Бишкек шаары2009-жыл 2-июну КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН ЧЕЧИМИ "Кыргыз Республикасынын Салык
кодексине өзгөртүүлөрдү жана толук-тоолорду киргизүү жөнүндө" 2009-жылдын 30-апрелиндеги, "2009-жылдын24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмө-түнүн, "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун, "Центерра Голд Инк" ка-надалык компаниясынын, "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердиккоомунун, "Кумтөр Голд компани" жабык акционердик коомунун жана "Каме-ко" канадалык корпорациясынын ортосундагы "Кумтөр" долбоору боюнча жањышарттар жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" 2009-жылдын30-апрелиндеги жана "Кыргыз Республикасындагы айрым мыйзам актыларынаөзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" 2009-жылдын 29-майындагы Кыргыз Респуб-ликасынын мыйзамдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2009-жылдын 24-апрелиндеги N 181-р буйругу жана Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2009-жылдын 24-апрелиндеги N 254 токтому Конституцияга ылайыкэмес жана Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 1-беренесинин 4-пунк-тунун экинчи бөлүгүнө, 11-беренесинин 3-пунктуна, 22-беренесине, 58-бе-ренесинин 1-пунктунун 22-пунктчасына жана 74-беренесинин 1-пунктуна ка-рама-каршы келет деп табуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин депутаты Исанова Мария Насирдиновнанын сунушу боюнча. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: Төрагасы С.К.Сыдыкова,Төраганын орунбасары А.А.Суталинов, судьялар - А.А.Абдугапаров, С.Н.Де-мин, А.С.Кененсариев, Ч.Ж.Курбанова, Ө.Ж.Мамыров, Ч.А.Мусабекова жанаК.Э.Эсенкановдордун курамында, соттук жыйналыштын катчысы: Ж.К.Абдымомунованын, тараптар: 2009-жылдын 8-майындагы ишеним каттын негизинде аракет-тенген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты М.Н.Исанованынөкүлү Милащенко Константин Геннадьевичтин, 2009-жылдын 14-майындагыишеним каттын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке-њешинин өкүлү Акмолдоев Айбек Кудайбергеновичтин жана 2009-жылдын15-майындагы ишеним каттын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнүн өкүлү Иминов Махамаджан Саитовичтин катышуулары менен,Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 85-беренесин, "Кыргыз Республи-касынын Конституциялык соту жөнүндө" Мыйзамдын 13-беренесин жана "Кыр-гыз Республикасынын конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө" Мыйзамдын11-беренесин жетекчиликке алып, ачык соттук жыйналышта "Кыргыз Респуб-ликасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жө-нүндө", "2009-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн, "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун,"Центерра Голд Инк" канадалык компаниясынын, "Кумтөр Оперейтинг Компа-ни" жабык акционердик коомунун, "Кумтөр Голд компани" жабык акционердиккоомунун жана "Камеко" канадалык корпорациясынын ортосундагы "Кумтор"долбоору боюнча жањы шарттар жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо туура-луу" жана "Кыргыз Республикасындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүү-лөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ошондой элеКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-апрелиндеги N 181-рбуйругу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-апрелинде-ги N 254 токтому Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз РеспубликасынынКонституциясынын 1-беренесинин 4-пунктунун экинчи бөлүгүнө, 11-берене-синин 3-пунктуна, 22-беренесине, 58-беренесинин 1-пунктунун 22-пунктча-сына жана 74-беренесинин 1-пунктуна карама-каршы келет деп табуужөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты М.Н.Исано-ванын сунушун карады. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы С.Н.Деминдинбаяндамасын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты М.Н.Иса-нованын өкүлү К.Г.Милащенконун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин өкүлү А.К.Акмолдоевдин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлүА.К.Иминовдун сөздөрүн угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып,Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тапты: Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна 2009-жылдын 8-майында"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолор-ду киргизүү жөнүндө", "2009-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол ко-юлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, "Кыргызалтын" ачык акционердиккоомунун, "Центерра Голд Инк" канадалык компаниясынын, "Кумтөр Оперей-тинг Компани" жабык акционердик коомунун, "Кумтөр Голд компани" жабыкакционердик коомунун жана "Камеко" канадалык корпорациясынын ортосунда-гы "Кумтөр" долбоору боюнча жањы шарттар жөнүндө Макулдашууну ратифика-циялоо тууралуу" жана "Кыргыз Республикасындагы айрым мыйзам актыларынаөзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары,ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-апрелиндегиN 181-р буйругу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын24-апрелиндеги N 254 токтому Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Рес-публикасынын Конституциясынын 1-беренесинин 4-пунктунун экинчи бөлүгү-нө, 11-беренесинин 3-пунктуна, 22-беренесине, 58-беренесинин 1-пункту-нун 22-пунктчасына жана 74-беренесинин 1-пунктуна карама-каршы келетдеп табуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутатыМ.Н.Исанованын сунушу келип түшкөн. Депутат М.Н.Исанованын сунушунда төмөндөгүдөй жүйөөлөр келтирилет.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кумтор" долбоору боюнча жањы шарттар жө-нүндө Макулдашуунун долбоорун жактырган 2009-жылдын 24-апрелиндеги N181-р буйругун кабыл алган. Ушул буйруктун негизинде Кыргыз Республика-сынын Премьер-министри ошол эле күнү жактырылган долбоор боюнча Макул-дашууга кол койгон. Макулдашуу 2009-жылдын 30-апрелинде Өкмөттүн N 254токтому менен жактырылып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине рати-фикациялоого жиберилген. Жогорку Кењеш бул Макулдашууну 2009-жылдын 30-апрелиндеги Мыйзамменен ратификациялаган, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөр-түүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республика-сынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзам-дарды кабыл алган. Депутат М.Н.Исанова көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылар КыргызРеспубликасынын Конституциясына, атап айтканда Кыргыз РеспубликасынынКонституциясынын 1-беренесинин 4-пунктунун экинчи бөлүгүнө, 11-берене-синин 3-пунктуна, 22-беренесине, 58-беренесинин 1-пунктунун 22-пунктча-сына жана 74-беренесинин 1-пунктуна төмөндөгү негиздер боюнча кара-ма-каршы келет деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесинин 4-пунктунунэкинчи бөлүгүнө ылайык Кыргызстандын элинин атынан алар шайлаган Прези-дент жана Жогорку Кењеш чыгууга укуктуу. Бирок, "Кумтор" долбоору боюн-ча жањы шарттар жөнүндө Макулдашууга Кыргыз Республикасынын атынан мын-дай конституциялык укук берилбеген Кыргыз Республикасынын Премьер-ми-нистри кол койгон. Конституциянын 11-беренесинин 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республика-сынын аймагында бирдиктүү салык тутуму иштейт. Ушуну менен салыктардыбелгилөө укугу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине гана таандык.Аталган конституциялык жоболорду бузуу менен "Кумтор" долбоору боюнчажањы шарттар жөнүндө Макулдашуу бул долбоор үчүн өзгөчө салык тутумунаныктаган, аны менен Кыргыз Республикасынын бирдиктүү салык тутумунбузган. Ошону менен бирге, ал мамлекетте салыктарды киргизүүчү ыйгарымукуктуу жалгыз орган болгон Жогорку Кењеш аркылуу түзүлгөн эмес. Конституциянын 22-беренесинин түздөн-түз көрсөтүлгөн талабына ыла-йык ар бир адам мыйзамдарда каралган тартипте жана учурларда салыктардыжана жыйымдарды төлөөгө милдеттүү. Бирок талашылып жаткан мыйзам мененратификацияланган Макулдашууда Кыргыз Республикасындагы айрым юридика-лык жактар мыйзамдарда белгиленген кээ бир салыктардын түрлөрүнтөлөбөй, анын ордуна мыйзамда белгиленбеген таптакыр башка салыктык тө-лөмдөрдү төлөөлөрү белгиленет. