Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 19-марты № 59
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 387-1-статья менен толукталсын:
"387-1-статья. Дипломатиялык жана кызматтык паспортторду берүү, пайдалануу жана кайтарып берүү эрежелерин бузуу
Дипломатиялык жана кызматтык паспортторду берүү, пайдалануу жана кайтарып берүү эрежелерин бузуу -
кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, жарандарга - он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, -
кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө, жарандарга - жыйырма өлчөмүндө айып салууга алып келет.".
2. 390-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "ондон жыйырма өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "жүз өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 508-статьянын 1-бөлүгү "382," деген цифралардан кийин "387-1," деген цифралар менен толукталсын.
4. 556-1-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасынын экинчи абзацы "82-1," деген цифралардан кийин "387-1," деген цифралар менен толукталсын.
2-берене.
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 371-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
42-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-бөлүктөр менен толукталсын:
"Дипломатиялык жана кызматтык паспорттор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каралган тартипте берилет жана пайдаланылат. Дипломатиялык жана кызматтык паспорттор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекетке кайтарылып берилүүгө жатат.
Дипломатиялык жана кызматтык паспортторду берүү, пайдалануу жана кайтарып берүү эрежелерин бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш.Атамбаев |