Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 28-сентябрындагы № 459 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ «Кумтор Оперейтинг Компани» компаниясынан алтын кармаган куйманы (Доре куймасын) сатып алуу үчүн «Кыргызалтын» акционердик коомуна револьвердик (кайра жањылануучу) кредит берүү жөнүндө «Кыргызалтын» акционердик коомунун «Аффинаждык завод» филиалыныништешин камсыздоо, «Кыргызалтын» акционердик коому үчүн УлууБританиянын «Стандард Банк Лондон Лимитед» банкынын (мындан ары -«Стандард Банк») алдында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинкепилдиктен жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкын күрөөлүккамсыздоодон бошотуу, ошондой эле алтынды кайра иштетүү жанаэкспорттоо менен байланышкан кирешелерден Кыргыз Республикасынынбюджетине түшүүлөрдү көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: - «Центерра Голд Инк» компаниясынын кыргыз тарапка таандык жөнөкөйакцияларынын бөлүгүн сатуудан алынган каражаттардын эсебинен «СтандардБанк» тарабынан берилүүчү колдонулуудагы револьвердик кредитинен ашыкэмес өлчөмдө «Кумтор Оперейтинг Компани» компаниясынан алтын кармаганкуйманы (Доре куймасын) «Кыргызалтын» акционердик коомунун «Аффинаждыкзавод» филиалында аны андан ары кайра иштетүү жана андан кийин сатуумаксатында сатып алуу үчүн «Кыргызалтын» акционердик коомуна кыскамөөнөттүү револьвердик кредит берсин; - төмөнкү шарттарда «Кыргызалтын» акционердик коому мененбелгиленген тартипте карыздык милдеттенмелерди түзсүн: кредиттин өлчөмү 12 млн. АКШ долларынан ашык эмес; кредит берүү мөөнөтү - 2005-жылдын 1-октябры - 22-декабры; кредитти пайдалангандыгы үчүн проценттик ставка LIBOR+ 1,0 процентөлчөмүндө; төлөмдү кечиктирген учурда айып санкциялары мөөњөтү өткөн төлөмсуммасынын LIBOR+ 5,0 проценти өлчөмүндө. 2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: - «Кыргызалтын» акционердик коомун кредиттөө үчүн КыргызРеспубликасынын Улуттук банкында АКШ доллары менен атайын эсеп ачсынжана «Кыргызалтын» акционердик коомунун револьвердик кредити үчүнатайын эсепти тейлөө механизми боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттукбанкы менен келишим түзсүн; - «Центерра Голд Инк» компаниясынын жөнөкөй акцияларын сатууданалынган жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин КыргызРеспубликасынын Улуттук банкындагы атайын эсебине салынган канададолларындагы (эквиваленти 12 млн. АКШ долларынан көп эмес)каражаттардын бөлүгүн андан ары «Кыргызалтын» акционердик коому үчүнревольвердик кредитти тейлөө боюнча атайын эсепке которуу менен АКШдолларына конвертациялоону жүргүзсүн. 3. «Кыргызалтын» акционердик коомуна төмөнкүлөр сунуш кылынсын: - жакын арада Европа Реконструкциялоо жана Өнүктурүү банкы мененсүйлөшүүлөрдү аяктоо жана бюджеттик ресурстардан кредиттөө мөөнөтүбүткөнгө чейин каржылоого тиешелүү макулдашуу түзүү; - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен түзүлгөнкарыздык милдеттенмелерге жана графикке так ылайыкта эсептелгенпроценттери менен кредитти кайтарып берүүнү камсыз кылуу. 4. 2005-жылдын 30-сентябрында «Кыргызалтын» акционердик коому үчүн«Стандард Банктын» револьвердик кредитине Кыргыз РеспубликасынынУлуттук банкынын күрөөлүк депозитинин жана 2001-жылдын 25-июлундагы№10-2/5730 Мамлекеттик кепилдиктин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштууКыргыз Республикасынын Улуттук банкына күрөөлүк депозитти кайра сурапалгандан кийин тиешелүү макулдашуулар боюнча «Стандард Банкка» жанаКыргыз Республикасынын Улуттук банкына берилген жогоруда аталганмамлекеттик кепилдикти Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинекайта берүү сунуш кылынсын. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын отун-энергетикалык комплекс жана кенказып алуу тармагы бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов