Загрузка документа…
КР Президентинин
2011-жылдын 10-сентябрындагы ПЖ № 236 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
1999-жылдын 2-августу ПУ № 196
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ
Кыргыз Республикасында жергиликтүү
өз алдынча башкарууну андан ары
өнүктүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну андан ары өнүктүрүү, жергиликтүү жамааттардын жашоо турмушун камсыз кылууда анын органдарынын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатуу, бийликти уштуруунун демократиялык принциптерин бекемдөө, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын сандык курамын көбөйтүү жөнүндөгү жергиликтүү кеңештердин сунуштарын колдоо максатында токтом кылам:
1. 1999-2001-жылдарга Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну андан ары өнүктүрүү Концепциясы (тиркелет) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 1999-жылдын 25-августуна чейин тиркелген Концепцияга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштуруу-укуктук жана финансы-экономикалык негиздерин чыңдоо боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын.
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын төмөнкүдөй болжолдуу сандык курамы бекитилсин:
- областтык, Бишкек шаардык кеңеши - 30-45 киши;
- райондук, областтык баш ийүүдөгү шаардык кеңештер - 15-30 киши;
- райондук баш ийүүдөгү шаардык кеңештер - 11-21 киши;
- айылдык, поселкалык кеңештер - 9-19 киши.
4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине бир айлык мөөнөттө сессияларда ушул Указдын 3-пунктуна ылайык депутаттардын сандык курамын аныктоо сунуш кылынсын.
5. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (Борбордук шайлоо комиссиясы) өз актыларын депутаттардын сандык курамы жөнүндөгү жергиликтүү кеңештердин чечимдерине ылайык келтирсин.
6. Борбордук шайлоо комиссиясы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарын түзүүнүн максаттары жана милдеттери жана жергиликтүү кеңешке шайлоонун тартиби жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү уюштурсун.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1994-жылдын 22-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын баштапкы деңгээлдеги жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү" Жобосун бекитүү тууралу", 1994-жылдын 9-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын райондору менен областтарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарына шайлоолорду дайындоо жөнүндөгү" Указдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 5-январындагы "Кыргыз Республикасынын райондук жана областтык кеңештери жөнүндөгү Убактылуу жобону бекитүү тууралу" Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын райондук жана областтык кеңештери жөнүндөгү Убактылуу жобонун 5-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
8. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Бул Указ жарыланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев