Бишкек шаары2009-жылдын 7-июлу КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН ЧЕЧИМИ "Кыргыз Республикасында турак жай фондусун приватташтыруу жөнүндө"1991-жылдын 20-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-берене-синин биринчи абзацын Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республика-сынын Конституциясынын 4-беренесинин 1-пунктуна, 13-беренесинин 1 жана3-пункттарына, 18-беренесине, 21-беренесинин 6-пунктуна карама-каршыкелет деп табуу жөнүндөгү жарандар Акунова Айгуль Абыловна жана АкуноваНазгуль Абыловнанын өтүнүчү боюнча, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: Төрагасы С.К.Сыдыкова,Төраганын орун басары А.А.Суталинов, судьялар - А.А.Абдугапаров,С.Њ.Демин, А.С.Кененсариев, Ч.Дж.Курбанова, О.Ж.Мамыров жана Ч.А.Муса-бековалардын курамында, соттук жыйналыштын катчысы: Ж.М.Абдылдаеванын, тараптар: 2007-жылдын 11-июнундагы жана 2009-жылдын 6-июлундагыишеним каттардын негизинде аракеттенген жарандар А.А. Акунова жана Н.А.Акунованын өкүлү Бийзаков Рафаэл Советбековичтин, 2009-жылдын 26-майын-дагы ишеним каттын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Жогор-ку Кењешинин өкүлү Абдылдаев Таалайбек Онолбековичтин катышуулары ме-нен, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесин, "Кыргыз Рес-публикасынын Конституциялык соту жөнүндө" Мыйзамдын 13-беренесин жана"Кыргыз Республикасынын конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө" Мыйзамдын11-беренесин жетекчиликке алып, ачык соттук жыйналышта "Кыргыз Респуб-ликасында турак жай фондусун приватташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республика-сынын Мыйзамынын 6-беренесинин биринчи абзацын Конституцияга ылайыкэмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-беренесинин 1-пунк-туна, 13-беренесинин 1 жана 3-пункттарына, 18-беренесине, 21-беренеси-нин 6-пунктуна карама-каршы келет деп табуу жөнүндөгү жарандар А.А.Аку-нова жана Н.А.Акунованын өтүнүчүн карады. Судья А.С.Кененсариевдин баяндамасын, жарандар А.А.Абылова жанаН.А.Абылованын өкүлү Р.С.Бийзаковдун, Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин өкүлү Т.О.Абдылдаевдин сөздөрүн угуп жана иштин материалдарынизилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тапты: "Кыргыз Республикасында турак жай фондусун приватташтыруу жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин биринчи абзацын Консти-туцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-бе-ренесинин 1-пунктуна, 13-беренесинин 1 жана 3-пункттарына, 18-беренеси-не, 21-беренесинин 6-пунктуна карама-каршы келет деп табуу жөнүндөгүжарандар А.А.Акунова жана Н.А.Акунованын өтүнүчү келип түшкөн. Өтүнүчтү негиздөөгө төмөндөгү жүйөөлөр келтирилет. Бишкек шаарынын район аралык сотунун 2008-жылдын 5-мартындагы че-чими менен А.А.Акунова жана Н.А. Акунованын Октябрь райондук админист-рациясынын Бишкек шаары 6-кичи район, 22-үй, 56-квартираны менчиктешти-рүү жөнүндө 1994-жылдын 27-декабрындагы N 1816 токтомун жокко чыгаруудоо талаптарын канааттандыруудан баш тартылган. Кассациялык жана көзө-мөл инстанцияларында бул чечим күчүндө, ал эми даттануу - канааттанды-руусуз калтырылган. Көрсөтүлгөн чечимди чыгарууда сот жогоруда көрсөтүлгөн квартираныменчиктештирүү учурунда, тактап айтканда 1994-жылдын 27-декабрында кү-чүндө болгон "Кыргыз Республикасында турак жай фондусун приватташтыруужөнүндө" Мыйзамдын 6-беренесинин биринчи абзацын жетекчиликке алган. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинин биринчи абзацына ылайык квартираны жетурак үйдү жалдоочу, үйдө убактылуу жок болушкан, ошондой эле турак-жайалуунун кезегинде турган жашы жеткен үй-бүлө мүчөлөрүн кошкондо, өзүменен чогуу жашагандардын бардыгынын кат жүзүндө макулдугу менен ганатурак-жайды сатып алууга укуктуу. Мыйзамдын көрсөтүлгөн ченемдерин кол-донуу менен соттор турак-жайды менчиктештирүүгө байланышкан иштерди ка-роодо талашылып жаткан Мыйзамдын абзацында "чогуу жашаган бардык жашыжеткен үй-бүлөө мүчөлөрүнүн кат жүзүндө макулдугу менен" деген формули-ровканын болуусу жалдоочу менен катар биргелешкен менчик укугуна мен-чиктештирүү учурунда жашы жеткен үй-бүлө мүчөлөрүнө гана берилет дегенжыйынтыкка келишкен. Жалдоочунун үй-бүлө мүчөсү болсо да, бирок менчик-тештирүү учурунда жашы жете элек жактар, менчик укугуна ээ болушпайт. "Кыргыз Республикасында турак жай фондусун приватташтыруу жөнүндө"Мыйзамдын 6-беренесинин биринчи абзацы Конституцияга ылайык эмес жанаКыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-беренесинин 1-пунктуна,13-беренесинин 1 жана 3-пункттарына, 18-беренесине, 21-беренесинин6-пунктуна карама-каршы келип, менчиктин түрлөрүн бирдей тењ укуктакорголушуна, ар бир адамга төрөлгөндөн баштап таандык эркиндиктеринежана укуктарына, бардык адамдар мыйзам жана сот алдында бирдейлигине,кандайдыр-бир басмырланууга жол берилбөөгө, адамдын эркиндиктери мененукуктарын жокко чыгаруучу мыйзамдарды чыгарылууга жол берилбешине, жа-рандардын укуктары жана милдеттери жөнүндө мыйзамдар бардык жарандаргабирдей колдонулууга болгон алардын конституциялык укуктарын бузат депэсептешет. Соттук жыйналышта жарандар А.