Редакцияот 09.07.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары2009-жылдын 9-июлу             КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНЫН АТЫНАН         КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН ЧЕЧИМИ      Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 383-беренесинин1-бөлүгүнүн 7-пунктун Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республика-сынын Конституциясынын 86-беренесинин 1-пунктуна карама-каршы келет дептабуу жөнүндөгү  жарандар  Айзада Самиевна Манасованын жана Эсенбол Та-тандын өтүнүчү боюнча,     Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: Төрагасы С.К.Сыдыкова,Төраганын орунбасары А.А.Суталинов, судьялар - А.А.Абдугапаров, С.Н.Де-мин, А.С.Кенесариев,  Ч.Ж.Курбанова, Ө.Ж. Мамыров жана Ч.А. Мусабекова-нын курамында,     соттук жыйналыштын катчысы А.А.Мамбеткадыровдун,     тараптар: 2009-жылдын 7 жана 8-майындагы ишеним каттардын негизин-де аракеттенген  жарандар  Айзада Самиевна Манасованын жана Эсенбол Та-тандын өкүлү  Сатарали  Камбаралиевдин,  2009-жылдын 5-июнундагы ишенимкаттын негизинде  аракеттенген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешининөкүлү Айбек  Кудайбергенович Акмолдоевдин катышуулары менен Кыргыз Рес-публикасынын Конституциясынын   85-беренесин,   "Кыргыз РеспубликасынынКонституциялык соту  жөнүндө"  Мыйзамдын 13-беренесин жана "Кыргыз Рес-публикасынын конституциялык  сот өндүрүшү жөнүндө" Мыйзамдын 11-берене-син жетекчиликке  алып,  ачык  соттук жыйналышта Кыргыз РеспубликасынынЖазык-процесстик кодексинин 383-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктун Конс-титуцияга ылайык  эмес  жана  Кыргыз  Республикасынын Конституциясынын.86-беренесинин 1-пунктуна карама-каршы келет деп табуу жөнүндөгү жаран-дар А.С.Манасованын жана Э.Татандын өтүнүчүн карады.     Судья Ө.Ж.Мамыровдун  баяндамасын,  жарандар  А.С.Манасованын жанаЭ.Татандын өкүлү С.Камбаралиевдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кење-шинин өкүлү  А.К.Акмолдоевдин,  Кыргыз  Республикасынын Жогорку сотунунсудьясы Р.И.Эралиеванын  сөздөрүн угуп жана иштин материалдарын изилдепчыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту,     тапты:     Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна 2009-жылдын 28-майын-да Кыргыз  Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин (мындан ары ЖПК)383-беренесинин 1-бөлүгүнүн  7-пунктун  Конституцияга  ылайык эмес жанаКыргыз Республикасынын Конституциясынын 86-беренесинин 1-пунктуна кара-ма-каршы келет  деп табуу жөнүндөгү жарандар А.С.Манасованын жана Э.Та-тандын өтүнүчү келип түшкөн.     Өтүнүчтү негиздөөгө  төмөндөгү  жүйөөлөр келтирилген. Ош облусунунКарасуу райондук  сотунун 2007-жылдын 13-мартындагы өкүмү менен А.С.Ма-насова Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (мындан ары - КЖК)350-беренесинин 1  жана  3-бөлүктөрү менен күнөөлү деп табылган, ал эмиКыргыз Республикасынын КЖКнын 326-беренесинин 1-бөлүгү, 221-беренесинин2-бөлүгү, 213-беренесинин 2-бөлүгү жана 169-беренеси боюнча анын араке-тинде кылмыштын  курамы  жок болгондуктан акталган. Э.Татан Кыргыз Рес-публикасынын КЖКнын 304-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1 жана 3-пункттары жана169-беренеси менен  анын  аракетинде  кылмыштын курамы жок болгондуктанакталган.     Жалалабад облустук  сотунун  кылмыш  иштери  жана административдикукук бузуулар  жөнүндөгү иштери боюнча соттук коллегиясынын 2007-жылдын25-декабрындагы өкүмү  менен А.С.Манасова Кыргыз Республикасынын КЖКнын350-беренесинин 1  жана 3-бөлүктөрү менен дагы акталган, ал эми Э.Татанжөнүндөгү райондук соттун аталган өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган.     Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун кылмыш иштери жана админис-тративдик укук  бузуулар  жөнүндөгү  иштери боюнча соттук коллегиясынын2008-жылдын 27-мартындагы  токтому менен көрсөтүлгөн соттук актылар бу-зулган жана иш Ош облусунун Карасуу райондук сотуна кайра кароого жибе-рилген.     Аталган чечимди  кабыл  алууда  иш  жүзүндө Кыргыз РеспубликасынынЖПКнын 383-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пункту колдонулгандыгы Кыргыз Рес-публикасынын Жогорку  сотунун  соттук коллегиясынын токтомунан көрүнөт,ал болсо  ишти надзор иретинде караган сотко жергиликтүү соттордун сот-тук актыларын  бузуп,  ишти  кайра соттук кароого жиберүү укугун берет,бирок бул  учурда буга иш боюнча соттун чечими жок болгондо гана мүмкүндеген жагдай эске алынбаган.     Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 383-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктуменен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна жергиликтүү соттордун  сот-тук актыларын бузуп, ишти жањыдан соттук кароого жиберүү ыйгарым укугунберүү Кыргыз Республикасынын Жогорку соту сот процессине  катышуучулар-дын  кайрылуулары  боюнча  сот актыларын кайра кароо формасында алардынишине көзөмөлдүктү жүзөгө ашырат деген Кыргыз Республикасынын Конститу-циясынын 86-беренесинин 1-пунктуна карама-каршы келет.     Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан Кыргыз Республикасы-нын Конституциясынын  86-беренесинин 1-пунктуна карама-каршы келген та-лашылган ченемин  колдонуусу жарандар А.С.Манасова жана Э.Татандын Кыр-гыз Республикасынын Конституциясынын 15-беренесинин 4-пункту кепилдегенсоттук коргоого болгон укуктарын бузган.     Соттук жыйналышта  жарандар  А.С.Манасова  жана  Э.Татандын  өкүлүС.Камбаралиев өтүнүчтүн  талаптарын  колдоду,  сотко ушул эле иш боюнчаКыргыз Республикасынын  Жогорку  сотунун кылмыш иштери жана администра-тивдик укук  бузуулар  жөнүндөгү  иштери  боюнча  соттук  коллегиясынын2009-жылдын 29-мартындагы Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 383-беренесинин1-бөлүгүнүн 7-пункту  колдонулуп кабыл алынган токтомун берди жана Кыр-гыз Республикасынын  Конституциялык  сотунун 2006-жылдын 13-январындагычечимине таянып,  Кыргыз Республикасынын ЖПКнын көрсөтүлгөн ченеми Кыр-гыз Республикасынын  Конституциясынын  86-беренесинин  1-пунктуна кара-ма-каршы келет деп белгиледи.     Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кењешинин өкүлү А.К.Акмолдоев жанаКыргыз Республикасынын  Жогорку  сотунун судьясы Р.И.Эралиева өтүнүчтүнжүйөөлөрү менен макул болушкан жок жана аны канааттандыруусуз калтыруу-ну сурашты.     Кыргыз Республикасынын  Конституциялык соту тараптардын жүйөөлөрүнТалкуулап жана  иштин материалдарын изилдеп, жарандар А.С.Манасова жанаЭ.Татандын өтүнүчү төмөндөгүдөй негиздер менен канааттандыруусуз калты-рылууга жатат деп эсептейт.     Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун кылмыш иштери жана админис-тративдик укук  бузуулар  жөнүндөгү  иштери боюнча соттук коллегиясынын2008-жылдын 27-мартындагы  токтомуна караганда Карасуу райондук сотунун2007-жылдын 13-мартындагы жана Жалалабад облустук сотунун кылмыш иштерижана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштери боюнча соттук кол-легиясынын 2007-жылдын 25-декабрындагы А.С.Манасова жана Э.Татан жөнүн-дөгү өкүмдөрү  бузулуп,  иш  жањыдан соттук кароо үчүн Карасуу райондуксотуна жөнөтүлгөн.     Ишти жањыдан кароодо 2008-жылдын 14-майындагы Карасуу райондук со-тунун өкүмү  менен  А.С.Манасова жана Э.Татан акталышкан, ал эми Ош об-лустук сотунун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар жөнүн-дөгү иштери  боюнча соттук коллегиясынын 2008-жылдын 24-июнундагы анык-тамасы менен көрсөтүлгөн өкүм өзгөртүүсүз калтырылган.     Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун кылмыш иштери жана админис-тративдик укук  бузуулар  жөнүндөгү  иштери  боюнча  соттук  коллегиясы2009-жылдын 26-мартындагы  токтому  менен Кыргыз Республикасынын ЖПКнын383-беренесинин 1-бөлүгүнүн  7-пунктун  жетекчиликке  алып, көрсөтүлгөнсоттук актыларды  кайрадан  бузган жана ишти башка курамда кароого ошолэле сотко жањыдан соттук кароого жөнөткөн.     