Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2000-жылдын 28-декабры N 761
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн АКШнын 10 миллион доллары өлчөмүндөгү экспорттук кредит төлөмү жөнүндө Финансылык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн АКШнын 10 миллион доллары өлчөмүндөгү экспорттук кредит төлөмү жөнүндө Финансылык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталары караган учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министри С.О.Медеров Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр К.Бакиев
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн АКШнын 10 миллион доллары өлчөмүндөгү экспорттук кредит төлөмү жөнүндө Финансылык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн АКШнын 10 миллион доллары өлчөмүндөгү экспорттук кредит төлөмү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосунда түзүлгөн Финансылык макулдашуу ратификациялансын.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Финансылык макулдашуунун ратификациялоо жөнүндө Пакистан Ислам Республикасына билдирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн АКШнын 10 млн. доллары өлчөмүндө экспорттук кредитин төлөө жөнүндө Финансылык Макулдашуу
Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасы башынан өткөрүп жаткан экономикалык кыйынчылыктарды эске алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын делегациясы Пакистанда болушунун жүрүшүндө жетишилген өз ара пайдалуу кызматташтыкты жана түшүнүүнү өнүктүрүүнүн зор мүмкүнчүлктөрүн көңүлгө алып, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
1-статья.
Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 1993-жылдын 27-майындагы Кредиттик Макулдашуу боюнча 22.12.1994-жылдагы, 13.02.1997-жылдагы жана 31.03.1998-жылдагы пролонгациялоо жөнүндө Ноталарды эске алып 2000-жылдын 30-июнуна карата мөөнөтү өтүп кеткен проценттерди жана штрафтарды кошуп алганда төлөнүүгө тийиш болгон жалпы сумма АКШнын 11068783,27 долларын түзөтургандыгына макулдашты, анын ичинде:
Негизги сумма - АКШнын 9994144,14 доллары
Проценттер - АКШнын 709580,77 доллары
Штрафтар - АКШнын 365058,36 доллары
2-статья.
А) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 30.06.2000-жылы эсептелген АКШнын 994144,14 доллары өлчөмүндө негизги сумманы жана АКШнын 1074639,13 доллары өлчөмүндө мөөнөтү өтүп кеткен проценттер менен тийиштүү штрафтарды төмөндөгүдөй график боюнча төлөп берүүнү жүргүзүүгө милдеттенет:
31.08.2000-ж. - АКШнын 709580,77 доллары
20.09.2000-ж. - АКШнын 679601,25 доллары
20.10.2000-ж. - АКШнын 679601,25 доллары
Б) Жогоруда көрсөтүлгөн суммалар 1.07.2000-жылдан тартып чыныгы төлөп берген күнгө чейин жылына 6% өлчөмүндө штрафтык проценттер эсептелет.
3-статья.
АКШнын 9000000 доллары өлчөмүндөгү кредиттин калган суммасы графикте көрсөтүлгөндөй (Тиркемени кара) 31.12.2000-жылдан 31.12.2006-жылдын аягына чейин он үч бөлүк менен 6 жылдын ичинде төлөнүп берилет.
4-статья.
Реструктурлаштырылган карызга проценттик ставка төмөндөгүдөй болот:
А) Проценттик ставка - АКШнын доллары үчүн 6 айлык LIBOR + 1.5% ар бир жылдын 30-июнунда, 31-декабрында төлөнөт. Мөөнөтү өтүп кеткен проценттер боюнча алгачкы төлөө 31.12.2000-жылы жүргүзүлөт. Өз убагында төлөнгөн учурда 0,5% жеңилдик каралат. Ар жылы 29-июнга жана 30-декабрга белгиленген АКШнын доллары үчүн 6 айлык LIBOR ставкасы колдонулат.
Б) Штрафтык проценттtр - АКШнын доллары үчүн 6 айлык LIBOR + 3% өлчөмүндө мөөнөтү өтүп кеткен негизги суммага жана тийиштүү төлөө жүргүзүлүп бүткөнгө чейин проценттер эсептелет.
В) Проценттер жылына 360 күн, айына 30 күн эсебинен эсептелет.
5-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкына негизги сумманы жана проценттерди төлөө күнүндө Нью-Йорктун Федералдык Резервдик Банкына Пакистандын Мамлекеттик Банкынын счетуна анын берген кабары боюнча жана Пакистан Өкмөтүнүн Экономикалык Мамилелердин Департаментине төлөөнү жүргүзүүгө полномочие берет, мындай учурда бул төлөөлөр жабылган катары каралат.
6-статья.
Жыл сайын 15-январга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы жана Пакистандын Мамлекеттик Банкы алдыдагы жылдын 1-январындагы абал боюнча төлөнүүгө тийиш болгон төлөөлөрдүн жана калдыктардын суммаларын салыштырып териштиришет.
7-статья.
Карызгор Кыргыз Республикасында салыктык азайтууларсыз ушул Макулдашууга ылайык бардык төлөөлөрдү жүргүзөт.
8-статья.
Карызгор Пакистандан тышкары ушул Макулдашуунун түзүлүшүнө жана аткарылышына байланыштуу бардык салыктарды жана башка мамлекеттик чыгымдарды өзүнө алат.
9-статья.
Карызгор бул Макулдашуу боюнча ар кандай укуктарга полномочие берүүгө же өткөрүп берүүгө же күрөгө салууга же болбосо кредиттөөгө тийиш эмес.
10-статья.
Ушул Макулдашуу боюнча келип чыгып, Тараптардын ортосунда чечилиши мүмкүн болбогон бардык пикир келишпестиктер Пакистан Ислам Республикасынын мыйзамдары боюнча арбитраждык сот тарабынан каралат.
Ушул Финансылык Макулдашуу менен 1993-жылы 27-майда эки Өкмөттүн ортосунда кол коюлган Макулдашуунун шарттары алмаштырылат.
Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Төлөөнүн графиги
31.12.2000 АКШнын 100000 доллары
30.06.2001 АКШнын 500000 доллары
31.12.2001 АКШнын 500000 доллары
30.06.2002 АКШнын 500000 доллары
31.12.2002 АКШнын 821700 доллары
30.06.2003 АКШнын 821700 доллары
31.12.2003 АКШнын 821700 доллары
30.06.2004 АКШнын 821700 доллары
31.12.2004 АКШнын 821700 доллары
30.06.2005 АКШнын 821700 доллары
31.12.2005 АКШнын 821700 доллары
30.06.2006 АКШнын 821700 доллары
31.12.2006 АКШнын 826400 доллары
Бардыгы АКШнын 9000000 доллары