Бишкек шаары2003-жылдын 28-февралы КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН ЧЕЧИМИ "Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы жөнүндө Кыргыз Республикасыменен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Макулдашууну ратификациялоотууралуу" 10-апрель 1998-жылдагы жана "Кыргыз-кытай мамлекеттик чекарасы жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын орто-сундагы Кошумча Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" 25-май 2002-жыл-дагы Мыйзамдарды Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз РеспубликасынынКонституциясынын 3-статьясынын 1-пунктуна, 59-статьясынын 1-пунктунажана 65-статьясынын 6-пунктуна карама-каршы келет деп табуу жөнүндөКыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депу-таттары Б.Ж. Асанов, А. Абдимомунов, Б. Акунов, А.А. Бекназаров, Б.С.Бекбоев, О.Д. Дүйшеев, И.И. Исаков, И.Д. Кадырбеков, А.К. Мадумаров,А.М. Масалиев жана А.П. Проненколордун сунуштары боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: Төрагасы Ч.Т. Баекова,Төраганын орун басары А.А. Суталинов, судьялар - П.Н.Дрыжак, М.Т. Кайы-пов, А.С. Кененсариев, Ж.Ж. Тогойбаев, К.Э. Эсеналиев жана К.Э. Эсенка-новдордун курамында, соттук жыйнальштын катчысы А. Аширова, тараптар:өздөрүнүн атынан жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйэамчыгаруу жыйынынын депутаттары: Б.Ж. Асанов, А. Абдимомунов, Б. Акунов,Б.С. Бекбоев, О.Д. Дүйшеев, А.К. Мадумаров, А.М. Масалиев жана А.П.Проненколордун атынан 27-декабрь 2002-жылы нотариалдык күбөлөндүрүлгөнишеним каттын негизинде аракеттенишкен, Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары: Азимбек АнаркуловичБекназаров, Исмаил Исакович Исаков жана Ишенбай Дюшенбиевич Кадырбеков-дордун, 27-декабрь 2002-жылдагы ишеним каттын негизинде аракеттенишкенКыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынынөкүлдөрү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйы-нынын Төрагасы Абдыганы Эркебаевич Эркебаев жана депутат Зайнидин Кар-пекович Курмановдордун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Элөкүлдөр жыйынын Төрагасы кол койгон 10-сентябрь 2002-жылдагы ишенимкаттын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Жогорку КењешининЭл өкүлдөр жыйынынын өкүлү, депутат Кыдыкбек Шайдинович Исаевдин, Кыр-гыз Республикасынын Президенти кол койгон 17-сентябрь жана 29-декабрь2002-жылдагы ишеним каттардын негизинде аракеттенишкен Кыргыз Республи-касынын Президентинин өкүлдөрү: Кыргыз Республикасынын биринчи ви-це-премьер министри, Юстиция министри Курманбек Эргешович Осмонов, Кыр-гыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын юридикалыкбөлүмүнүн башчысы Анарбек Касымович Исмаилов, Кыргыз РеспубликасынынЮстиция министринин биринчи орун басары Эркинбек Тобокелович Мамыров-дордун, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кол койгон 7-август2002-жылдагы ишеним каттардын негизинде аракеттенишкен Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү: Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри- Аскар Чынгызович Айтматов, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрининАппаратынын регионалдык проблемалар бөлүмүнүн башчысы - Саламат Күлен-бекович Аламановдордун катышуусу менен, Кыргыз Республикасынын Консти-туциясынын 82-статьясын, "Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотужөнүндө" Мыйзамдын 13-статьясын жана "Кыргыз Республикасынын конститу-циялык сот өндүрүшү жөнүндө" Мыйзамдын 11-статьясын жетекчиликке алып,ачык соттук жыйналышта "Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы жөнүндө Кыр-гыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Макулдашуу-ну ратификациялоо тууралуу" 10-апрель 1998-жылдагы жана "Кыргыз-кытаймамлекеттик чек арасы жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Рес-публикасынын ортосундагы Кошумча Макулдашууну ратификациялоо тууралуу"25-май 2002-жылдагы Мыйзамдарды Конституцияга ылайык эмес жана КыргызРеспубликасынын Конституциясынын 3-статьясынын 1-пунктуна, 59-статьясы-нын 1-пунктуна жана 65-статьясынын 6-пунктуна карама-каршы келет дептабуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруужыйынынын депутатары Б.Ж. Асанов, А. Абдимомунов, Б. Акунов, А.А. Бек-назаров, Б.С. Бекбоев, О.Д. Дуйшеев, И.И. Исаков, И.Д. Кадырбеков, А.К.Мадумаров, А.М. Масалиев жана А.П. Проненколордун сунуштарын карады. Судья П.Н. Дрыжактын баяндамасын, Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары А.А. Бекназаров, И.И.Исаков жана И.Д. Кадырбековдун Кыргыз Республикасынын Мыйзам чыгаруужыйынынын өкүлдөрү депутаттар А.Э. Эркебаев жана З.К. Курмановдун, Кыр-гыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Эл өкүлдөр жыйынынын өкүлү - де-путат К.Ш. Исаевдин, Кыргыз Республикасынын Президентинин өкүлдөрү К.