Бишкек шаары2009-жылдын 16-июлу КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН ЧЕЧИМИ Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 45-беренесинин 3-пунктунрасмий чечмелөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депу-таты Бешимов Бактыбек Джолчубековичтин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: Төрагасы С.К.Сыдыкова,Төраганын орун басары А.А.Суталинов, судьялар - А.А.Абдугапаров,С.Н.Демин, А.С.Кененсариев, Ч.Ж.Курбанова, О.Ж.Мамыров жана Ч.А.Мусабе-кованын курамында, соттук жыйналыштын катчысы К.Дубанаевдин, тарап: Кыргыз Республи-касынын Жогорку Кењешинин депутаты Б.Дж.Бешимовдун, чакырылган жак2009-жылдын 6-июлундагы ишеним каттын негизинде аракеттенген "Ак Жол"элдик партия" саясий партиясынын өкүлү Сыдыгалиев Бактыбек Арленовичтинкатышуулары менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренеси-нин 3-пунктунун 2-пунктчасын, "Кыргыз Республикасынын Конституциялыксоту жөнүндө" Мыйзамдын 13-беренесин жана "Кыргыз Республикасынын конс-титуциялык сот өндүрүшү жөнүндө" Мыйзамдын 11-беренесин жетекчиликкеалып, ачык соттук жыйналышта Кыргыз Республикасынын Конституциясынын45-беренесинин 3-пунктун расмий чечмелөө жөнүндө Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кењешинин депутаты Б.Дж.Бешимовдун сунушун карады. Судья Ч.А.Мусабекованын баяндамасын, Кыргыз Республикасынын Жогор-ку Кењешинин депутаты Б.Дж.Бешимовдун, "Ак Жол" элдик партия" саясийпартиясынын өкүлү Б.А.Сыдыгалиевдин сөздөрүн угуп жана иштин материал-дарын изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, тапты: Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна 2009-жылдын 10-июнун-да Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 45-беренесинин 3-пунктунрасмий чечмелөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депу-таты Б.Дж.Бешимовдун сунушу келип түшкөн. Сунушту негиздөөгө төмөндөгү жүйөөлөр келтирилген. Кыргыз Респуб-ликасынын Конституциясынын 8-беренесинин 5-пунктуна ылайык Кыргыз Рес-публикасында мамлекеттик жана партиялык институттарды бириктирүүгө,ошондой эле мамлекет иштерин партиялык программаларга жана чечимдергебаш ийдирүүгө жол берилбейт. Бирок, белгилүү болгондой, иштеп жатканКыргыз Республикасынын Президенти Бакиев Курманбек Салиевич элдин бирбөлүгүнө өкүлчүлүк кылган "Ак Жол" саясий партиясынын лидери болуп са-налат. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренесинин 2-пунктунаылайык Президент элдин биримдигинин жана мамлекеттик бийликтин символу,Конституциянын, адамдын жана жарандын эркиндиктери менен укуктарынынкепили болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 1-пунктундамамлекет жана анын органдары коомдун кандайдыр-бир бөлүгүнө эмес, бүт-күл коомго кызмат кылат деп айтылган. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 45-беренесинин 3-пунктунаылайык Президент өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде Президенткежањы шайлоо башталганга чейин саясий партиялардагы жана уюмдардагы өзишин токтото турат. Ушуга байланыштуу, ал Кыргыз Республикасынын Конституциясынын45-беренесинин 3-пунктун расмий чечмелеп жана Кыргыз РеспубликасынынПрезиденти Бакиев Курманбек Салиевич өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарыпжаткан мезгилде Президенттикке жањы шайлоо башталганга чейин саясийпартиялардагы жана уюмдардагы өз ишин токтото турушу керекпи деп тактапберүүсүн сурайт. Соттук жыйналышта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депута-ты Б.Дж.Бешимов өзүнүн сунушун колдоду жана көрсөтүлгөн Конституциянынченемин расмий чечмелеп берүүнү сурады. "Ак Жол" элдик партия" саясий партиясынын өкүлү Б.А.Сыдыгалиевмындай чечмелөөнүн зарылчылыгы жок деп эсептейт, анткени Кыргыз Респуб-ликасынын Конституциясынын 45-беренесинин 3-пунктунда Президент жањышайлоо башталганга чейин саясий партиялардагы жана уюмдардагы өз ишинтоктото турат деп так жана айкын бекиткен, ага ылайык азыркы убакта иш-теп жаткан Кыргыз Республикасынын Президенти К.С.Бакиев 2007-жылдын15-октябрында "Ак Жол" партиясынын Саясий кењешине Кыргыз Республикасы-нын Президентине жањы шайлоо башталганга чейин бул партиядагы өзүнүнишин токтото туруу жөнүндө өз арызын берген. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тараптын, чакырылганжактын жүйөөлөрүн талкуулап жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, тө-мөндөгүлөрдү негизге алат. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 45-беренесинин 3-пунктундаПрезидент өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде Президентке жањышайлоо башталганга чейин саясий партиялардагы жана уюмдардагы өз ишинтоктото турат деп көрсөтүлгөн. Берилген конституциялык ченем мамлекет-тин Президентиње жањы шайлоо башталганга чейин ал мүчө болгон кайсы-бирсаясий партиялардагы жана уюмдардагы ишин токтото туруу милдетин анык-тайт. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренесинин 2-пунктундабекитилген элдин биримдигинин жана мамлекеттик бийликтин символу, Конс-титуциянын, адамдын жана жарандын эркиндиктери менен укуктарынын кепиликатары Президенттин конституциялык-укуктук статусу бул конституциялыкчектөөнүн зарылчылыгын шарттайт, анткени Президент мамлекетте эњ жогор-ку абалды ээлеген жана өлкөнү башкаруу боюнча жалпы элдин жана жалпыКыргызстандын кызыкчылыгы үчүн мамлекеттик бийликти ишке ашыруу боюнчаКонституция тарабынан атайын ыйгарым укуктар берилген адам. Чечмеленип жаткан ченемдеги "саясий партиялардагы жана уюмдардагыөз ишин" деген түшүнүк, алардын жалпы кызыкчылыктарынын жана максатта-рынын ишке ашыруусуна баш ийген мүчөлөрүнүн уюшулган иш аракеттерининжыйындысынын маанисин билдирет. Саясий партиянын жана уюмдун ар бир мү-чөсүнүн, алардын жетекчи органдарынын ишинин айкын мазмуну "Саясий пар-тиялар жөнүндө" Мыйзамы жана алардын уставдары менен аныкталат. Бул ишөлкөнүн Президенти болуп шайланган саясий партиянын же уюмдун мүчөсүтарабынан ал президенттик ыйгарым укуктарын аткарып жаткан мезгилдетоктотууга тийиш. Мындай ишти токтото туруу тартиби жөнүндө жоболорКыргыз Республикасынын Конституциясы камтыбайт. Эреже катары, алар алмүчө болгон тийиштүү саясий партиянын же уюмдун уставы менен бекитил-ген. Ошону менен бирге, каралып жаткан конституциялык ченем бул чектөө-нү Президент өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарып жаткан бардык мезгилгеэмес, Президентти жањы шайлоонун башталышына чейин гана бекиткен. Шай-лоо мезгил чектери менен ырааттуу стадиялардай болгон мыйзам менен бел-гиленген айкын шайлоо аракеттеринин жана шайлоо процедураларынын жыйын-дысын өзүнө камтыган бүтүндөй процесс экендигин көрсөтөт. Шайлоо про-цессинин бардык стадиялары шайлоону дайындоого ыйгарым укуктуу мамле-кеттик орган же кызмат адамы тарабынан аны дайындагандан кийин гана ат-карылат. Андыктан, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоосу аны дай-ындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин токтому расмийжарыяланган күндөн башталат деп эсептеш керек, анткени, ага ыйгарымукуктуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 58-берене-синин 1-пунктунун 7-пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењеши саналат. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 45-беренесинин3-пункту менен бекитилген талабы өлкөнүн Президенти болуп шайланган са-ясий партиянын жана уюмдун мүчөсүнүн ар кандай партиялык иши КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинин Кыргыз Республикасынын Президентинжањы шайлоо датасын дайындоо жөнүндө чечимин расмий жарыялаган күнгөчейин токтото турат дегенди билдирет. Бул ченем азыркы иштеп жатканКыргыз Республикасынын Президенти Бакиев Курманбек Салиевичке да тарка-тылат. Жогорудагылардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Конституци-ясынын 85-беренесинин 3-пунктунун 2-пунктчасын, "Кыргыз РеспубликасынынКонституциялык соту жөнүндө" Мыйзамдын 13 жана 14-беренелерин, "КыргызРеспубликасынын конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө" Мыйзамдын 10, 11,14, 24, 25, 29 жана 30-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республи-касынын Конституциялык соту чечти: 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 45-беренесинин 3-пунк-туна расмий чечмелөө берилсин: Берилген конституциялык ченемди өлкөнүн Президенти болуп шайлангансаясий партиянын жана уюмдун мүчөсүнүн ар кандай партиялык иши КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинин Кыргыз Республикасынын Президентинжањы шайлоо датасын дайындоо жөнүндө чечимин расмий жарыялаган күнгөчейин токтото турат деп түшүнүү керек. 2. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт. Бардык мамлекеттик органдар,юридикалык жактар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан милдеттүүтүрдө аткарылууга тийиш. 3. Чечим "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосторуна","Кыргыз Туусу", "Слово Кыргызстана" жана "Эркин Тоо" гезиттерине жарыя-лансын. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы С.Сыдыкова Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун секретары О.Мамыров