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 58-беренесинин 1-пунктунун22-пунктчасында Жогорку Кењештин ыйгарым укуктарына эл аралык келишим-дерди ратификациялоо гана кирет деп көрсөтүлгөн, ал эми "Кумтөр" долбо-ору боюнча жањы шарттар жөнүндө Макулдашуу эл аралык келишим болуп са-налбайт, себеби "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө"Мыйзамда ал тууралуу көрсөтүлгөн аныктамага ылайык келбейт. Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 74-беренесинин 1-пунктунаылайык Конституциянын жана мыйзамдардын, Президенттин, Жогорку Кењештинченемдик укуктук актыларынын негизинде гана Өкмөт өзүнүн токтомдорунжана буйруктарын чыгарат. Бирок, даттанылып жаткан буйрук жана токтомӨкмөт тарабынан аталган ченемдерди бузуу менен кабыл алынган. Ошону ме-нен, Өкмөткө Макулдашууга кол коюуга жана макулдук берүүгө формалдууукук берген Кыргыз Республикасынын Салык кодексине киргизилгенөзгөртүүлөр жана толуктоолор ошол маалда али мыйзам боло элек, юридика-лык күчү жок анын долбоору гана болчу. Соттук жыйналышта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депута-ты М.Н.Исанованын өкүлү К.Г.Милащенко сунуштун талаптарын колдоду,ошондой эле "Кыргыз Республикасындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүү-лөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамды конституцияга ылайык эмес деп табуужөнүндөгү кошумча өтүнүчүн сунуш кылды жана аларды канааттандырып бе-рүүнү сурады. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин жана Өкмөттүн өкүлдөрүА.К.Акмолдоев жана М.С.Иминов сунуштун жүйөөлөрү менен макул болбостон,аны канааттандыруусуз калтырууну сурашты. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тараптардын жүйөөлөрүнталкуулап жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, сунуш төмөнкү негиз-дер боюнча канааттандырылууга жатпайт деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-беренесинин 5-пунктунаылайык жер, анын кен байлыктары, аба мейкиндиги, суулары, токойлору,өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү, башка жаратылыш ресурстары КыргызРеспубликасынын менчиги болуп саналат, алар Кыргызстандын элинин жа-шоо-тиричилигинин жана иш аракетинин негизи катары пайдаланылат жанамамлекет тарабынан өзгөчө кайтарылууда турат. Алар ошондой эле менчик-тин жеке, муниципалдык жана башка түрлөрүндө болушу мүмкүн. Жер жанажаратылыш ресурстарынын ээлеринин өз укуктарын ишке ашыруунун жанааларды коргоо кепилдигинин чектери жана тартиби мыйзам менен аныкталат. 2009-жылдын 24-апрелиндеги Бишкек шаарында кол коюлган "Кумтөр"долбоору боюнча жана 2009-жылдын 30-апрелиндеги Мыйзам менен ЖогоркуКењеш тарабынан ратификацияланган Макулдашуунун жөнгө салуу объектисиболуп жањы шарттар жөнүндө "Кумтөр" кениндеги алтын жана күмүш запаста-рын геологиялык изилдөө жана иштетүү, ошондой эле аларды өндүрүү жанасатуу болгондуктан, көрсөтүлгөн Макулдашуу өзүнүн негизинде инвестиция-лык макулдашуулардын бир түрүнө тийиштүү болгон концессиялык макулдашууболуп саналат. Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын менчик ээси катарыкөрсөтүлгөн пайдалуу кендерине болгОн өзүнүн укуктарынын жана алардыкоргоонун кепилдигинин чектерин жана тартибин аныктаган Мыйзамдар болуп"
Жер казынасы жөнүндө", "
Кыргызстандагы концессиялар жана концессиялыкишканалар жөнүндө" жана "
Кыргыз Республикасындагы инвестицияларжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары саналат. "Жер казынасы жөнүндө"
Мыйзамдын 5-беренесинин 5-пунктуна ылайыкжер байлыктарынын мамлекеттик фондун жер байлыктарын пайдалануу боюнчамамлекеттик органдар аркылуу түздөн-түз башкаруу укугу, ошондой эле жербайлыктарын геологиялык изилдөөгө жана пайдалуу кендерди казып алууүчүн инвестицияларды тартуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берилген.Аталган Мыйзамдын 8-беренеси чет мамлекеттердин юридикалык жана физика-лык жактарына жер байлыктарын пайдалануучулары болушуна уруксат берет. "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Мыйзамдын 1,11-беренелерине жана "Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана кон-цессиялык ишканалар жөнүндө" Мыйзамдын 1, 10-беренелерине ылайык жербайлыктарын пайдаланууга концессия берилет, ал мүлктү, жерди жана анынбайлыктарын убактылуу пайдаланууга берүүгө байланышкан белгилүү бир иш-кердик кызматынын түрүн ишке ашыруу үчүн инвесторго Өкмөт тарабынан бе-рилген уруксат болуп эсептелинет. Инвесторлорго концессия берүү инвес-торлор Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары ме-нен түзүүчү концессиялык келишимдердин, макулдашуулардын негизинде Кыр-гыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. "Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканаларжөнүндө" Мыйзамдын 15-беренесине ылайык концессиялык келишимдерди тү-зүүгө жана аткарууга байланышкан маселелер Кыргыз Республикасынын Өкмө-түнүн ыйгарым укуктарына кирет.
Конституциянын 68-беренесинин 2, 3-пункттарына жана 73-беренесинин1-пунктуна ылайык Өкмөт мамлекеттик аткаруу бийлигинин жогорку органыболуп саналат жана ушул Конституцияда жана мыйзамдарда Президенттин жа-на Жогорку Кењештин компетенциясына киргизилген ыйгарым укуктардан баш-ка мамлекеттик башкаруунун бардык маселелерин чечет. Жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык жана мыйзамдык жоболордун маа-нисине ылайык "Кумтөр" долбоору боюнча жањы шарттар жөнүндө МакулдашууӨкмөттүн ыйгарым укуктарынын чегинде түзүлгөн жана Өкмөттүн башчысы ка-тары Премьер-министр ага кол коюуга укуктуу болгон, бул болсо КыргызРеспубликасынын Конституциясынын 4-беренесинин 5-пунктунун талаптарынаылайык келет. Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 11-беренесинин 3-пунктунажана 22-беренесине ылайык тиешелүү мыйзамды кабыл алуу жолу менен са-лыктарды жана жыйымдарды белгилөө укугу Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешине таандык. Мындай Мыйзам болуп Кыргыз Республикасынын Салык ко-декси эсептелет. "Кумтөр" долбоору боюнча жањы шарттар жөнүндө Макулда-шууда долбоор боюнча жањы режимдеги салыкты төлөөнү жана башка жыйым-дардын жањы режимдеги жоболору камтылгандыктан Жогорку Кењеш жогорудааталган конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашырып, өзүнүн жактыруу-сун билгизип, ошол Макулдашууну Мыйзам түрүндө ратификациялаган. Жогор-ку Кењеш Кыргызстан элинин атынан чыгып, каралып жаткан Макулдашуунуратификациялоодо Кыргызстан элинин жашоо-тиричилигинин жана иш аракети-нин негизи катары пайдаланылат жана мамлекет тарабынан өзгөчө кайтары-лууда турат (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесинин4-пунктуна жана 4-беренесинин 5-пунктуна) деген бул Макулдашуудагы жөн-гө салынуучу объекттин конституциялык статусун негизге алган. Ошондук-тан, "Кумтөр" долбоору боюнча жањы шарттар жөнүндө Макулдашууну ратифи-кациялоо, айрым мыйзам актыларына ратификация жөнүндөгү мыйзам бөлүгүнөөзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдар көрсөтүлгөн конституциялык че-немдерге ылайык келет. Кыргыз Республикасынын Салык Кодекси салык салуу чөйрөсүндө кењи-ри-укуктук мамилесин жөнгө салат, талашылып жаткан "Кыргыз Республика-сынын Салык Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүн-дө" Мыйзамдын ченемдери Өкмөт тарабынан, же болбосо Жогорку Кењештинтапшырмасы менен түзүлгөн макулдашуу салык мыйзамында көрсөтүлгөндөнбашка ченемдердин бекитилиши, көрсөтүлгөн