Э.Осмонов, А.К. Исмаилов жана Э.Т. Мамыровдун, Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн өкүлдөрү А.Ч. Айтматов жана С.К. Аламановдун сөздөрүн угуп,иштин материалдарын изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституция-лык соту ТАПТЫ Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна 16-май 2002-жылы"Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы жөнүндө Кыргыз Республикасы мененКытай Эл Республикасынын ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо туура-луу" 10-апрель 1998-жылдагы Мыйзамды Конституцияга ылайык эмес жанаКыргыз Республикасынын Конституциясынын 3-статьясынын 1-пунктуна,59-статьясынын 1-пунктуна жана 65-статьясынын 6-пунктуна карама-каршыкелет деп табуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мый-зам чыгаруу жыйынынын депутаттары Б.Ж. Асанов, А. Абдимомунов, Б. Аку-нов, А.А. Бекназаров, Б.С. Бекбоев, О.Д. Дуйшеев, И.И. Исаков, И.Д. Ка-дырбеков, А.К. Мадумаров, А.М. Масалиев жана А.П. Проненконун сунушукелип түшкөн. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыныныношол эле депутаттарынан 10-июнь 2002-жылы "Кыргыз-кытай мамлекеттик чекарасы жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын орто-сундагы Кошумча Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" 25-май 2002-жыл-дагы Мыйзамды Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз РеспубликасынынКонституциясынын 3-статьясынын 1-пунктуна, 59-статьясынын 1-пунктунажана 65-статьясынын 6-пунктуна карама-каршы келет деп табуу жөнүндөэкинчи сунушу келип түшкөн. "Кыргыз Республикасынын конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө" Мый-замдын 22-статьясынын 5-бөлүгүнүн 7-пунктуна ылайык сунуштар ошол элежактардан келип жана дооматтары бири-бири менен байланыштуу болгондук-тан, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьяларынын 20-де-кабрь 2002-жылдагы аныктамасы менен алардын каралышы бир сот өндүрүшүнөбириктирилген. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынындепутаттары талаптарын негиздөөгө төмөндөгү жүйөөлөрдү келтиришет. Кыр-гыз Республикасынын Мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү 15-декабрь1990-жылдагы Декларациянын 9-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынынаймагын түзгөн чек ара кол тийгис жана анын макулдугусуз өзгөртүлүшүмүмкүн эмес. Бул жобо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик көз каранды-сыздыгы жөнүндө 31-август 1991-жылдагы Декларацияда чагылдырылган. Кы-тай 1991-жылы Кыргызстанды мурда ээлеген аймак чегинде көз карандысызмамлекет деп тааныган жана эч кандай дооматтарын билдирген эмес. КыргызРеспубликасынын 5-май 1993-жылдагы Конституциясынын 3-статьясы КыргызРеспубликасынын азыркы чек ара алкагындагы бүт аймагы кол тийгис жанабөлүнгүс экендигин бекемдеген. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны та-рабынан 26-декабрь 1997-жылы бир окуу менен, депутаттардын жалпы саны-нын көпчүлүк добушу менен "Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы жөнүндөКыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Макулда-шууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы кабыл алынган, Эл өкүлдөр жыйынытарабынан 17-март 1998-жылы жактырылган жана Кыргыз РеспубликасынынПрезиденти тарабынан 10-апрель 1998-жылы кол коюлган, Кыргыз Республи-касынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан 10-май2002-жылы "Кыргыз-Кытай мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү Кыргыз Респуб-ликасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Кошумча Макулдашуунуратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ошондой эле бирокуу менен жана жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынган, 17-май2002-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Эл өкүлдөр жыйынытарабынан жактырылган жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан25-май 2002-жылы кол коюлган. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттар тобу өздөрүнүн сунушунда Кыр-гыз Республикасынын Президенти кол койгон макулдашуулар менен ишжүзүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик азыркы чек арасы Кытайдынпайдасына өзгөрүлгөндүгүн жазышат. Кыргыз Республикасынын Конституция-сынын 59-статьясынын 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын чек ара-сын өзгөртүү жөнүндөгү мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин эки палатасында, ар бир палатанын депутаттарынын жалпы санынын ке-минде үчтөн экиден ашыгынын добушу менен кабыл алынат. Кыргыз Республи-касынын Конституциясынын 65-статьясынын 6-пункту чек араны өзгөртүүжөнүндөгү мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ар бир па-латасындагы депутаттардын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси жактап до-буш берсе, алар кеминде эки жолу окуудан кийин кабыл алынды деп эсепте-лэзрин белгилейт. Ушуга байланыштуу, депутаттар көрсөтүлгөн мыйзамдардыКонституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын3-статьясынын 1-пунктуна, 59-статьясынын 1-пунктуна жана 65-статьясынын6-пунктуна карама-каршы келет деп табууну сурашат. Соттук жыйналышта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзамчыгаруу жыйынынын депутаттары А.А. Бекназаров, И.И. Исаков жана И.Д.Кадырбеков өздөрүнүн талаптарын колдоп, аталган Мыйзамдар Кыргыз Рес-публикасынын Конституциясында каралган процедураларды бузуу менен кабылалынган деп эсептешип, сунуштарын канааттандырууну сурашат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынынөкүлдөрү-депутаттар А. Эркебаев жана З.К. Курманов көрсөтүлгөн Мыйзам-дар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 59-статьясынын 2-пунктундажана 65-статьясынын 5-пунктунда каралган процедураларды сактоо мененкабьш алынган деп эсептешип, сунуштарды канааттандыруусуз калтыруунусурашат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Эл өкүлдөр жыйынын өкүлүдепутат Исаев К.Ш. Кыргыз Республикасынын Мыйзам чыгаруу жыйынынөкүлдөрүн колдоп, сунуштарда көрсөтүлгөн жүйөөлөргө макул эместигинбилдирип, аларды канааттандыруусуз калтырууну сурайт. Кыргыз Республикасынын Президентинин өкүлдөрү К.Э. Осмонов, А.К.Исмаилов жана Э.Т. Мамыров депутаттар тобунун сунуштарын негизсиз депэсептешет жана аларды канааттандыруусуз калтырууну сурашат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү А.Ч. Айтматов менен С.К.Аламанов дагы сунуштарды негизсиз деп эсептешет жана депутаттардын та-лаптарын канааттандырбоону сурашат. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тараптардын жүйөөлөрүнталкуулап жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасы-нын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын сунуштарытөмөндөгү негиздер боюнча канааттандырылууга жатпайт деп эсептейт. Тараптар берген материалдарга караганда, Кыргыз РеспубликасынынПрезиденти "Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы жөнүндө Кыргыз Республи-касы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Макулдашууну ратифика-циялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Рес-публикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынына жана Эл өкүлдөржыйынына 9-июль 1997-жылы жиберген. Бул мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруужыйыны тарабынан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү менен 26-декабрь1997-жылы кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Элөкүлдөр жыйыны тарабынан 17-март 1998-жылы жактырылган жана Кыргыз Рес-публикасынын Президенти тарабынан 10-апрель 1998-жылы кол коюлган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынына "Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасыжөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагыКошумча Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынын долбоорун 3-май 2002-жылы жиберген, ал 10-май 2002-жылы Мый-зам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу ме-нен кабыл алынган, Жогорку Кењештин Эл өкүлдөр жыйыны тарабынан 17-май2002-жылы жактырылган жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан25-май 2002-жылы кол коюлган. Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Мыйзам чыгаруу жыйынынын жа-на Эл өкүлдөр жыйынынын ыйгарым укуктарынын чегин бөлүп, алардын жекечежана окшош ыйгарым укуктарын чектеп, Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин мыйзам чыгаруу ишин аларды Конституциянын өзүндө өзгөчө тар-тип аркылуу ишке ашыруусун аныктаган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин эки палатасына, КыргызРеспубликасынын Мыйзам чыгаруу жыйынына - Кыргыз Республикасынын Конс-титуциясынын 58-статьясынын 1-пунктунун 4-пунктчасы менен, ал эми Элөкүлдөр жыйынына ошол эле статьянын 2-пунктунун 5-пунктчасы менен Кыр-гыз Республикасынын чек арасын өзгөртүү боюнча өзгөчө маанилүү ыйгарымукуктары берилген, аларды Кыргыз Республикасынын чек арасын өзгөртүүжөнүндө мыйзамдар Жогорку Кењештин эки палатасы тарабынан кабыл алынатжана ар бир палатасындагы депутаттардын жалпы санынын кеминде үчтөнэкиси жактан добуш берсе, алар кеминде эки жолу окулгандан кийин кабылалынаарын караган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 59-статьясы-нын 1-пунктунун жана 65-статьясынын 6-пунктунун талаптарын так сактооменен гана ишке ашырууга укуктуу. Эки палатанын жогоруда аталган окшош ыйгарым укуктарынан айырмала-нып, эл аралык келишимдерди ратификациялоо жана денонсациялоо КыргызРеспубликасынын Конституциясынын 58-статьясынын 1-пунктунун 9-пунктча-сына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жы-йынынын