын Төрагасы                            Сарбанов У.К.