А Акунова жана Н.А.Акунованын өкүлүР.С.Бийзаков өтүнүчтү колдоду жана аны канааттандырууну сурады. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин өкүлү Т.О.Абдылдаев өтү-нүчтүн жүйөөлөрү менен макул болгон жок жана аны канааттандыруусуз кал-тырууну сурады. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тараптардын жүйөөлөрүнталкуулап жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, жарандар А.А.Акуноважана Н.А.Акунованын өтүнүчү төмөндөгү негиздер боюнча канааттандырылуу-га жатпайт деп эсептейт. Берилген материалдарга караганда Бишкек район аралык сотунун2008-жылдын 5-мартындагы чечими менен А.А.Акунова жана Н.А.АкунованынОктябрь райондук администрациясынын 1994-жылдын 27-декабрындагы Бишкекшаарынын, 6-кичи районундагы, 22-үйдөгү, 56-квартираны менчиктештирүүжөнүндөгү токтомун жокко чыгаруу жөнүндөгү доо талаптарын доонун эски-риш мөөнөтүнүн өткөндүгүнүн негизинде канааттандыруудан баш тарткан.Кассациялык жана көзөмөл инстанцияларынын соттук актылары менен көрсө-түлгөн соттун чечимдери күчүндө калтырылган. Азыркы мезгилде, жогорку соттук инстанциялардын токтомдору мененкүчүндө калтырылган 2007-жылдын 4-сентябрындагы Октябрь райондук соту-нун чечимине ылайык жогорудагы менчиктештирилген квартира жарандар Аку-нова Айгуль Абыловна жана Акунова Назгуль Абыловнадан башка үй-бүлө мү-чөлөрүнүн ортосунда бөлүнгөн. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 33-беренесине ылайык Кыр-гыз Республикасынын жарандары турак-жайга укуктуу. Бул укук мамлекет-тик, муниципиалдык жана жеке турак-жай фондуларынын, уюмдардын ту-рак-жай фондуларынын өнүгүүсү менен жарандарга мыйзамда бекитилген шар-ттарда жана тартипте турак-жайды алууга көмөк көрсөтүү менен камсыз кы-лынат. Алар тарабынан талашылып жаткан "Кыргыз Республикасында турак-жайфондусун приватташтыруу жөнүндө" Мыйзамдын ченеми квартираны же туракүйдү жалдоочу, үйдө убактылуу жок болушкан, ошондой эле турак-жай алуу-нун кезегинде турган жашы жеткен үй-бүлө мүчөлөрүн кошкондо, өзү мененчогуу жашагандардын бардыгынын кат жүзүндө макулдугу менен гана ту-рак-жайды сатып алуу укугун белгилеген турак-жайды менчиктештирүү тар-тибин бекитет. Көрсөтүлгөн ченемде менчиктештирилип жаткан учурда жашы жеткенүй-бүлө мүчөлөрү менен катар жашы жете элек үй-бүлө мүчөлөрүнүн макул-дугунун жоктугу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 33-беренесиндекепилденген алардын турак-жайга болгон укугунан ажыратпайт. Кыргыз Рес-публикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-пунктуна ылайык балдаргакамкордук көрүү, аларды тарбиялоо - ата-энелердин табийгый укугу жанажарандык милдети, ошон үчүн жашы жете элек үй-бүлө мүчөлөрүнүн ту-рак-жайды менчиктештирүүдөгү кызыкчылыгына жарандык мыйзамдарга ылайыката-энеси жана мыйзамдуу өкүлдөрү өкүлчүлүк кылат. Мындай жагдайларда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык Соту"Кыргыз Республикасында турак жай фондусун приватташтыруу жөнүндө" Мый-замдын 6-беренесинин биринчи абзацы жарандардын конституциялык укукта-рын бузбайт жана өтүнүчтө көрсөтүлгөн Конституциянын беренелеринин та-лаптарына карама-каршы келбейт деп эсептейт. Жогорудагылардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Конституци-ясынын 85-беренесинин 3-пунктунун 1-пунктчасын, "Кыргыз РеспубликасынынКонституциялык соту жөнүндө" Мыйзамдын 13 жана 14-беренелерин, "КыргызРеспубликасынын конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө" Мыйзамдын 10, 11,13, 14, 24, 25, 29 жана 30-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Рес-публикасынын Конституциялык соту чечти: 1. "Кыргыз Республикасында турак жай фондусуњ приватташтыруу жө-нүндө" 1991-жылдын 20-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын6-беренесинин биринчи абзацын Конституцияга ылайык эмес жана КыргызРеспубликасынын Конституциясынын 4-беренесинин 1-пунктуна, 13-беренеси-нин 1 жана 3-пункттарына, 18-беренесине жана 21-беренесинин 6-пунктунакарама-каршы келет деп табуу жөнүндөгү жарандар Акунова Айгуль Абыловнажана Акунова Назгуль Абыловнанын өтүнүчү канааттандырылуусуз калтырыл-сын. 2. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт. Бардык мамлекеттик органдар,кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар тарабынан милдеттүүтүрдө аткарылууга тийиш. 3. Чечим "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору-на", "Кыргыз Туусу", "Слово Кыргызстана" жана "Эркин Тоо" гезиттеринежарыялансын. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы С.Сыдыкова Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун секретары О.Мамыров