ыйгарым укугуна берилген, ал эми бул ыйгарым укуктарды ишкеашыруу мындай мыйзамды Мыйзам чыгаруу жыйыны кабыл алып, кийин Элөкүлдөр жыйыны тарабынан жактырылыл жана эгер алар бул палатанын депу-таттарынын жалпы санынын жарымынан көбүнүн добушун алса жактырылды депэсептелерин белгилеген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын59-статьясынын 2-пунктунун жана 65-статьясынын 5-пунктунун талаптарынсактоо менен жүзөгө ашырылат. Соттук жыйналышта аныкталгандай "Кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара-сы жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосун-дагы Макулдашууну ратификациялоо тууралуу жана "Кыргыз-Кытай мамлекет-тик чек арасы жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасы-нын ортосундагы Кошумча Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзам-дардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине Кыргыз -Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык-мыйзам чыгаруугадемилге укугу бар конституциялык укуктун субъектилери - Кыргыз Респуб-ликасынын Президенти жана Өкмөтү тарабынан киргизилген. Мыйзамдардын аталышына алардын мазмунунун ылайык келээри күмөн ту-удурбайт жана аларды чек араны өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам деп чечмелөөгөнегиз жок. Аталган эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамдар-ды кабыл алуу тууралуу маселени чечүүдө Жогорку Кењештин Мыйзам чыгаруужыйынынын жана Эл өкүлдөр жыйынынын аракеттери Жогорку Кењештин ар бирпалатасына Кыргыз Республикасынын Конституциясы берген конституциялыкыйгарым укуктарынын чегинде болгондугун, Конституциялык сот аныктады. Депутаттар Б.Ж. Асанов, А. Абдимомунов, Б. Акунов, А.А. Бекназа-ров, Б.С. Бекбоев, О.Д. Дүйшеев, И.И. Исаков, И.Д. Кадырбеков, А.К. Ма-думаров, А.М. Масалиев жана А.П. Проненколордун Кыргыз РеспубликасынынКонституциясынын 65-статьясынын 6-пункту белгилеген Кыргыз Республика-сынын чек арасын өзгөртүү жөнүндөгү мыйзамдарды кабыл алуудагы тартип-тердин бузулгандыгын аныктоону талап кылган дооматтары орунсуз, себебиалар "Кыргыз-Кытай мамлекеттик чек арасы жөнүндө Кыргыз Республикасыменен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Макулдашууну ратификациялоотууралуу 10-апрель 1998-жылдагы жана "Кыргыз-Кытай мамлекеттик чек ара-сы жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосун-дагы Кошумча Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" 25-май 2002-жылдагыМыйзамдарды талкуулоо жана кабыл алуу тартибине колдонулушу мүмкүнэмес, анткени алардын демилгечилери - Кыргыз Республикасынын Президентижана Өкмөтү тарабынан Жогорку Кењештин палаталарына чек араны өзгөртүүжөнүндөгү маселе коюлган эмес жана тараптардын берген материалдарынакараганда, мындай демилгени мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте эч кимкөтөргөн эмес. Жогорудагылардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Конституци-ясынын 82-статьясынын 3-пунктун 1-пунктчасын, "Кыргыз РеспубликасынынКонституциялык соту жөнүндө" Мыйзамдын 13 жана 14-статьяларын, "КыргызРеспубликасынын конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө" Мыйзамдын 10, 11,13, 14, 24, 25, 29 жана 30-статьяларын жетекчиликке алып, Кыргыз Рес-публикасынын Конституциялык соту ЧЕЧТИ: 1. "Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы жөнүндө Кыргыз Республикасыменен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Макулдашууну ратификациялоотууралуу" 10-апрель 1998-жылдагы жана "Кыргыз-кытай мамлекеттик чекарасы жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын орто-сундагы Кошумча Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" 25-май 2002-жыл-дагы Мыйзамдарды Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз РеспубликасынынКонституциясынын 3-статьясынын 1-пунктуна, 59-статьясынын 1-пунктуна(Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-май 1993-жылдагы редакция-сында) жана 65-статьясынын 6-пунктуна карама-каршы келет деп табуужөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны-нын депутаттары Б.Ж. Асанов, А. Абдимомунов, Б. Акунов, А.А. Бекназа-ров, Б.С. Бекбоев, О.Д. Дүйшеев, И.И. Исаков, И.Д. Кадырбеков, А.К. Ма-думаров, А.М. Масалиев жана А.П. Проненколордун сунуштары канааттанды-рылуусуз калтырылсын. 2. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт. Бардык мамлекеттик органдар,кызмат адамдары жана граждандар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылуугатийиш. 3. Чечим "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору-на", "Кыргыз Туусу", "Слово Кыргызстана" жана "Эркин Тоо" гезиттеринежарыялансын. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Ч.Т. Баекова Кыргыэ Республикасынын Конституциялык сотунун Секретары А.С. Кененсариев