Кайрылган тарап өзүнүн жүйөөлөрүн негиздөө үчүн Кыргыз Республика-сынын Конституциялык  сотунун 2006-жылдын 13-январындагы чечимине таян-ган, аны  кабыл  алуу  учурунда болсо башка конституциялык абал болгон,Атап айтканда, "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жањы редакциясыжөнүндөгү" 2003-жылдын  18-февралындагы  Мыйзамында  баяндалган  КыргызРеспубликасынын Конституциясынын 83-беренесинин 3-пунктунда Кыргыз Рес-публикасынын Жогорку  сотунун  жергиликтүү  соттордун актыларын күчүндөкалтыруу, аларды  өзгөртүү  же  иш боюнча жањы чечим кабыл алуу ыйгарымукуктары Мыйзам менен аныкталат деп бекитилген. Андыктан Кыргыз Респуб-ликасынын Жогорку  сотунун  ыйгарым укуктарынын тизмеси толук чектелгенжана аны кењири чечмелөө мүмкүн эмес.     Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 86-берене-синин 1-пунктуна  ылайык  Кыргыз  Республикасынын Жогорку соту мыйзамдакаралган тартипте  сот  процессине  катышуучулардын кайрылуулары боюнчасот актыларын  кайра кароо формасында жергиликтүү соттордун ишине көзө-мөлдүктү жүзөгө  ашырат. Көрсөтүлгөн конституциялык ченемге ылайык Кыр-гыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан көзөмөлдү ишке ашыруу тарти-би анын  ичинде  анын ыйгарым укуктарынын тизмесин аныктоо мыйзам чыга-руучу тарабынан аныкталат. Конституциянын ушул талабын ишке ашыруу үчүнКыргыз Республикасынын  ЖПКнын  383-беренесинде  Кыргыз РеспубликасынынЖогорку сотунун жергиликтүү соттордун ишине көзөмөл жүргүзүү боюнча ый-гарым укуктарын анын ичинде жергиликтүү соттордун актыларын жокко чыга-рып жана ишти жањыдан биринчи же апелляциялык инстанциядагы сотко жөнө-түүнү аныктаган.  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун мындай ыйгарымукугу жеткиликтүү  изилденбеген жана соттук тергөөнүн кемчиликтерин ка-лыбына келтирүүгө  мүмкүн болбогон учурларда соттук коргоонун кепилдигиболуп жана  иштин жагдайларын ар тараптуу, толук жана объективдүү изил-дөөгө, ошондой эле ал боюнча акыйкат чечим чыгарууга өбөлгө түзөт.     Мындай жагдайларда,  Кыргыз  Республикасынын  Конституциялык  сотуКыргыз Республикасынын  ЖПКнын  383-беренесинин талашылып жаткан ченемиКыргыз Республикасынын  Конституциясынын 86-беренесинин 1-пунктунун та-лабына ылайык  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ыйгарым укуктарынаныктоо үчүн  кабыл алынган деп эсептейт, ал эми Кыргыз РеспубликасынынКонституциясынын 15-беренесинин 4-пунктунда каралган жарандардын соттуккоргоого болгон конституциялык укугу сакталып калат.     Жогорудагылардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Конституци-ясынын 85-беренесинин 3-пунктунун 1-пунктчасын, "Кыргыз РеспубликасынынКонституциялык соту  жөнүндө" Мыйзамдын 13 жана 14-беренелерин, "КыргызРеспубликасынын конституциялык  сот өндүрүшү жөнүндө" Мыйзамдын 10, 11,13, 14,  23,  24,  25, 29 жана 30-беренелерин жетекчиликке алып, КыргызРеспубликасынын Конституциялык соту чечти:     1. Кыргыз  Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 383-берене-синин 1-бөлүгүнүн  7-пунктун Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Рес-публикасынын Конституциясынын  86-беренесинин  1-пунктуна  карама-каршыкелет деп  табуу  жөнүндөгү  жарандар  Айзада Самиевна Манасованын жанаЭсенбол Татандын өтүнүчү канааттандыруусуз калтырылсын.     2. Чечим  акыркы, даттанууга жатпайт. Бардык мамлекеттик органдар,юридикалык жактар,  кызмат адамдары жана жарандар тарабынан аткарылуугажатат.     3. Чечим  "Кыргыз  Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору-на", "Кыргыз  Туусу",  "Слово Кыргызстана" жана "Эркин Тоо" гезиттеринежарыялансын.       Кыргыз Республикасынын     Конституциялык сотунун төрагасы                   С.Сыдыкова      Кыргыз Республикасынын     Конституциялык сотунун секретары                  Ө.Мамыров