чөйрөдө ушундай эле кењи-ри-укуктук мамилелерди жөнгө салууга багытталган. Эреже катары мындайченемдик актылар Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин жү-зөгө ашыруу максатында тармактык мыйзамдык актыларына киргизилет. Жого-руда белгиленгендей, тийиштүү мыйзамдарга анын ичинде Салык кодексинеда өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Жогорку Кењештин кароосунакирет. Ушундан улам, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Салыккодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду жана айрым мыйзам актыларынаСалык кодекси бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдар жого-рудагы көрсөтүлгөн конституциялык ченемдерге карама-каршы келбейт депэсептейт. Өкмөттүн 2009-жылдын 24-апрелиндеги N 181-р буйругун жана Өкмөттүн2009-жылдын 24-апрелиндеги N 254 токтомун "Кыргыз Республикасынын че-немдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамда көрсөтүлгөндөй, ченемдикукуктук актыларынын категориясына киргизүүгө болбойт, анткени алар жал-пыга милдеттүү, такай же убактылуу мүнөздөгү көп жолу колдонууга багыт-талган, аткарылууга тийиш болгон бекитүүгө, өзгөртүүгө жана жокко чыга-рууга багытталбаган жана так практикалык багыты бар. Ошондуктан Өкмөт-түн көрсөтүлгөн актыларынын конституциялуулугун текшерүү Кыргыз Респуб-ликасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз РеспубликасынынКонституциялык сотунун ыйгарым укуктарына кирбейт. Жогорудагылардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Конституци-ясынын 85-беренесинин 3-пунктунун 1-пунктчасын, "Кыргыз РеспубликасынынКонституциялык соту жөнүндө" Мыйзамдын 13 жана 14 беренелерин, "КыргызРеспубликасынын конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө" Мыйзамдын 10, 11,13, 14, 23, 24, 25, 29 жана 30-беренелерин жетекчиликке алып, КыргызРеспубликасынын Конституциялык соту, чечти: 1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана то-луктоолорду киргизүү жөнүндө" 2009-жылдын 30-апрелиндеги, "2009-жылдын24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-нүн, "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун, "Центерра Голд Инк" кана-далык компаниясынын, "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коо-мунун, "Кумтор Голд компани" жабык акционердик коомунун жана "Камеко"канадалык корпорациясынын ортосундагы "Кумтөр долбоору боюнча" жањышарттар жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" 2009 жылдын30-апрелиндеги жана "Кыргыз Республикасындагы айрым мыйзам актыларынаөзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" 2009-жылдын 24-майындагы Кыргыз Респуб-ликасынын мыйзамдары Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республика-сынын Конституциясынын 1-беренесинин 4-пунктунун экинчи бөлүгүнө,11-беренесинин 3-пунктуна, 22-беренесине, 58-беренесинин 1-пунктунун22-пунктчасына жана 74-беренесинин 1-пунктуна карама-каршы келет дептабуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты Иса-нова Мария Насирдиновнанын сунушу канааттандыруусуз калтырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-апрелиндеги N181-р буйругу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-ап-релиндеги N 254 токтому Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республи-касынын Конституциясынын 74-беренесинин 1-пунктуна карама-каршы келетдеген бөлүгүндө иш боюнча конституциялык сот өндүрүшү кыскартылсын. 3. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт. Бардык мамлекеттик органдар,юридикалык жактар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан милдеттүүтүрдө аткарылууга тийиш. 4. Чечим "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору-на", "Эркин Тоо", "Кыргыз Туусу", "Слово Кыргызстана" гезиттерине жары-ялансын. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы С.Сыдыкова Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун секретары О.Мамыров